Даарат алуу жана гусул алуу тартиби! - 771132641881

Даарат алуу жана гусул алуу тартиби!

1. Даарат таза суу менен гана алынат. Таза суу деп өзүнүн суулук табияты (түсү, жыты, даамы) өзгөрбөгөн сууга айтылат. өтө муздак жана өтө ысык суу менен даарат алуу — макүрөө.
Эскертүүлөр: Даарат маалында сүйлөө макүрөө. • Суу аз болсо, ага нажас аралашуусу менен нажаска айланат. Ал эми суу 210 литрден ашык болсо, анда үч касиетинен бирин өзгөртсө гана нажас болот.
2. Даарат «Бисмиллахир Рахманир Рахиймды» айтуу менен башталат. Ар бир дааратта алаканды үстү менен жуу мустахаб (жакшы амал). Бул уйкудан турган адам үчүн зарыл.
670px-Perform-Wudu-Step-2 - Даарат алуу тартиби
Эскертүүлөр: «Бисмиллахты» унутса даараты эсеп.
Эсине келгенде айтат. Кайрадан даарат албайт. • Бардык мүчөлөрдү үчтөн ашык жуу макүрөө (суу ысырап болгону үчүн. Бирок, зарылдык болсо макүрөө эмес)
670px-Perform-Wudu-Step-3 - Даарат алуу тартиби
3. Кийин оозун бир ирет чайкайт. Мында сууну ооз ичинде айлантуу зарыл. Үч ирет чайкоо мустахаб. Оозду чайкаганда сууну (тишке тыгылган нерселерди чыгаргыдай даражада) катуу козгош керек. Ал эми, мурунга суу алганда, тээ дем алган түтүккө чейин суу жетиши керек.
670px-Perform-Wudu-Step-4 - Даарат алуу тартиби
4. Андан кийин бир ирет мурун чайкалат. Мында сууну дем менен тээ каңылжарга жеткире тартылышы керек. Муну үч ирет кайталоо мустахаб.
Мурунду чайкоо ушул тартип менен жасалганда гана туура болот
• Он, кол менен суу алып, сол кол менен чимкирүү мустахаб
• Орозо эмес адам оозу-мурдун абдан чайкашы мустахаб.
Даарат намаз - Даарат алуу тартиби5. Кийин жүздү жууйт. Жүздүн майданы, узунунан: чач чыккан жердей ээктин астына чейин, туурасынан: эки кулактын аралыгы.
• Эгер сакал суюк болсо денеге суу тийиши учун “тахлил” кылуу (бармак менен аралатуу) — важып, эгер коюу болсо — мустахаб.
• Ооз-мурунду чайкоо жүздү жуудан мурун болушу мустахаб.
• Көздүн ичин жууш макүрөө.
670px-Perform-Wudu-Step-6 - Даарат алуу тартиби
6. Кийин эки колду бармак учтарынан баштап чыканактан өткөрө жуулат.
• Даараттын башында эки алаканды үстү менен жуу мустахаб болсо, бул жерде важып. • Бармактарды бири-бирине айкалыштырып арасын тахлил кылуу мустахаб. • Он колду сол колдон мурун жуу жана сүртүү мустахаб.
670px-Perform-Wudu-Step-7 - Даарат алуу тартиби
7.Кийин башына маасы тартат. Маңдайдын үстүнөн баштап кежигеге чейин. Кийин эки колду кежигеден кайра алды тарапка кайтарат. Маасы тартканда баштын толук тазаланышына көңүл буруу зарыл.
670px-Perform-Wudu-Step-8 - Даарат алуу тартиби
Кийин сөөмөйү менен кулак ичин, баш бармагы менен кулак сыртын сүртүп, тазалайт.
• Чач узун болсо, ташталган бөлүгүнө маасы тартуу важып эмес. • Баштын чач чыкпаган жери (мандай тарабы) жүздөн эсептелет. Ошентсе да, маасы тартканда кошо сыланат • Чач менен кулак аралыгы (кулак үстү) калып калбашы керек. • Бирден көп маасы тартуу макүрөө • Маасынын ордуна башты жуу макүрөө.
670px-Perform-Wudu-Step-9 - Даарат алуу тартиби
8. Андан кийин эки бут кызыл ашыкты кошуп жуулат. Оболу он, андан кийин сол бутту жуу жана бармак араларын тахлил кылуу мустахаб.
