2.

Умар ибн Хаттаб разияллоху анхудан рыбаят кылынат:
«Бир куну Расулуллах саллаллоху алайхи васалламдын жанында олтурат элек. Кокусунан эле устубузго аппак кийимдуу, чачтары капкара адам пайда болду. Андан жолоочунун белгилери корунбойт эле. Аны эч кимибиз тааныбайт элек. Ал келип Расулуллах саллаллоху алейхи васалламдын мандайына олтурду. Эки тизесин анын эки тизесине тийгизди. Эки алаканын анын сандарына койду да:
«Эй Мухаммад, мага Ислам жонундо кабар бер», деди.
Расулуллах саллаллоху алейхи васаллам:
«Ислам: «Лаа илаха иллаллоху Мухаммадур Расулуллах» деп куболук беруудон, намазды толук аткаруудан, зекет беруудон, рамазан орозосун тутуудан, эгерде мумкунчулугу болсо, Байтка ажылыкка баруудан турат», деди.
«Туура айттын», деди ал.
Биз ага абдан тан калдык. Озу сурайт, озу тастыктайт.
«Мага ыйман тууралуу кабар бер», деди.
Ал зат саллаллоху алейхи васаллам:
«Аллахга, Анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына жана Акырет кунуно ыйман келтиришин, жакшы жаман тагдырга ыйман келтиришин», деди.
«Туура айттын», деп тастыктады да:
«Мага эхсан жонундо кабар бер», деди.
«Ал зат саллаллоху алейхи васаллам:
«Аллахка дал эле Аны коруп тургандай, эгерде сен Аны корбосон, Ал сени коруп тургандай ибадат кылышын», деди.
«Мага (Кыямат) саатынан кабар бер», деди.
Ал зат саллаллоху алейхи васаллам:
«Суралуучу бул жонундо суроочудан билимдуурок эмес», деди.
«Анын белгилеринен кабар бер», деди.
Ал зат саллаллоху алейхи васаллам:
«Кун оз кожоюнун торогону, жыланайлак, жыланач, кембагал койчумандын имарат куруудагы бири-биринен озууга аракеттенуулорун корушун», деди.
Андан сон ал кайтып кетти. Кийин ал зат саллаллоху алайхи васаллам мага:
«Эй, Умар, суроочу ким экендигин билдинби?» деди.
«Аллах жана Анын Расулу билуучуроок», дедим.
Ал зат саллаллоху алейхи васаллам:
«Албетте, ал Жабраил. Силерге динден таалим бергени келиптир», деди».
Дагы бир рыбаятта:
«Ал Аллахтан башка эч ким билбей турган беш нерсенин ичинде», деди жана Пайгамбар саллаллоху алейхи васаллам:
«Албетте Аллахтын алдында (Кыямат) сааты илими бар» аятын тилават кылды. Анан ал кайтып кетти.
Ал зат саллаллоху алейхи васаллам:
«Аны кайтаргыла», деди.
Адамдар эч нерсени коро албады. Ошондо ал зат саллаллоху алейхи васаллам:
«Бул Жабраил. Адамдарга динди уйроткону келиптир», деди.
Тушундуруу: Ушул кутту хадисте инсандын созу алсыздык кылган улуу акыйкаттарды оз ичине алган. Анткени анда Ислам, ыйман, эхсан эмне экендиги, Кыямат куну тууралуу маалыматтар берилуудо. Хадистин аягында болсо, ушул нерселердин баардыгы «дин» деп аталууда.
Бул хадис диний таалим беруудо практикалык-коргозмолуу сабак турундо баян кылынып жатат. Имам Муслим Аммар ибн ал-Какадан рыбаят кылуулары боюнча, бир куну Расулуллах саллаллоху алейхи васаллам сахабалары менен олтуруп:
«Менден сурай турган нерселеринерди сурап алгыла» деди. Адамдар сурдошуп, бир да нерсе сурай албай калышты. Ошондо хадисте айтылган, аппак кийимдуу, чачтары капкара, озундо сапардан келген белгиси жок, эч кимге тааныш болбогон бир адам кирип келген жана сыпатталган отурушта отуруп алып бардыгы учун ото олуттуу болгон суроолорду бере баштаган.
