***

Алып учкан жүрөгүм дүк-дүк согуп,
Көз карыгып жол карайт бугум толуп.
Көңүлүмдүн талаасы миң бөлүнүп,
Алапайын табалбай турат ооруп.
Эбелектей акыл, эс чачылууда,
Түйшүгү күч кусалык сапырууда.
Кандай болот эртең деп түн күзөткөн,
Саман санаа жөн койбой ашыгууда.
Маңдайыма сыноолор жазылууда,
Кеп-сөзүмдүн маңызы казылууда.
Алаксысам дегеле моюн бербей,
Бардык оюм уулума шашылууда.
Кыял күлүк, ой күлүк жеткирбеди,
Саат жылат, бирок бүгүн кеч кирбеди.
Ак жолунан тосоюн оо жараткан,
Таң эртеңден уулума жеткир мени.
Ак жүзүнөн өбөйүн, бек кучактап,
Оо жараткан, уулума жеткир мени.
Кундузбү Маматова
Куку
09.04.2024.

Комментарии

Комментариев нет.