Эскертүүлөр:
• Жуулган мүчө кургап калгыча кезектеги мүчөнү жууш керек. * Даараттан кийин мүчөлөрдү аарчуу мубах. Бирок, аарчыбай кургаткан абзел. • Сууга шомкуп чыгуу даарат болуп эсептелбейт, эгер сууга шомкуунун алдынан дааратка ниет кылса да.
• Даараттан кийин мына бул дубаны окуу сүннөт: “Ашхаду аала илааха иллаллаху вахдаху лаа шарийка лаху, ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулух”
• Даараттан кийин эки ирекет намаз окуу сүннөт.
#############################
Ислам дини » Гусул-хайз-даарат-намаз » Гусул » Сүннөткө ылайык гусул алуу
Сүннөткө ылайык гусул алуу
Категория: Гусул-хайз-даарат-намаз » Гусул
Суроо: Сүннөткө ылайык гусул кантип алынат?
ЖООП
Гусул алуу өтө оңой. Оозду жана мурунду суу менен жууп деңиз же көлгө кирип чыккан, душта денесин толук суулаган адам гусул алган болот. Алгач даарат алып, анан дене толугу менен жуулса сүннөткө ылайык гусул алынган болот. Гусул алуу үчүн ниет Ханафи мазхабында сүннөт, башка мазхабдарда болсо фарз. Гусул алып жатканда ниетти унутуп койгон адамдын дагы гусулу өтөт.
Гусул алып жатканда "бисмиллах" окулат. Жада калса, калима-и шахадатты дагы окуса жакшы болот. Сүннөткө ылайык гусул алуу үчүн алгач таза болсо дагы эки колду жана аврат жерлерди жууш керек. Анан денесинде нажасат бар болсо аны тазалап жууп, анан гусулга ниет кылып толук даарат алуу керек. Андан соң денеге баштан аяк үч жолу суу төгүү керек. Алгач үч жолу башка, анан үч жолу оң ийинге, анан үч жолу сол ийинге суу төгүлөт. Сууну ар төккөн сайын ошол жак толук сууланууга тийиш. Биринчи төккөндө жышуу керек. Гусулда бир мүчөгө төгүлгөн сууну башка мүчөлөргө агызуу жаиз болуп, ал жерлер да тазаланган болот. Анткени, гусулда бүткүл дене бир мүчө болуп саналат. Даарат алып жатканда бир мүчөгө төгүлгөн суу менен башка мүчө сууланса ал мүчө жуулган болуп эсептелбейт. Гусул бүткөндө кайрадан даарат алуу - макрух. Гусул алып жатканда даарат бузулса гусулга зыяны жок. Бирок, намаз окуу үчүн жаңыдан даарат алыш керек болот.
Гусул алып жатканда самын менен денесин жышып жуу жакшы эмес. Кирден тазалануу ишин гусулдан кийин же мурда кылуу керек. Эки иштин бир эле убакытта кылынуусу ылайык эмес. Гусулда ашыкча суу колдонулган болуп, макрух болот. Маликиде болсо мувалатка (тыным албай жууганга) тоскоол болсо гусул өтпөйт.
Мончого киргенде алгач гусул алынат. Анан кирден тазалануу үчүн жуунат. Кирден тазалануу үчүн жуунуп жатканда керегинчелик көп суу колдонууга болот.
Гусул алып жатканда намаз дааратын буза турган жагдайлар болуп калса (мисалы; кан чыкса, жел, заара чыкса ж.б.) гусул калган жерден улантыла берет. Дааратты буза турган нерсе гусулду бузбайт. Бир гана бул даарат менен намаз окулбайт, кийин намазга даарат алууга тийиш.
Жунуп кезде аврат жерлерди жана колтукту кыруу, чач, тырмак алуу - макрух. Хайз кезде булар макрух эмес. Ошондуктан, жунуп кезде гусулдан мурда буларды кылбаш керек. Же гусулдан кийин, же башка убакытта кылуу керек.
Гусул жана ысырап
Суроо: Дааратта жана гусулда керегинен ашыкча суу колдонуу ысырап болобу?
ЖООП
Ооба. Бир гана гусулдан мурда же кийин кирден тазалануу үчүн жуунууга болот.