Пайгамбар саллаллоху алейхи васаллам суроо беруучунун,
«Эй Мухаммад, мага Ислам тууралуу кабар бер», деген суроосуна жооп кылып,
«Ислам; «Лаа илаха иллаллоху Мухаммадур Расулуллах» деп куболук келтируун, намазды толук аткаруун, зекет бергенин, Рамазан орозосун тутуун, эгер жолго чыга алсан, Байтка ажылык кылуун», деди».
Суроочунун:
«Мага ыйман тууралуу кабар бер», деген суроосуна Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васаллам:
«Аллахка, Анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына жана Акырет кунуно ыйман келтируун, жакшы-жаман тагдырга ыйман келтиргенин», деп жооп берди.
Бул суроо ыймандын шарий маанисинде, башкача айтканда шарият боюнча «Ыйман деген эмне?», маанисиндеги суроо.
Жообунда болсо шарият боюнча ыймандын баш маселелери болгон нерселер жалпы корунушто айтылып жатат.
«Аллахка ыйман келтируу», деп айтылганы жалпы соз. Бирок шарият боюнча, «Аллахтын бар экендигине ишенемин», деп айтуу менен иш бутпойт. Аллахка ыйман келтирууну чечмелениши менен билуу зарыл. Аллах Таала Озу айткандай, Ал Заттын Пайгамбары Мухаммад саллаллоху алейхи васаллам айтып кеткендей ыйман келтируу керек. Аллахтын бар экендигине, эзелкилигине, туболуктуулугуно, ысымдарына, сыпаттарына жана иштерине туура чындап ыйман келтируу зарыл.
Ошондой эле, Аллахтын периштелерине ыйман келтируу алардын бар экендигине ыйман келтируу менен тугол болбойт. Периштелерге тугол ыйман Аллах Таала жана Пайгамбар саллаллоху алайхи васаллам айтканындай болуусу керек. Алардын сыпаттарына кызматтарына жана касиеттерине ыйман келтируу зарыл.
Ошондой эле Аллахтын китептерине, пайгамбарларына ыйман келтируу да Куран жана Сунноттун корсотмолоруно ылайык болушу керек. Акырет кунуно болгон ыйман да, жакшы жаман тагдырга ыйман да шарият корсотмосуно ылайык болуусу шарт. Бул иште бироого окшотуу менен иш бутпойт. Ошондуктан ар бир мусулман акыйда маселелерин биле турган такыба уламалардан илим алуусу зарыл. Мумкунчулук болсо, акыйда китептеринин биринен сабак алып, мухтасардын матндарынын бирин жаттап алуу керек.
Суроо беруучунун учунчу суроосу:
«Мага эхсан тууралуу кабар бер», деп айтуу болду. «Эхсан» создукто «жакшылык, кооз, сулуу иш» маанисин андатат. Анын бул хадистеги мааниси болсо, уламалардын айтуусу боюнча «ыклас» маанисинде. Жоопто болсо, Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи вассалам озунун аз соз менен коп маанини бере алуу жондомдуулугун корсотту. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи васаллам эхсанды суроттоодо:
«Аллахка дал эле Аны коруп турганындай, эгерде сен Аны корбосон, Ал сени коруп тургандай ибадат кылуун», деди.
