ӨЗҮҢ КЕЛ

Баратам ийри жолдо ойго батып,
Санаалар ээрчип алган оролошуп.
Күбүлгөн көңүлүмдүн тигиштерин,
Тепчиймин кирпик менен жашым катып.
Сөгүлүп кетпесин деп кабыргалар,
Белиме белбоо тагам катар-катар.
Кайрылып келбейм уулум үйдөн күтөм,
Сен өзүң келип калгын тартып сапар.
Сизонун эшигине төрт ай каттап,
Колума эмне тийсе бекем сактап.
Кудайдан тилеп келем бошошуңду,
Арышым аттаганда атың жаттап.
Бул сапар эң акыркы каттоом болсун,
Жаркылдап өзүң үйгө кирип келгин.
Алсырап жол караган апакеңди,
Кучактап, беттен сүйүп кубат бергин.
Баратам артка карап, оюм бүтпөй,
Ичимде жалын өртүм быкшып түтөй.
"Келгилик кылбасынчы ушул жерге",
Дедим да арыш кердим колду шилтей.
Ырымдап, болбогондой эч бир нерсе,
Шашылдым алтын уя турагыма.
Дасмалым жууп тазалап даярдайын,
Актилек келсе кысам кучагыма.
Апакең
Кундузбү Маматова
Куку
20.04.24.

Комментарии

Комментариев нет.