***

Эсебимден жаңыбасам экен деп,
Күн датасын жаздым койбой караймын.
Мүнөттөрүм кечигүүдө коюп чеп,
Чаңы чыкса көкүрөктө санаанын.
Күн желесин көргөнүмө кубанып,
Дем аламын кучак жайып асманга.
Төлгө менен жараткандан суранып,
Тилегимди айтам аткан ак таңга.
Эңшерилген бар дүнүйөм уланып,
Уулум кийген ак күрмөнү жыттадым.
Жыты кетип калбасын деп жуулбаган,
Балам жаткан ак жаздыкка ыктадым.
Эшикте жаз, бак-даракка жан кирип,
Кадимкидей жашоо барат уланып.
Биздин үйгө сен келгенде жаз болоор,
Бакчаң гүлдөп, ата-энең кубанып..
Апакең
Кундузбү Маматова
Куку
26.03.2024.

Комментарии

Комментариев нет.