Ушул тушундурууну жана ал аркылуу «эхсанды» толук жана туура тушунуу учун эн биринчи «ибадат» созунун маанисин кенири тушунуп алуубуз керек. Бизде «ибадат» дегенде намаз окуу, орозо тутуу, ажыга баруу сыяктуу нерселер тушунулот. Албетте, бул нерселер улуу ибадаттар. Бирок ибадат мааниси бир гана ушул нерселер менен чектелбейт. Бул соз «абада» этишинен алынган болуп, «кулдук кылды – кул болду» маанисин билдирет. Абдуллах Аллахтын кулу, дегени. Демек, ибадат кулдук кылуу манисинде. Бул маани фарсча «пенделик» деп айтылат. Эгерде намаз, орозо жана ажылыкты гана ибадат дей турган болсок, ошол ибадаттарды аткаруу убагында Аллахка кулдук кылынат да, андан сон Аллахка кулдук кылуу токтойбу? Анда инсан намаз, орозо жана хаждан башка убакта кимге кулдук кылат? Инсан намаз окуп, орозо тутуп, ажылыкты аткарып жатканда Аллахты коруп тургандай болууга аракет кылуусу керек болуп, башка убакта андай эмеспи? Же болбосо ошол ибадаттар учурунда Аллах мени коруп турат, деп элестетип аткаруусу керек да, башка убактарда корбойт, деп оз билгенин кыла бериши керекпи?
Жок, таптакыр андай эмес! Аллах Таалага инсандын пенделиги-кулдугу узгултусуз. Намаз окуп жаткан инсан да, уктап жаткан инсан да Аллахтын пендеси. Орозо тутуп жаткан да, орзо тутпай жаткан да Аллах Тааланын пендеси. Ажылык кылып жаткан да, мумкунчулугу жок болгондон ажылыка бара албай аткан да Аллах Тааланын пендеси. Соз бир гана ошол пенде тарабынан озунун пенделигин мойнуна алууда турат! Башкача айтканда, «Аллахтын кулумун» деген адамдын Аллахка кулдук кылышында! Жашоонун бардык жааттарында Аллахтын айтканын кылып жашоодо! Бир кожоюндун кожоюндугун мойнуна алып, ага кызматкер болгон адам кожоюндун айткандарын аткарбаса, кызматкерлиги калбайт. Кожоюнунан кылмышына жараша жаза алууга туура келет. Аллахка кул болгон сон мына ошол кулдукту ордуна коюп жашоо керек. Ошондуктан да уламаларыбыз: «Аллахтын ыраазычылыгына жеткире турган ар бир иш ибадат болот», дешет. Мындан чыкты мусулман адам ар бир мунот сайын Аллах Тааланы коруп тургандай ыклас (ишеним) менен жашоосу, Ал Заттын ыраазычылыгын алууга аракет кылуусу керек. Эгерде бул улуу даражага жетишууго алсыздык кылса, ар бир мунотун Аллах Таала мени коруп турат деген ишеним менен откоруп, ошого жараша аракетте болуусу шарт. Мына ошондо гана эхсандын томонку даражасына жетишет.
Эгерде бул даражага жетише албаса, намаз убактысында Аллахка, тиричилик кылып жатканда болсо мал-дуйного пенделик кылат. Орозо учурунда Аллахка, тамактануу учурунда курсагына пенделик кылат. Ажылык учурунда Аллахка, башка убактарда, ар турдуу урп-адаттарга же болбосо башка нерселерге кулдук кылат.
Жогоруда откон уч ото маанилуу суроодон кийин, суроочунун:
«Мага (Кыямат) саатынан кабар бер», деп айтышы, Кыямат кунуно болгон ыйман да абдан зарыл экендигин корсотуп турат. Ошону менен бирге, адамдардын арасында, айрыкча, Кыяматка ишенбоочулордун арасында учурай турган «Кыямат сааты» жонундогу суроого ачык-айкын жооп берууну талап кылып жатат.
Чындыгында Кыямат сааты качан экени жонундогу суроо илгертен бери берилет, азыр да тез-тез кайталанып турат. Азыркы мезгилде ушул суроо жалган козу ачыктар менен чыныгы Пайгамбардын ортосундагы айрыманы аныктап бере турган да суроо. Жалган козу ачыктар озунун айланасындагы жахилдердин (туркойлордун) мактоолоруна берилип кетип, кобунчо Кыямат кунун жана саатын алдын ала белгилеп коюп шерменде болушкан жана болушууда.
