~КУРАНДА АТЫ АТАЛГАН  "25" ПАЙГАМБАР ~
 - 813389606486

~КУРАНДА АТЫ АТАЛГАН "25" ПАЙГАМБАР ~

✏1. Адам (Ага Аллахтын саламы болсун). Ал
баардык адамдардын атасы жана биринчи
пайгамбар. Аны Аллах Таала топурактан
жаратып, Өз Рухунан үйлөп жан киргизди. Ага
баардык нерсенин атын үйрөттү жана
периштелерди ага сежде кылдырды. Аллах
Таала бул туурасында Куранда минтип айткан:
«Роббуң периштелерге: «Мен жер бетине
халифа – орун басар жаратууну каалаймын»
дегенде, периштелер айтышты: «Сен ал жерде
кан төгүп, бузукулуктарды жасай тургандарды
жаратасыңбы?! Өзүбүз Сени даңазалап,
аруулап (сыйынып) жүрсөк?» Аллах: «Мен
силер билбеген нерселерди билемин» - деди.
Жана (Аллах) Адамга баардык нерселердин
ысымдарын үйрөттү дагы, аларды
периштелерге көрсөтүп, «Эгер чынчыл
болсоңор, ушул нерселердин ысымдарын Мага
айтып бергиле» -деди. (Периштелер) Айтты:
«(Оо, Рабби! Сен баардык кемчиликтен) Аруу-
Тазасың! Бизде илим жок. Болгону, Өзүң
үйрөткөн нерселерди гана билебиз. Ал эми,
Сен болсо, Билүүчү, Даанышмансың. Аллах:
«Оо, Адам, аларга (Мен үйрөткөн)
нерселердин ысымдарын айт» - деди. (Адам)
аларга нерселердин ысымдарын айтып берген
соң, (Аллах) айтты: «Силерге «Мен жер жана
асмандардагы (силер билбеген) кайыпты
билемин жана силер ашкере кылган нерсени
да, ичиңерге жашырган нерсени да билемин»
деп айтпадым беле!» Эстегиле, Биз
периштелерге «Адамга сажда кылгыла»
дегенде, дароо сажда кылышты. Бир гана
Ибилис баш тартып, моюн толгоду жана
каапырлардан болду”. (Бакара. 30-34-аяттар).
✏2. Идрис пайгамбар (Ага Аллахтын саламы
болсун). Ал Адам атадан кийинки пайгамбар.
Идирис пайгамбар калем менен биринчи болуп
жазган адам. Ал жөнүндө Аллах Таала
Куранда: “(Оо. Мухаммад) китептеги Идристи
эскергин. Ал чынчыл пайгамбар болгон. Биз
аны жогорку орунга көтөрдүк” – деп айткан.
(Марям, 56-57-аяттар).
✏3. Нух пайгамбар (Ага Аллахтын саламы
болсун). Ал адамзатка жиберилген эң биринчи
элчи. Өз элин тогуз жүз элүү жыл даават
кылган. Бирок ага аз гана адамдар
ишенишкен. Аллах Таала аны кеме жасоого
буюруп, жасап бүткөн соң ага ыймандуу
адамдар менен жаныбарлардан бир жуптан
чыгаруусун буйруган. Алар кемеге чыккандан
кийин. Жер бетин суу каптап, ага ишенбеген
коому суу алдында калган. Анын элчилиги
тууралуу Куранда: “Биз Нухту өз коомуна элчи
кылып жиберип, катуу азап келүүдөн алдын
коомуңду эскерткин дедик” – деп айтылган.
(Нух, 1-аят).
✏4. Худ пайгамбар (Ага Аллахтын саламы
болсун). Ал Эмендеги Аад деген урууга
пайгамбар болуп келген. Коому анын сөзүнө
ишенбей, аны жалганчы дешти. Ошондо Аллах
Таала аларды катуу шамал менен кыйратып
жок кылды. Ал жөнүндө Куранда: “Аад
коомуна өз бурадарлары Худду (жибердик).
Ал: “Оо, коом! Аллахка сыйынгыла! Силерге
андан башка кудай жок” деди” – деп
айтылган. (Худ, 50-аят).
✏5. Солих пайгамбар (Ага Аллахтын саламы
болсун). Ал Хижаз жана Табук аймагында
жашаган Самуд уруусуна пайгамбар болгон.
