ЖАЗДЫН КҮНКҮ БИР ЭРГҮҮ

Күндүн нуру төгүлөт, нур төгүлөт,
Жебесинен сыйкырдуу сыр бөлүнөт.
Жан бүткөндүн баарысы ойгонушуп,
Тирүүлүктүн түйшүгүнө бир чөмүлөт.
Бак-дарактар бой керип шыбырашат,
Курт-кумурска жем ташып кыбырашат.
Эркин учкан куштар да ары-бери,
Чапкылашып канаттарын шуулдашат.
Адамдарчы?
Көйгөй менен укташып, ойгонушат,
Табылгынын бурамындай толгонушат.
Топук кылып, кылбай да бар оокатка,
Тоодой жүктү көтөрүп, ойлонушат.
Бирөө шашат жумушка чуркап-чуркап,
Бирөө ыйлайт азаптан кайгы ууртап.
А башкасы актык деп үн чыгарса,
Экинчиси мылжыят бакыт уурдап.
Пейил тарып барабы, пейил тарып?
Сезбедик ээ дүйнөбүз чачса жарык.
Манчыркоодон көз кырын салса бирөө,
Жекирүүдө заматта болот карып.
Өзүмчүлдүк алдыбы барын ээлеп?
Чындыкты көөмп ороого, өзү тейлеп.
Таразасы кудайдын тең салмакта,
Оош-кыйышын берет да, коёт теңдеп.
Мелтирөөдөн дүйнө да тиктеп турат,
Чайкай албай күнөөнү ичтен тунат.
Жарк-журк этип сүзүшөт булуттар да,
Жаракасы асманга коюп тузак.
Жаздын күнү эргүүлөр эргитишет,
Жаш баладай жаш төгүп сергитишет.
Кундузбү Маматова
Куку
09.04.2024.

Комментарии

Комментариев нет.