Аскадагы алмаз таштай чагылып, Бул махабат кайдан келди агылып? Демин басам алданбоого сезимдин, А жүрөгүм, башын ийбейт, чамынып. Чагылгандын учкунундай жалгыз от, Көзөп өттү калканчасын жүрөктүн. Таамай атып жаа-жебесин көтөргөн, Бул мергенчи табышмагы чүрөктүн. Эки бетим албаргандан кызарат, Тил күрмөлбөй, чайналат да уялат. Табы күчтүү махабатка бет келүү, Кандай кыйын? Ким беттешип туралат? Бороон-туман ээлеп аруу дүйнөмдү, Этек-жеңин делбектетти күрмөмдү. Тээ абалтадан байкабасам сүйүүнү, Эми сизден үйрөнөмүн сүйгөндү! Кундузбү Маматова Куку 27.03.2024. #көйгөйдөнбиразалаксуу#
КУНДУЗ АЛИМБЕКОВНАНЫН ЫР ЖЫЙНАГЫ...
:Кундузбү Куку Маматова
ЭМИ СИЗДЕН ҮЙРӨНӨМҮН СҮЙГӨНДҮ
Аскадагы алмаз таштай чагылып,
Бул махабат кайдан келди агылып?
Демин басам алданбоого сезимдин,
А жүрөгүм, башын ийбейт, чамынып.
Чагылгандын учкунундай жалгыз от,
Көзөп өттү калканчасын жүрөктүн.
Таамай атып жаа-жебесин көтөргөн,
Бул мергенчи табышмагы чүрөктүн.
Эки бетим албаргандан кызарат,
Тил күрмөлбөй, чайналат да уялат.
Табы күчтүү махабатка бет келүү,
Кандай кыйын? Ким беттешип туралат?
Бороон-туман ээлеп аруу дүйнөмдү,
Этек-жеңин делбектетти күрмөмдү.
Тээ абалтадан байкабасам сүйүүнү,
Эми сизден үйрөнөмүн сүйгөндү!
Кундузбү Маматова
Куку
27.03.2024.
#көйгөйдөнбиразалаксуу#