«Кыямат сааты качан болот?» деген суроого бирден-бир туура жооп Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи вассаламдын ушул куттуу хадисинде берген жообу. Бул жооп абдан жонокой жана кыскача жооп.
«Суралуучу ал тууралуу суроочудан билимдууроок эмес».
Башкача айтканда сен бул нерсени билбей менден сурап жатасын, бирок мен да сен сыяктуу Кыямат саатын билбеймин. Суроочу мурдагы суроолорунун жообун билип туруп сураган. Ошондуктан да жообун уккан сон «Туура айттын!» деп тастыктаган. Бирок, Кыямат саатын качан болушун билбей туруп суруган. Суралган адам да жооп бере албастыгын билген.
Ушул жооптор аркылуу Мухаммад саллаллоху алейхи васалламдын улуулугу озгочо корунуп турат. Озун ээрчиген, ал затты инсанияттын (адамзаттын) эн артыгы деп билген жана Аллахтын Расулу, деп чын ыклас кылган кишилердин алдында жат адамдын суроосуна ачык эле «билбеймин», деп жооп беруудо. Озунун абалын ачык тан алууда. Азыркы кундо кээ бир кишилер оздорун корсотуу жана билбей турган нерселерин да билгендей корунуу учун ар турдуу коз боемочулуктарды кылышат. Жалган суйлошот. Чындыгында болсо бул иши оз кемчиликтеринин башы экенин тушунууну да каалашпайт.
Мухаммад саллаллоху алейхи васаллам болсо озуно тиешелууу нерсеге ачык-айкын жооп берген. Билбей турганын да ачык эле «билбеймин» деп айткан. Анткени бардык нерсени билуу бир гана Аллахка тиешелуу. Бир канча нерселер бар аларды бир гана Аллах Тааланын Озу гана билет. Ошол нерселердин бири Кыямат саатынын качан болоору. Ошондуктан имам Бухарий жана имам Муслим Абу Хурайра разияллоху анхудан кылган башка бир рыбаятында жогорку суроого жооп берип жатып Расулуллах саллаллоху алейхи вассалам:
«Ал (башкача айтканда Кыямат сааты) Аллахтан башка эч ким билбей турган беш нерсенин ичинде», деди жана: «Албетте, Аллахтын алдында Кыямат сааты илими бар…» аятын тилеват кылды.
Башкача айтканда, бу маселе бир гана Аллахтын Озу гана биле турган иштерден бири экенин баяндады да, ага аяттан далил келтирди. Ушул нерсе да Мухаммад саллаллоху алейхи вассаламдын Аллахтын чыныгы пайгамбары-элчиси экендигинин жаркын далили. Ал киши Аллахтын билдирген нерселерин уммотторуно жеткирген. Билдирбеген нерселерин «билбеймин», деп айткан. Бир гана жалган талапкерлер гана бардык нерсени билемин, деп чиренишет.
Ооба Кыямат сааты качан болоорун Аллахтан башка эч ким билбейт. Эгерде бироо билиши мумкун болгондо Мухаммад саллаллоху алейхи васаллам билиши керек эле. Бирок Аллах Таала ал зат саллаллоху алейхи васалламга Кыяматтын белгилерин билдирген. Ошондуктан да суроого:
«Анын белгилеринен кабар бер», дегенде Кыямат сааты жакындашкандыгынан кабар беруучу нерселерден экоону айтып:
«Кун оз кожоюнун торогону. Жыланайлак, жыланач, кембагал койчулардын уй курууда бири - биринен озуп кетууго аракеттенгендерин коргонун», деди.
«Кун оз кожоюунун дегенде саййид жана саййдасын, эки турдуу рыбаятта эки жыныска ишарат болгон экен. Башкача айтканда, кун аялдын озу торогон уулу же кызы озуно кожоюун болгонун коросуз, ушул иштер ишке ашат деген.
