ОЙЛОР

Күн көрүнбөйт көз жазгантып уялтчу,
Булут жылат сапар улап тынымсыз.
Мага жашоо токтоп калган сыяктуу,
Ак баракка төгүп жазчу ырымсыз.
Узун сапар… жол түгөнө көрбөгүн,
Мен жолоочу терип келем ырыскы.
Сапарлаштан адаштырып бөлбөгүн,
Бапестейин кудай берген ырысты.
Түрдүү түмөн адамдарга жанашып
Автобуста ойго батып баратам,
Айрымдары көзүн салса карашып,
Аяр болуп аяр ырды жаратам.
Аялдама..., чыгат-түшөт сапарлаш,
Жол сапары өмүр сапар билгенге.
Өмүр, өлүм үзөңгүлөш, катарлаш,
Аялдама алыс өмүр сүргөнгө.
Күн көрүнбөйт көз жазгантып уялтчу,
Булут жылат сапар улап тынымсыз.
Мага жашоо токтоп калган сыяктуу.
Ак баракка төгүп жазчу ырымсыз.
Кундузбү Маматова
Куку
24.04.24.

Комментарии

Комментариев нет.