Акчасы барлар убагында арзан кезде алып койбой, эми өкүнүп отурушат.
Себеби убагында 700 $ дан сатылган бул комната 2025–жылы 30 миң доллардан сатылууда. Негизи кудай акчаны билбеске берет, а билгендерди акча бербей кууратат деген чын экен да. Аянты 18-19 метр квадрат келген бул үйлөр арзан кезде студент элек 700 доллар түгүл 7 сомду эптеп тапкан. Бирок үйлөрдүн баасын өсөөрүн билген менен алып коё албадым. А акчасы барлар алып коюуну да билбеди. Баса сүрөттөгү 5 кабаттуу үйдүн капталы ана кулайт, мына кулайт деп талкуулап келе жатышат тээ 2000-жылдан бери. Бирок ошону айткан кишилердин көбү бул дүйнө менен кош айтышып кетти. А дубал турат кебелбей. Бирок чирип баратат. Бул дубалдар 2 катар кызыл кирпичтен курулган, кышта жылуу келет. Орто Сай базарына жакын болгондуктан көбүнчө базарда иштегендер ижаралап жашагандыктан үйдүн абалы кескин начарлаган. Анткени базарда иштеген адам акча деп жүрүп жашаган үйүнүн абалына да карабайт тура. Акча тапса болду да. Анын үстүнө мурун канализация түтүктөрүн убагында карап алмаштырбаган тиешелүү тарап да күнөөлүү.
Махабат💍сүйүү💗өмүр🇰🇬
Акчасы барлар убагында арзан кезде алып койбой, эми өкүнүп отурушат.
Себеби убагында 700 $ дан сатылган бул комната 2025–жылы 30 миң доллардан сатылууда.
Негизи кудай акчаны билбеске берет, а билгендерди акча бербей кууратат деген чын экен да. Аянты 18-19 метр квадрат келген бул үйлөр арзан кезде студент элек 700 доллар түгүл 7 сомду эптеп тапкан. Бирок үйлөрдүн баасын өсөөрүн билген менен алып коё албадым. А акчасы барлар алып коюуну да билбеди.
Баса сүрөттөгү 5 кабаттуу үйдүн капталы ана кулайт, мына кулайт деп талкуулап келе жатышат тээ 2000-жылдан бери. Бирок ошону айткан кишилердин көбү бул дүйнө менен кош айтышып кетти. А дубал турат кебелбей. Бирок чирип баратат. Бул дубалдар 2 катар кызыл кирпичтен курулган, кышта жылуу келет.
Орто Сай базарына жакын болгондуктан көбүнчө базарда иштегендер ижаралап жашагандыктан үйдүн абалы кескин начарлаган. Анткени базарда иштеген адам акча деп жүрүп жашаган үйүнүн абалына да карабайт тура. Акча тапса болду да.
Анын үстүнө мурун канализация түтүктөрүн убагында карап алмаштырбаган тиешелүү тарап да күнөөлүү.