«Кун оз кожоюнун торошу дегенди кандай тушунуу керек, деген маселеде уламаларыбыз бир нече турдуу пикирлерди айтышкан. Ошондой пикирлердин биринде: «Мунун мааниси балдардын арасында ак болгондор кобойуп кетип, уул-кыздар оз энелерин урматтабай дал эле кундорго мамиле кылгандай мамиледе болууларуна ишара», деген. Аллах Таала аларга ырайым кылсын, дал эле азыркы кунду назарда тутуп айтып жатканга окшойт. Эгерде ушул маанини ала турган болсок, Кыямат кайымдын дагы бир белгиси ишке ашып, анын кайым болушуна жакындашканын андайбыз.
Ушул хадисте айтылган Кыяматтын экинчи белгиси, башкача айтканда жыланайлак, жыланач кембагалдар койчулардын уй курууда бири-биринен озууга аракеттениши. Илгерки уламаларыбыз чол калкы - уй эмне экенин билбей, чатырда жашап жургон адамдар жонундо алар абал озгоруусу менен уй-жайга ээ болуп, сыймыктануу учун бири-биринен коозураак, бийигирээк уй курууга киришип кетишет, деп айтылган. Буга оз замандарынан мисал келтиришкен. Бирок азыркы биздин заманыбызда, айрыкча Арабыстан жарым аралынын турдуу жерлеринде бийик даражага жетишкендер жана алардын урпактары кооздукка, зыйнатка, наам чыгарууга, негизинен уй курууга берилип кеткенин корушкондо, Кыямат кайым болоруна абдан аз калыптыр деп айтуулары турган соз эле. Албетте Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васаллам бул хадисти айткан мезгилде мындай создор жок болчу, кийин пайда болду. Бул да Мухаммад саллаллоху алейхи васалламдын чыныгы пайгамбар экендигинин айкын далили.
Кыяматтын ушул эки белгисинен башка дагы бир канча белгилери бар, аларды кези келгенде уйронобуз.
Хадистен алынган пайдалар:
1.Ислам негиздери – куболук (шахадат), намаз, зекет, орозо жана ажылыктан турары. Алар Ислам имаратынын туркуктору экендиги тууралуу биринчи хадисте айтып оттук.
2.Ыймандын негиздери – Аллахга, Анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына, Акырет кунуно, жакшы жаман тагдыр Аллахтан экенине ишенуу жана аларды тастыктоодон турат.
Уламаларыбыз Ислам менен Ыймандын ортосундагы байланыш, айрыма жана «кайсыл бири негизги», деген сыяктуу суроолор тууралуу узундан-узун талашып тартышууларды жургузушкон. Алардын бул тууралуу атайын китеп жазгандары да бар. Бирок создон жыйынтыгы – Ислам жана Ыйман тушунуктору жалпы турдо бири бирине жуурулушуп кете бере турган тушунуктор. Бирок экоону эки башка-башка алып карай турган болсок, Ыйман - этикат теориялык маселелерине, Ислам болсо, моюн сунуу амал кылуу маселелерине тиешелуу.
3.Эхсан пенденин Аллахты коруп тургандай ыклас менен Ага ибадат кылуусу, ишенуусу, ошондой жашоосу. Эч болбосо «Аллах мени коруп турат» деген ишеним менен, ошого ылайык амал кылуусу, жашоосу болуп бул даражага жетпеген адам эхсан-ыклас даражасына жетпеген деп эсептелет.
4.Кыямат саатынын качан болоорун Аллах Таала гана билет. Башкалар болсо, Кыяматты Пайгамбар саллаллоху алейхи васаллам баян кылган белгилеринан гана билишет.
5.Булардын баары кошулуп, дин делет. Анткени ушул нерселерди сураган адам кайтып кеткенден кийин, Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васаллам сахабаларына:
«Аны кайтаргыла», деди. Сахабалар карап, эч кимди коро алган жок. Ошондо Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васаллам аларга:
«Бул Жабраил. Адамдарга динди уйроткону келиптир», деди. Башкача айтканда анын суроолору адамдарга динин уйротуу максатында берилген эле, деди. Ушундан, бул суроолордо айтылган маселелердин топтому «дин» экени тушунулот.
