Мурдагы президент Аскар Акаевдин жогорку окуу жайларда лекция окушуна тыюу сала албайм.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев парламенттин Социалдык саясат комитетинде билдирди.
"Биз ал кишилерди чакырган эмеспиз, университеттер чакырса, өздөрүнүн эрки. Бирок ал Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалга дестабилизация алып келбеши керек", — деди Иманалиев.
Эл өкүлү Аида Исатбек кызы "буга сиздердин тиешеңиздер жокпу, ректорлор өздөрү сүйлөшүп алып келип жатабы?" деп таң калды.
"Сиздин оюңуз кандай, анткени мунун саясий жагы бар го, кантсе да ал мурдагы президент. Андыктан буга саясий чечим — сиздин макулдугуңуз керек, ал жөнөкөй экс-президент (макамындагы) эмес, качкын, коррупциялашкан... Андан ары тизмектебей эле коёюн", — деди депутат.
Иманалиев бул боюнча ар кимдин ар кандай ою бар экенин, бирок ал мамлекеттик кызматтагы адам болгондуктан мыйзамга баш иерин айтты.
Андан соң Исатбек кызы "министр катары ушуга тыюу сала аласызбы?" деп сурады.
"Тыюу салганга укуктук негиз жок. Эгерде кандайдыр бир саясий чагым болсо, чыңалууга алып келсе, ар бир ректор өзү жооп берет. Мен кетип калган президенттердин бирөөсү менен да кызматташкан жокмун", — деди министр.
Белгилей кетсек, Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева менен 20-майда Бишкекке келген. Алар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жана Улуттук илимдер академиясында лекция окуйт деген маалымат тараган. Кийинчерээк КМТУнун айрым студенттери лекция окушуна каршы чыгышкан.

Министр Иманалиев: Акаевдин окуу жайларда лекция окушуна тыюу сала албайм
01:52
Министр Иманалиев: Акаевдин окуу жайларда лекция окушуна тыюу сала албайм

Комментарии

  • 31 мая 2023 04:59
    Ещё Дуная умная ляя чем он тебе мешает пусть читает лекции