Эрте тургуңуз келсе бул кеңештер сизге

Күздө жана кышындагы күн нурунун аз тийиши адамды апатияга жана уйкучулдукка алып келет. Натыйжада адамдын эртең менен ойгонуусу бир топ кыйындайт, же болбосо алсыз, көңүлсүз ойгонот. “Дагы 5 мүнөт жата турайынчы” деген ойдо уктап калып жумушка же окууга кечиккен учурлар көп кездешет. Мына ушул абалдан арылуу үчүн төмөнкү жөнөкөй, бирок натыйжалуу кеңештерге көңүл буруңуз.

1. Сөзсүз денеңизди кериңиз. Будильник шыңгыраганда төшөктөн ыргып туруу зыяндуу, организмдин ойгонуп, жаңы күнгө көнүүсү үчүн 1-2 мүнөт жата туруу керек. Бул үчүн ойгонор замат ушул күнү сизди күтчү жагымдуу нерсе тууралуу ойлонуп маанайыңызды көтөрүңүз. Андан соң манжаларыңыздан баштап буттарыңызга чейин бардык денеңизди ырахаттануу менен чоюңуз. 10-15 секундадан ар бир манжаңызды укалаңыз. Бул ыкма жаңы күндү сергек баштоого жардам берет.

2. Будильникти алыс коюңуз. Көпчүлүгүбүз эле эртең менен будильниктин үнүн укканда кыжырыбыз келип, өчүрүп салып кайра уктай берет эмеспизби. Ошондуктан кечинде будильникти керебеттин жанына эмес, бөлмөнүн бир бурчуна коюңуз. Мына ошондо эртең менен аны өчүрүү үчүн төшөктөн туруп бир нече метрге басыш керек болуп калат. Бул убакытта бир аз да болсо уйкуңуз ачылып кайра жаткыңыз келбей калат. Кээ бирөөлөр оңой ойгонуу үчүн будильникти атайын шкафтын үстүнө коюшат.

3. Жагымдуу музыканын коштоосунда ойгонуңуз. Жагымдуу жай музыка менен ойгонуу – эң мыкты идея. Будильник шыңгырагандан кийин эле телевизорду күйгүзүп өзүңүздүн сүйүктүү музыкалык телеканалыңызга коюңуз. Сизге жаккан музыканы угуу менен сергек жана жакшы маанайда күнүңүз уланат.

4. “Ароматерапия” ыкмасын колдонуңуз. Тагыраак айтканда, керебеттин жанына эфир майы бар 1-2 ампула коюп коюңуз. Анын жагымдуу жыты менен жеңил ойгоносуз. Мындан сырткары апельсин, жалбыз же грейпфруттун майы да жардам берет. Японияда жумуш берүүчүлөр фабрика-цехтерде жасминдин майын колдонушат. Анткени бул майдын адамды сергек кылып, ишке болгон жөндөмдүүлүгүн көтөрөрү далилденген.

5. Кофе ичиңиз. Эгер сизди жеңил ойготууга кофе жардам берсе, анда кечинде термоско кофе даярдап алып керебетиңиздин жанына коюп коюңуз. Эртең менен ойгонгондо бир кружка ичип алсаңыз натыйжасын берет.

6. Ысык жана муздак душ кабыл алыңыз. Эртең менен эрте ысык жана муздак сууну улам алмаштырып агызып душ кабыл алуу менен уйкуңуз бат ачылат. Эгер душ кабыл албайм десеңиз, колуңузду ошондой эле сууга салсаңыз болот.

7. Ачык кызгыл сары түстү колдонуңуз. Өзүңүзгө позитив жана сергек маанай тартуулоо үчүн уктоочу бөлмөңүздү кызгыл сары түскө боёңуз: ушул өңдөгү жаздыктарды, ваза же абажур, ошондой эле бир нече даана апельсинди коюп койсоңуз, ойгонгондо аларды көрүү менен маанайыңыз сөзсүз көтөрүлөт.

Комментарии

Комментариев нет.