Самуд уруусу анын пайгамбарлыгына
ишенишкен эмес. Аллах Таала аларды сыноо
үчүн бир төөнү жиберди. Алар аны дароо союп
салышты. Аллах Таала аларды чагылган
аркылуу жок кылды. Аллах Таала Куранда:
“Самуд коому, өз бурадарлары Солих аларга:
“Мен силерге ишеничтүү элчимин. Аллахтан
коркпойсуңарбы?” дегенде (аны) жалганга
чыгарышты” – деп айткан. (Шуара, 141-143-
аяттар).
✏6. Ибрахим пайгамбар (Ага Аллахтын саламы
болсун). Ибрахим пайгамбар Аллах Тааланын
досу (Халии луллоохи) жана пайгамбарлардын
атасы деп аталат. Анткени кийинки
пайгамбарлардын баары анын урпактарынан
болгон. Ал Ирак жергесине пайгамбар болуп
жиберилген. Мушриктер аны оттун ичине
ыргытышкан, бирок Аллахтын буйругу менен
от ага зыян берген эмес. Аллах аны сыноо
үчүн өз баласын курбандык чалууга буйруган.
Аллахтын буйругун аткаруу үчүн баласын
мууздаганда Аллахтын буйругу менен бычак
кеспей койгон. Кийин баласы Исмайил менен
азыркы Кааба мечитин курган. Ибрахим (Ага
Аллахтын саламы болсун) эли-жери үчүн көп
дуба кылган. Булар жөнүндө Куранда көп
айтылган. Мисалы: “Оо, Роббум муну тынч
жана аман шаар кыла көр! Анын элине (ар
түрдүү) мөмөлөрдөн ырыскы бер” деп
Меккеге дуба кылган. (Бакара, 126-аят).
Ошондой эле: “Ибрахим: “Роббум! Бул
калааны тынч кыл. Мени жана уулдарымды
сөлөкөткө сыйынуудан сакта” дегенин эстегин
– деп айтылган. (Ибрахим, 35-аят).
✏7. Исмайил пайгамбар (Ага Аллахтын саламы
болсун). Ал Ибрахим пайгамбардын уулу.
Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун) санжыра башындагы
чоң атасы. Ибрахим пайгамбар баласы
Исмайил менен аялы Хажарды Аллахтын
буйругун аткарып, азыркы Мекке шаары
турган жерге таштап кетет. Ошондо ачка
калган Исмайилдин таман алдынан Аллах
Таала “Замзам” суусун чыгарган. Куранда ал
жөнүндө: “Китептеги Исмайилди эстегин. Ал
убадасында чынчыл элчи жана пайгамбар
болгон” – деп айтылган. (Марьям, 54-аят).
✏8. Исхак пайгамбар (Ага Аллахтын саламы
болсун). Ал дагы Ибрахим пайгамбардын
баласы. Жөөттөр анын урпактары болуп
эсептелет. Аллах Таала Куранда: “Биз аны
(Ибрахимди) жакшылардын бири пайгамбар
болуучу Исхак менен сүйүндүрдүк” – деп
айткан. (Саффат, 112-аят).
✏9. Якуб пайгамбар (Ага Аллахтын саламы
болсун). Ал Исхак пайгамбардын баласы. Анын
бир аты Исраил болгон. Жөөттөрдүн “Бану
Исраил” коому деп аталып калуусу ошондон
улам болгон. Ал туурасында Аллах Таала:
“Ибрахим аны (бир кудайга сыйынууну)
балдарына осуят кылды. Жана Якуб дагы
(балдарына осуят кылып) “Оо, балдарым!
Аллах силерге ушул (Ислам) динди тандады.
Эми, силер мусулман болуп гана өлгүлө!”
деди” – деп айткан. (Бакара,132-аят).
✏10. Юсуф пайгамбар (Ага Аллахтын саламы
болсун). Ал Якуб пайгамбардын баласы
болгон. Ал бала кезинде бир тууган агалары
тарабынан көптөгөн кордуктарды көрөт. Кийин
Аллахтын каалоосу менен Египеттин
падышасына кеңешчи жана казына башчысы
болот. Ал өтө сулуу болгон. Аллах Таала ага
түш жоруу илимин берген. Куранда: “Ошондой
эле, Биз Юсуфту (Мисир деген) жерде бекем
орноштуруп, ага түштөрдүн жоромолун
үйрөттүк” – деп айтылган. (Юсуф, 21-аят).
