АКЫТАЙДЫ САГЫНДЫМ

Куса деген эзилтип жүрөгүмдү,
Уйкум алып уйпалайт бүт дүйнөмдү.
Уулум түшүп эсиме оодарылам,
Эрин тиштеп, кубарта гүл өңүмдү.
Таң да атпай кунарсыз булут чалып,
Көчө жымжырт, а ичим уйгу-туйгу.
Жаздыгыма сарыккан көз жаштарым,
Жаратканым а балким сезип, туйду.
Ооруп турат жүрөгүм, ооруп турат,
Үйгө кирсем уулумдун жыты урат.
Оо жараткан, күч бергин, колдой көргүн,
Кетпесекен көкүрөктөн үмүт урап.
Адатымча "шырп" этсе карайм жолду,
Уулумбу деп үмүттө, буруп ойду.
Жол караңгы, а бирок бара жатам,
Уулум кирип келчүдөй сунуп колду.
Акыл, оюм таймашып өтөт күндөр,
Кулагыма жаңырып түркүн үндөр.
Тушалгандай сааттын жебеси да,
Эрмектөөдө бир энени айсыз түндөр.
Кундузбү Маматова
Куку
Акытайым арыктап кетиптир, садага болоюнум, ай, алтын башың, асыл жаның Кудайга аманат. Аман эсен чыгып келсең экен.
Өмүрүң узун, бактың тоодой, келечегиң кең болсун.
Колумдан эч нерсе келбей жатат... уулум..!

Комментарии

Комментариев нет.