Васваса (күмөндөнүү)
Суроо: Васвасалуу адаммын. Кылдаттык менен даарат-гусул алганыма карабастан суу тийбеген жерим калган болсо же сажда-и сахв кылынуусу керек болгон жерде унутуп койгон болсом, ушуга окшош башка нерселерди да унутуп калган болсом, орозо кармап, бирок, унутуп жеп-ичип койгон болсом, унутуп намаздын убагын кечиктирип койгон болсом, кийин эстебегеним үчүн казасын окубаган болсом акыретте абалым кандай болот?
ЖООП
Динибизде унутуу үзүр болуп саналат. Унутуп жеп-ичүү орозону бузбайт, казасын кармоонун да кереги жок. Унутуп намазды казага калтыруу да күнөө эмес.
Дааратта, гусулда суу тийбеген жер калган болсо билбегенибиз үчүн күнөө болбойт. "Суу тийбеген жер калып кеттиби" деп кайра-кайра жууштун кереги жок. Булар васваса болуп саналат, васваса болсо күнөө.
Гусул алып жатканда сүйлөшүү
Суроо: Гусул алып жатканда сүйлөшсө эмне болот?
ЖООП
Гусул алып жатканда сүйлөшпөө - сүннөт. Муктаждык болбосо сүйлөшпөө керек.
Башка жерде алуу
Суроо: С.Эбедиййе китебинде: "Гусул алып бүткөндөн кийин кайра даарат алуу макрух. Даарат бузулбаса башка жерде алуу жаиз”, – деп айтылууда. Башка жерде алуу дегенди кандай түшүнсө болот?
ЖООП
Гусул алган жерде эмес, башка жердеги жууна турчу жерде (умывальникте) даарат алуу дегенди билдирет. Эгер ушундай болсо макрух болбойт.
Гусулдан кийин буттарды жуу
Суроо: Гусулдан кийин буттарды кайра жууш керекпи?
ЖООП
Эгер буттардын астында суу чогулса чыгып баратып буттарды кайра жууш керек. Суу чогулбаса кайра жуулбайт.
Маликини таклид кылып гусул алганда
Суроо: Малики мазхабын таклид кылган эркек адам гусул алып жатканда алгач аврат жерлерин жууса, кийин аврат жерине колу эч тийбеген болсо даарат алып гусул алгандан кийин бул гусул даараты менен намаз окуса болобу?
ЖООП
Окуса болот. Гусул алып жатканда кол алдыңкы аврат мүчөгө даараттан кийин тийбесе даарат бузулбайт. Аврат жерлерине тийүү гусулга ансыз деле зыян кылбайт. Тактап айтканда кол тийген болсо да гусул улантылат. Кийин намаз окуу үчүн бир гана намаз дааратын алуу жетиштүү. Аялдарда болсо кол аврат жерлерге тийсе да даарат бузулбайт.

Комментарии

  • 20 фев 2021 19:18
  • 20 фев 2021 19:18
  • 21 янв 2022 10:10
  • 2 июл 2022 21:53
  • 24 ноя 2022 21:04
    Ваа у меня слов нет дааратты жонокой суу менен эле аласыз андан кийин жууна берсениз болот каалаганынызча намаз окуп бутткондон кийин
  • 16 янв 2023 08:02
    Фотография
  • 16 янв 2023 08:12
    оозго гаргара 3 жолу ,анан мурунга суу алуу 3 жолу анан денеге он тараптан баштап 3 жолудан суу жургузуу .аягында суу колчоктоп калчуу жерде турсан бираз жылып бутту озунчо отдельный дагы чайкоо....эгер суу агып кетчуу жерде турсан бутту ошол денени чайкагандале кошо чайкап чыгып кететберсен болот ....бул парз болгон туру ....парз дегенде милдеттуу турдо аткарчу амал...амал деген аткарылчуу иш...эгерде суннотун кошо аткарам десен тиги суроттогудой ирээти менен алуу керек ...анан гусул дуасын чайканаарда мурда же чайканып жатканда деле тазалануу ниети менен созсуз айтып жургуло ..дуанын кучу ташты жарчуудай кучтуу болот...дуаны жаттап калгычанар окуп коюп жургуло акыры жатталат .....ишене бергиле....билгеним 19 билбегеним 89 демекчи аныгын билуучу жалгыз гана Аллах.
  • 22 мар 2023 18:17
    d7969e0315
  • Комментарий удалён.
  • Комментарий удалён.
  • Комментарий удалён.