Бул эшек кандайча зоопаркка түшүп калган?

Бизде бир ырым бар, билесиздерби? Чач чыкпай жатканда эшектин шилекейин топуга тийгизип ошол топуну балага кийгизгенде чач өсүп чыгат деп ишенишет. Негизи биздеги эшекке адамдар ошол үчүн келип атышат. Ал эми окуясы тууралуу айтсам, аны бизге Оштон алып келишти. Жаныбарларды коргогон ыктыярчылар Оштон салып жиберишиптир. Ыктыярчылар бул эшекти жолдон табышкан, кышында музга тоңуп, жабышып калыптыр. Буту дагы сынык болчу. Ыктыярчылар эшектин ээсин издешти, балким алар буту сынгандан кийин керек эмес деп таштап коюшкандыр, айтор, ээси табылган жок. Анан бизге салып жиберишти. Ушул жылдын август айынын аягында келген. Арык болуп жүдөп келген. Азыр болсо толуп, жүнү жалтырап, жакшы болуп калды. Элге көнүп калды. Башында коркуп аткан, азыр адамдардан көп үркпөй калды.

Бул эшек кандайча зоопаркка түшүп калган?

Комментарии

  • 17 ноя 2024 08:11
    ТУУРА КЫЛЫПТЫР.АДАМДАРГА ЭШЕК КЫЗМАТТКА ГАНА КЕРЕК ЭЛЕ.АЗЫР ТАЛААДА ИШТЕГЕНГЕ АДАМДЫН ОЗУ КАЛБАДЫ..ИЛГЕРИ АЙТЫШЧУ ЭЛЕ ЭШЕКТИН ПУТУ СЫНСА САКАЙБАЙТ ДЕШИП.БИР ЖАКШЫНА ЭЛЕ САКАЙТЫП АЛЫШЫПТЫРГО...
  • Комментарий удалён.