Комментарии
- 24 мая 10:38Асан КурбановАйбан жырткычтан жаман Адам экен Ыймансыз кайсы виждону менен Аялды балдары менен, олтурот, Жакындарына сабыр берсин.
- 25 мая 03:30Есть имя Есть ФамилияЧто творится в Киргизии где закон почему женского пола никто не защищает до каких пор это будет продолжаться 🤔
- Вс 15:52Taiyrbek ImanalievБлин табып туруп дарга асып салгылачы.Анын жашашка акысы жок.
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Sputnik Кыргызстан — күндүн жаңылыктары
Таластын Айтматов районундагы (мурунку Кара-Буура) Ак-Башат айылында үч адамдын киши колдуу болгонун Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта тартип сакчыларына кабар түндө саат 00.37де түшкөнү айтылат. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ 26 жаштагы М.Ж. аттуу аял жана анын төрт жаштагы кызы менен 2,5 жаштагы баласынын күч колдонуп өлтүрүлгөн сөөктөрүн тапкан.
"Далил катары сайсыз ок атуучу курал менен балта алынган. Кылмышка шектелип ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну издөөгө алынып, "Адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголду. Анын алкагында соттук-медициналык, биологиялык, баллистикалык жана криминалистикалык экспертизалар дайындалды", — деп айтылат билдирүүдө.
Милиция кошумча маалымат берилерин белгиледи.