Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгон окуянын чоо-жайын иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши аягына чыгып, натыйжада тартиптик жоопкерчиликке 21 кызматкер тартылды, анын ичинен 6 адам ээлеген кызматынан бошотууга көрсөтүлгөн.

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кесек, үстүбүздөгү жылдын 2-майында Сузак районунун Жерге-Тал айылында "Урааным Манас" аттуу маданий иш-чара учурунда токтоп турган Porter автоунаасы жылып кетип, балдарды сүзгөн. 48 жаштагы айдоочу машинасынын артынан чуркап, токтотконго жетишпей калганын айткан. Кырсыктан 35тей бала жабыркап, 3-майда алардын ичинен 10 окуучу Бишкекке алып келинген.
Президенттин тапшырмасы менен түзүлгөн комиссия иш-чаранын уюштуруучулары катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрбөгөнүн белгилеген. Облустук, райондук ички иштер органдарынын жетекчилери тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тийиштүү мамиле жасалган эмес деген жыйынтык чыккан.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери "Урааным Манас" сынагын өткөрүүнүн конкреттүү датасы жөнүндө кабардар болгон эмес. Иш-чараны уюштуруу маселелери 1-майдан 5-майга чейинки расмий эс алуу күндөрү болгону үчүн татаалдашкан. Мындан тышкары, Сузак райондук мамлекеттик администрациясы акциянын датасы тууралуу чечимди телефон аркылуу тараткан. Иш-чарага райондогу 2 878 окуучу жана 18 мектептин 341 мугалими катышкан. Ошол эле учурда жол кыймылы коопсуздугун камсыздоого эки гана инспектор тартылган", — деп айтылат корутундуда.
Ведомстволор аралык комиссия тарабынан тартиптик жаза жарыялоо, ошондой эле тармактык министрликтердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызматкерлерин ээлеген кызматтарынан бошотуу сунушталды.

Комментарии

  • 14 мая 10:19
    Аалахым Берген сыноосу болсо керек,водитель туура ой менен баарып,жок жердеги кырсыкка кабылды,менин оюм туура чечимге келсе экен,жабыркаган балдарыбыз айлыгып кетсин,баарыбызды Бодо кырсыктан сактасын Деген оюм
  • 17 мая 16:17
    Салам алейкум Бир туугандар
    Ооба кырсык каш кабактын ортосунда деп айтабыз Эми ошол болгон кырсыкта жабыр тарткандар
    Аллахым женилинен берип жакшы болуп кетишсин.
    Эми ошол шафер баланы иштен ажыратпагыла ал себеби атайлаган жок да муну кырсык деп койот.
    Шафер бала менимче иштей бересин деп эле ойлойм
  • 24 мая 04:55
    Ал байкушда мындай боолорун билген эмес.
  • Комментарий удалён.