САНАРИП ЖАШОО

Телефондон номур терилет...
-Саламатсызбы, бул “Жаңыбайдын самсасыбы”?
-Жок, байке. Бул “Google самса”.
-Кечиресиз, туура эмес терип алганмын го.
-Жок, туура эле, болгону Google компаниясы Жаңыбайдын самсаканасын сатып алды.
-А жакшы, анда самса берип жибересиңерби?
-Жарайт, ар дайымкыдай элеби?
-“Ар дайымкыдай” дегени кандай, менин эмне жегендигимди кайдан билесиңер?
-Биздеги маалыматка ылайык, сиз акыркы 15 жолу 2 даана кой этинен самса алган экенсиз, ар дайым пиязы жок жана ачуу эмесин алыптырсыз.
-Ммм...ооба. Азыр деле ушуну айтайын деп жатканмын.
-Мунусунда сизге картөшкө самса сунуштасам болобу?
-Жок, мен картөшкөнү жактырбайм.
-Бирок сиздин каныңызда холестирин көп болуп жатпайбы.
-Кайдан билесиңер?
-Бизде сиздин акыркы 7 жыл ичиндеги каныңыздын анализ жыйынтыктары бар.
-Балким ошондойдур, бирок мен картөшкө самсаңарды жебеймин. Ансыз деле холестиринге каршы дары ичип жатам.
- 4 ай мурун сиз үйүңүздүн тушундагы дарыканадан 30 гана даанадан турган дары алгансыз.Аны дагы деле ичип бүтүрө элексиз.
-Мен башка да дарыканадан алганмын.
-Бирок кредиттик картаңызда бул маалымат жок экен, байке.
-Мен накталай төлөгөнмүн.
-Бирок банк эсебиңиздеги маалыматка ылайык сиз накталай акча чечкен эмессиз.
-Менин башка да каржы булагым бар.
-Бирок сиздин салык декларацияңызда бул көрсөтүлгөн эмес.
-Жетет болду, тажаттыңар! Самсаңардын кереги жок. Google, Facebook, Twitter,WhatsApp, Телеграммыңардан тажадым. Интернети жок, телефон тартпаган, артымдан эч ким аңдыбаган аралга учуп кетем.
-Сизди түшүнүп жатам, байке. Бирок ал үчүн сиз паспортуңузду жаңылашыңыз керек. Анын мөөнөтү 5 жума мурун эле өтүп кеткен.
Которуп,даярдаган: Нуриет Абдулазиз

САНАРИП ЖАШОО - 890663874721

Комментарии

Комментариев нет.