✏11. Лут пайгамбар (Ага Аллахтын саламы
болсун). Анын коому бачабаздык менен алек
болуп бузулуп кеткен болчу. Ал коомун туура
жолго кайтаруу үчүн даават кылат. Бирок, эл
аны укпайт. Акырында Аллах Таала аларды
жер алдына жуткуруп жок кылат. Куранда:
“Лутту (эскергин). Ал коомуна: (ушундай да)
бузукулук кыласыңарбы? Силерден мурда
мындайды ааламдардан (инсандардан) эч
бирөө жасаган эмес деди” – деп айтылган.
(Аьраф, 80-аят).
✏12. Шуайб пайгамбар (Ага Аллахтын саламы
болсун). Ал Мадян элине пайгамбар болуп
жиберилген. Алар Аллахка сыйынбай, ар
түрдүү күнөөлөрдү жасап, айрыкча таразадан
алдоону адатка айландырып алышкан болчу.
Шуайб пайгамбар аларды таразадан алдоону
таштоого чакырды. Бирок, алар ага көнүшкөн
жок. Аллах аларды да кыйратып жок кылды.
Куранда: “Мадянга өз бурадарлары Шуайбды
(жибердик). Ал: “Оо, коомум! Аллахка гана
сыйынгыла! Силерге Андан башка кудай жок!
Таразадан жана өлчөөдөн кемитпегиле! деди”
– деп айтылган. (Худ, 84-аят).
✏13. Аюб пайгамбар (Ага Аллахтын саламы
болсун). Ал бир канча жыл катуу оору менен
ооруган. Бирок, ооруга катуу сабыр кылган. Ал
туурасында Куранда: “Жана Аюб Роббусуна:
“Мени зыян (оору) кармады. Сен эң
ырайымдуусуң” деп дуба кылды” – деп
айтылган. (Анбия, 83-аят).
✏14. Зул-Кифл пайгамбар (Ага Аллахтын
саламы болсун). Ал дагы “Бану Исраил”
пайгамбарларынын бири. Куранда:
“Исмайилди, Алясаьны, Зул-Кифлди эстегин.
Баардыгы жакшылардан болчу” – деп
айтылган. (Сад, 48-аят).
✏15. Иляс пайгамбар (Ага Аллахтын саламы
болсун). Ал Димашко тарапка пайгамбар болуп
жиберилген. Куранда: “Албетте, Иляс
элчилердин бири” – деп айтылган. (Саффат,
123-аят).
✏16. Алясаь пайгамбар (Ага Аллахтын саламы
болсун). Ал дагы Иляс пайгамбардын артынан
пайгамбар болуп жиберилген. Куранда:
“Исмайил, Алясаь, Юнус жана Лут...
Баардыгын ааламдарга артык кылдык” – деп
айтылган. (Аньам, 86-аят).
✏17. Юнус пайгамбар (Ага Аллахтын саламы
болсун). Ал “Зуннун” деп да аталат. Аллах
Таала аны сыноо үчүн китке жуттуруп
жиберет. Ал киттин ичинде жаткан мезгилде
да Аллахка мактоо айтып, Ага дуба кылып,
Аны эсинен чыгарбай сыноодон өткөн.
Куранда: “Юнус элчилердин бири” – деп
айтылган. (Саффат, 139-аят).
✏18. Муса пайгамбар (Ага Аллахтын саламы
болсун). Ал Аллах Таала менен сүйлөшкөн
пайгамбар. Ал, “Мен кудаймын” деп чектен
чыккан Фираунду динге чакырган. Бирок,
Фираун жана анын аскерлери динди кабыл
алышкан эмес. Аллах Таала аларды деңизге
чөктүрүп жок кылган. Куранда: “Биз Мусаны
Өз аят-белгилерибиз жана анык далил менен
жибердик” – деп айтылган. (Гаафир, 23-аят).
✏19. Харун пайгамбар (Ага Аллахтын саламы
болсун). Ал Муса пайгамбардын бир тууганы
болгон. Ал өз пайгамбарлыгын аткаруу менен
бирге Муса пайгамбарга жардамчы да болгон.
Куранда: “Жана Биз ага (Мусага) Өз
нээматыбыздан бир тууганы Харунду
пайгамбар кылып бердик” – деп айтылган.
