28 сен 2021

КУТМАН ТАҢ

"Кутман таң" деген катты алган кезде,
Тирүүлүк коңгуроосу эшигимде.
Амандык, жакшылыгын ичке катып,
Терметет таттуу кыял бешигине.
Алыңды сурап койгон жакшылардын,
Бул сөзү көңүлүңдү күндөй ачат.
Күн менен кошо күлүп келген бакыт,
Көңүлгө не керемет нурун чачат..
"Кутман таң". Жакшы жатып жай турдуңбу?
Башталды тирүүлүктүн машакаты.
Уйкудан тургун, ойгон, таттуу кезди,
Өткөрбөй тартып башта арабаңды.
"Кутман таң". Кучагыңды күнгө тоскун.
Карачы! Айлананын кереметин.
Таза аба, таза ойлор, аруу тилек,
Көөдөнгө эргүү болуп себелесин.
"Кутман таң". Жолуң ачык шыдыр болсун,
Сапарда жүрсөң эгер узун жолдо.
Тирүүлүк сапарында жолоочубуз,
Жараткан ар бир жанды таяп-колдо.
Кундузбү Маматова

Комментарии