ЧАҢ БАСКАН КИТЕП

Чаң баскан китеп, саргайган барак,
Жазылды балким миң түркүн санат.
Чабышкан кылыч учкуну менен,
Ичинде түтөп, ичинде жанат.
Кылымдар бою тарыхты сактап,
Кимиси кандай? Аныктап, тактап.
Жалгандар башын ийдирсе дагы,
Саргая жашайт чындыкты жактап.
Жукарып барат алсырап күндө,
Мезгилдер менен айланып күлгө.
Миң жылга чейин а балким жашайт,
Бакчада өскөн окшошуп гүлгө.
Чаң баскан китеп, жукарган барак,
Тизилип туруу кандай бир азап.
Окурман келип тапсакен сени,
Ошондо болот башыңа азат.
Чаң баскан китеп, саргайган барак,
Окулбай турса көйгөй да, азап.
Кундузбү Маматова
Куку
5-апрель

Комментарии

Комментариев нет.