(Марьям, 52-аят).
✏20. Дауд пайгамбар (Ага Аллахтын саламы
болсун). Ал дагы “Бану Исраилге” пайгамбар
болуп жиберилген. Өзү падыша болгондугуна
карабастан эмгектенип маңдай тери менен
тамак таап жеген. Үнү өтө кооз болгон.
Аллахтын каалоосу менен темирди камырдай
жууруп иштеткен. Куранда: “Биз Даудга
Забурду бердик” - деп эскерилген. (Ниса, 163-
аят).
✏21. Сулайман пайгамбар (Ага Аллахтын
саламы болсун). Ал Дауд пайгамбардын
баласы. Аллах Таала ага куштардын тилин
түшүнүү, шамалды жана жиндерди башкаруу
мүмкүнчүлүгүн берген. Ал эң биринчи
самынды колдонгон. Куранда: “Сулайманга
жиндер, инсандар жана куштардан куралган
аскерлери чогулуп, тизилип турушту” – деп
эскерилген. (Намл, 17-аят).
✏22. Закария пайгамбар (Ага Аллахтын саламы
болсун). Ал жыгач уста болгон. Картайганга
чейин балалуу болгон эмес. Качан гана
кемпиринин боюна болгон кезде, ага Аллах
Таала белги берген. Бул туурасында Куранда:
“(Оо, Закария) сенин белгиң: сопсоо болуп
турсаң да үч түн адамдарга сүйлөй албай
каласың” – деп айтылган. (Марьям, 10-аят).
✏23. Яхья пайгамбар (Ага Аллахтын саламы
болсун). Ал Закария пайгамбардын
картайганда көргөн баласы. “Бану Исраилге”
пайгамбар болуп жиберилген. Куранда:
“(Периштелер Закарияга): “Аллах сени,
Аллахтын сөзүн тастыктоочу, кожоюн,
жамандыктан өзүн сактоочу жана салих
(жакшы) пайгамбарлардын бири болуучу
(перзент) Яхья менен сүйүнтөт” дешти” – деп
айтылган. (Аалу Имран, 39-аят).
✏24. Иса пайгамбар (Ага Аллахтын саламы
болсун). Ал бешикте жаткан кезинде сүйлөгөн
беш наристенин бири. Жөөттөр менен
христиандар аны айкашкан жыгачка асып
өлтүрүлгөн деген жалган жана шектүү ишеним
менен калышкан. Чындыгында, Аллах Таала
аны тирүү бойдон асманга чыгарып кеткен.
Куранда: “Алардын (жөөттөрдүн): “Биз
Марьямдын уулу, Аллахтын элчиси Иса-
Масихти өлтүрдүк” дегендери (жалган). Алар
Исаны өлтүрүшкөн да эмес, асышкан да эмес.
Бирок, аларга (башка бир адам Исага) окшош
көрсөтүлдү. Чындыгында, Исанын өлтүрүлүүсү
жөнүндө ар түрдүү пикирде болуп
жаткандарда ал тууралуу илим жок. Алар
болгону жоромолдорго гана таянышат.
Албетте, алар аны анык өлтүрүшкөн эмес.
Жок, Аллах аны Өзүнө көтөрүп алып кеткен” –
деп айтылган. (Ниса, 157-158-аяттар).
✏25. Мухаммад пайгамбар (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун). Ал баардык
пайгамбарлардын төрөсү жана акыр заман
пайгамбары. Андан кийин пайгамбар келбейт.
Ал бүткүл ааламга пайгамбар болуп
жиберилген. Анын үммөтү дүйнө үммөттөрүнүн
эң акыркысы, бирок Кыяматта эң биринчи
болуп тирилет. Мухаммад пайгамбар (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) Кыяматта
бирден-бир шапаат кылуучу пайгамбар. Аллах
Таала Куранда анын эң акыркы пайгамбар
экендиги тууралуу кабарлап: “Мухаммад
силердин эркектериңердин бирөөсүнүн атасы
эмес. Ал Аллахтын элчиси жана
пайгамбарлардын акыркысы” – деп айткан.
(Ахзаб, 40-аят).
📚"Ыймандын 70 бутагы "китебинен алынды.
✒(Тургунбаева Элиза)
🌿ЫЙМАН НУРУ

Комментарии