Жогорку Кеңеш көзү ачыктардын, төлгөчүлөрдүн жана сыйкырчылардын кызматын жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде алар турмуштук татаал кырдаалда турган жарандардын башын айлантып жатканы жазылган. Документ кыргызстандыктардын аң-сезимин кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн манипуляциялоого жол бербөө максатында иштелип чыккан.
"Тиешелүү мыйзамда жазгыруучу жарнама түшүнүгү бар. Ал Укук бузуулар кодекси боюнча жоопкерчиликке алып келет. Бирок бул мыйзамдарда окульттук жана магиялык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө бөлүк жазылган эмес. Ошондуктан киргизилген толуктоолор жогоруда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жөнүндө түшүнүктү так чектөөгө, атап айтканда, ак ниетсиз жарандар тарабынан алдамчылык аракеттерди маалыматтык мейкиндикте жарнамалоого тыюу киргизүүгө мүмкүндүк берет", — деп жазылган.
Мыйзамды талкуулоо учурунда депутат Гүлшаркан Култаева билими жок психологдорду дагы аталган тизмеге кошуу зарылдыгын белгиледи.

Комментарии