Комментарии
- 23 мая 22:5207 12Жакшы жанылык экен,педофилдер турмодо чирип олушсун
- 24 мая 15:16Айгул АхмедоваАлар менен түрмөнү толтурбай бычып салуу керек,бир өмүр эркек экенин сезбей, бактылуу жашагандарга суктанып күйүп өлсүн.
- 25 мая 10:03Аскат ТоялиевПедафилдер атууга кетишсин колдойм Ким канча колдойт эмне кереги бар Мамлекет карап багып
- 31 мая 14:25Гулзина Кушбакова ответила Айгулу АхмедовойТуура айтас
- 1 июн 18:59Dinara KarypovaТуура чечим
- 7 июн 13:57Nuri 🤍 ответила Айгулу АхмедовойТуура, камап алып мамлекет багат кайра эле
- 12 июн 21:27Albina Akjol Arsen SafiaАта энелерине көчөгө байлап берсин уруп олтурсун ошондо башкалары андай ишке барышпайт деп ойлойм баарыбызга Хидаят берсин Аллахым
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Sputnik Кыргызстан — күндүн жаңылыктары
Кыргызстанда балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштар үчүн жаза катаалдады.
Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинде аялдарга, 18 жашка чыга элегинде кылмыш жасаган адамдарга, ошондой эле кылмыш жасаган учурда 60 жашка чыккан эркектерге өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы колдонулбай турганы каралган.
Учурда Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, анда бул категориядагы эркектер баланын жыныстык кол тийбестигине жана сексуалдык эркиндигине каршы кылмыш жасаса аларды өмүр бою эркинен ажыратуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Ошондой эле Жазык-процессуалдык кодекске баланын жыныстык кол тийбестигине жана сексуалдык эркиндигине каршы кылмыштар сотто далилденсе күнөөкөрдү жазасыз калтырбоо боюнча түзөтүү киргизилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Январдын аягында зордуктоо боюнча тараптардын жарашуусуна тыюу салган мыйзам кабыл алынган.