Ала-Арча капчыгайынан бутун кокустатып алган чет элдик турист куткарылды.

Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайында Россиянын 60 жаштагы жараны бутун сындырып алганы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине төрт куткаруучу жөнөтүлгөн. Алар аялды кол шаймандардын жардамы менен алып түшүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Учурда анын абалы канааттандыралык экени айтылды.

Комментарии

  • 23 мая 21:54
    Боорукер элимен айланамго Ким болбосун жакшылыгын жардамын аяшпайт 🤗🤗