Мындан ары жарандар жол эрежелерин бузгандардын видео, сүрөттөрүн кабарлай алат.

Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кайрылуулар 0777 102-102 Whatsаpp номери аркылуу күнү-түнү кабыл алынат.
"Жарандар көчөлөрдө туура эмес токтотулган унааларды, жол тыгындарын, кырсыктарды, мас айдоочуларды жана башка жол эрежелери бузулган фактыларды көрсө түз ушул номерге сүрөт жана видео жөнөтүп койсо болот", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле кайрылууну алган кызматкер тийиштүү чараларды көрүп, аны жөнөткөн адамга жообун бере турганы кошумчаланды.

Айдоочунун эреже бузганын сүрөт, видеого тартып жөнөтүүгө болот. Номер

Комментарии

  • 23 мая 10:27
    Сурот видео жонотуп стукач болбогула туугандар.