Фа-ламмаа таваффайтаний кунта антар-ракийба алайхим, (мени өлтүргөнүӊдөн кийин алардын үстүндө Сен Өзүӊ күзөтчү элеӊ)деген бул аятта бир суроо жана бир жооп бар.
Алла таала Ыйса(ас)дан сурайт: «Мени жана энемди кудай кылып алгыла деп сен адамдарга таалим бердиң беле?» Ал мындай жооп берет: «Эй, Алла! Мен тирүү кезимде ошондой таалим бергеним жок. Ооба, Сен мага ажал бергениңде, Сен Өзүң гана аларга көзөмөлчү болдуң. Менден кийин алар не иштер кылганын мен билбейм». Бул кандай ачык сөз: Ыйса каза тапканына өзү моюндайт. Ал мындай айтат: «Эгерде христиандар бузулган болсо, мен каза тапкан соң бузулушту. Мен алардын арасында тирүү болгон кезге чейин алар туура ишенимге ээ болчу». Азыркы күндө эгер христиандар бузулган болсо, анда Ыйса сөзсүз өлгөн. Эгер бүгүнкү күнгө чейин Ыйса өлбөгөн болсо, анда христиан да бузулган эмес. Эгер христиандар да бузулбаган болсо, анда Ыйса(ас)дын кудай экендиги деген акыйда да дурус болуп чыгат. Дагы ушул аятта кезиккендей, Ыйса(ас)дын «мен алардын бузулганын билген жокмун» деп айтканы жалган жооп болбойбу? Эгер анын кайрадан дүйнөгө келүүсү дурус болсо, себеби ушул суроо-жооп кыямат күнү болот, эгер ал дүйнөгө кайрадан келип, кырк жыл жашаса, христиандар жана каапырларды өлтүрүп, Исламды жайылта турган болсо, анда ал христиандардын бузулганын сөзсүз көрүп алган болсо керек. Анда ушул бузулган абалды көрүп, кайрадан дүйнөдөн кеткен соң Азирети Масийхтин Алла тааланын алдында ушундай жооп берүүсү жалганчылык болот. Ал падышалардын падышасы: «Сен кайрадан дүйнөгө барып, үммөтүңдүн бузулганын көргөнсүң го!» – дебейби? Эгерде дүйнөлүк бир падышанын алдында жалган сүйлөө – бул коркунучтуу кылмыш жасоо дегендик болсо, анда кайып илимин билүүчү падышанын алдында мына ошондой жалган сүйлөөчү? Кыскасы, бул аят ачык-айкын бир тараптан Ыйса(ас)дын өлүмүн далилдесе, экинчи тараптан анын кайрадан дүйнөгө келүүсүн жокко чыгарды. Мындан тышкары биз хадистерге дыккат кылганда, ал жерден да мына ошондой натыйжа чыгат. Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)айткан, бул хадис муттафак алайх[5] хадис: «Мен Азирети Ыйса(ас)ды Азирети Яхя(ас) менен чогу көрдүм». Азирети Яхя(ас)дын каза тапкандыгы жана жаны чыккан жамаатка кошулуп кеткендиги – бул далилденип калган нерсе. Ыйса(ас) өлбөй туруп, жаны чыкпастан, ушул дүйнө менен коштошуп кеткен адам менен шерик болушу мүмкүнбү? Бир тараптан Алла тааланын сөзү менен, экинчи тараптан Мухаммад Пайгамбар(сав)дын көрүүсү менен Ыйса(ас)дын каза тапкандыгы жана кайтадан дүйнөгө келбөөсү анык-так далилденип калды. Эгер азыр да бул адамдар Масийхтин тирүү экендиги деген ишениминен кайтпаса, анда чыныгы хидаят жана бактылуулук тек гана Алла таала тарабынан гана деп түшүнүүгө аргасыз болобуз.
НАУ МУБААЪИЙН НАСААТ СӨЗДӨРҮ
:CHICAGO A
Фа-ламмаа таваффайтаний кунта антар-ракийба алайхим, (мени өлтүргөнүӊдөн кийин алардын үстүндө Сен Өзүӊ күзөтчү элеӊ)деген бул аятта бир суроо жана бир жооп бар.
Алла таала Ыйса(ас)дан сурайт: «Мени жана энемди кудай кылып алгыла деп сен адамдарга таалим бердиң беле?» Ал мындай жооп берет: «Эй, Алла! Мен тирүү кезимде ошондой таалим бергеним жок. Ооба, Сен мага ажал бергениңде, Сен Өзүң гана аларга көзөмөлчү болдуң. Менден кийин алар не иштер кылганын мен билбейм». Бул кандай ачык сөз: Ыйса каза тапканына өзү моюндайт. Ал мындай айтат: «Эгерде христиандар бузулган болсо, мен каза тапкан соң бузулушту. Мен алардын арасында тирүү болгон кезге чейин алар туура ишенимге ээ болчу». Азыркы күндө эгер христиандар бузулган болсо, анда Ыйса сөзсүз өлгөн. Эгер бүгүнкү күнгө чейин Ыйса өлбөгөн болсо, анда христиан да бузулган эмес. Эгер христиандар да бузулбаган болсо, анда Ыйса(ас)дын кудай экендиги деген акыйда да дурус болуп чыгат. Дагы ушул аятта кезиккендей, Ыйса(ас)дын «мен алардын бузулганын билген жокмун» деп айтканы жалган жооп болбойбу? Эгер анын кайрадан дүйнөгө келүүсү дурус болсо, себеби ушул суроо-жооп кыямат күнү болот, эгер ал дүйнөгө кайрадан келип, кырк жыл жашаса, христиандар жана каапырларды өлтүрүп, Исламды жайылта турган болсо, анда ал христиандардын бузулганын сөзсүз көрүп алган болсо керек. Анда ушул бузулган абалды көрүп, кайрадан дүйнөдөн кеткен соң Азирети Масийхтин Алла тааланын алдында ушундай жооп берүүсү жалганчылык болот. Ал падышалардын падышасы: «Сен кайрадан дүйнөгө барып, үммөтүңдүн бузулганын көргөнсүң го!» – дебейби? Эгерде дүйнөлүк бир падышанын алдында жалган сүйлөө – бул коркунучтуу кылмыш жасоо дегендик болсо, анда кайып илимин билүүчү падышанын алдында мына ошондой жалган сүйлөөчү? Кыскасы, бул аят ачык-айкын бир тараптан Ыйса(ас)дын өлүмүн далилдесе, экинчи тараптан анын кайрадан дүйнөгө келүүсүн жокко чыгарды.
Мындан тышкары биз хадистерге дыккат кылганда, ал жерден да мына ошондой натыйжа чыгат. Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)айткан, бул хадис муттафак алайх[5] хадис: «Мен Азирети Ыйса(ас)ды Азирети Яхя(ас) менен чогу көрдүм». Азирети Яхя(ас)дын каза тапкандыгы жана жаны чыккан жамаатка кошулуп кеткендиги – бул далилденип калган нерсе. Ыйса(ас) өлбөй туруп, жаны чыкпастан, ушул дүйнө менен коштошуп кеткен адам менен шерик болушу мүмкүнбү? Бир тараптан Алла тааланын сөзү менен, экинчи тараптан Мухаммад Пайгамбар(сав)дын көрүүсү менен Ыйса(ас)дын каза тапкандыгы жана кайтадан дүйнөгө келбөөсү анык-так далилденип калды. Эгер азыр да бул адамдар Масийхтин тирүү экендиги деген ишениминен кайтпаса, анда чыныгы хидаят жана бактылуулук тек гана Алла таала тарабынан гана деп түшүнүүгө аргасыз болобуз.