Биз уйронуп жаткан рыбаяттын ушул жери азирети Умардын билгендеринин негизинде баян кылынган. Башкача айтканда баягы суроочу суроолорун берип, жоопторун угуп ордунан туруп кеткен сон, азирети Умар туруп кеткен. Расулуллах саллаллоху алайхи васалламдын «Аны кайтаргыла» дегенинен баштап аягына чейин болгон создорду ал киши уккан эмес. Балким, озуно тиешелуу башкача уландынын кубосу болгон. Азирети Умар оз куболугун томондогудой баян кылат:
«Анан ал кайтып кетти», башкача айтканда суроо беруучу туруп кетти.
«Кийин мен бир нече убакыт жок болдум».
Башка бир рыбаятта, уч кун кайып болдум, деген. Кийин дагы Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васаллам менен жолугушкан. Ошондо Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васаллам уч кун мурда болуп откон окуяны эстеп:
«Эй Умар, суроочу ким экендигин билдинби?» деди.
Азирети Умар:
«Аллах жана Анын Расулу билуучуроок», деп жооп берди.
Ал зат саллаллоху алейхи васаллам:
«Албетте, ал Жабраил. Силерге динден таалим бергени келиптир», деди.
6.Периште ар турдуу инсандардын келбетинде корунушу мумкун экен. Жабраил алейхиссалам Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васалламдын жанына адам келбетинде келгенде кобуроок Дихятул Калбий аттуу сахаба келбетинде келген. Бирок бул хадисте бироо тааныбай турган адам келбетинде келгендиги айтылууда. Демек, ал зат Дихятул Калбий разияллоху анхунун келбетинен башка кебетте да келген болуп чыгат.
7.Ушул хадисте айтылган нерселерге ыйман келтируу важибдиги.
8.Адамдарга уйротуу максатында билген нерсесин да суроо мумкун экендигин.
9.Эки билген адам бири сурап, экинчиси жооп берип, копчулукко диний таалим берууго боло тургандыгы.
10.Кыямат качан кайым болушун Аллахдан башка эч ким, ал гана эмес Пайгамбарлардын улугу Мухаммад саллаллоху алейхи васаллам да, периштелердин улугу Жабраил алейхиссалам да билбей тургандыгы.
11.Кыяматтын кээ бир белгилерин билууго боло тургандыгын.
12.Башчы жана устаздардын алдында адеп менен туруу. Сахабалар мына ошондой адеп орнокторун (улгулорун) корсотуп, оздору тааныбай турган жат адам келип, Расулуллах саллаллоху алейхи васалламга суроолорду бергенде унчукпай турушту. Ал кеткенден кийин да ал ким эле деп сурашпады.
13.Жетекчи жана устаздар копчулук билбей калган, бирок билуулору зарыл нерселерди суроо кутпой айтып беруулору керек экендигин. Анткени Расулу акрам саллаллоху алейхи васаллам ошондой кылды.
14.Жабраил алейхиссалам Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васалламдын алдында чоголоп, колдорун сандарына коюп олтурушунан илим талапкеринин адептерин уйронуп алабыз.
15.Пайгамбарыбыз саллолоху алейхи васаллам бир гана суроо беруу менен чектелген Жабраил алейхиссаламды таалим бергени келиптир, дегенинен, жакшы жана орундуу суроо таалим ордуна оторун билип алабыз.
16.Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васаллам «Суралуучу бул тууралуу суроочудан билимдуурок эмес», деп айтышы да илим экени тушунулот.
17.Жабраил алейхиссалам Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васалламдын жообунан сон: «Туура айттын», деп тастыкташынан, билген адам жооптон канааттангандыгын ушул жол менен билдириши мумкун экендиги келип чыгат.
Куттуу хадистен чыга турган даанышмандыктар:
Ушул куттуу хадистен абдан коп даанышмандыктардын чыгышын аны менен таанышуу мезгилинде тушунуп жеттик. Бул хадис оз ичине алган мазмундардын даанышмандыгы, анын адамзатка жеткирген пайдалары тууралуу сансыз китептер жазылып, коптогон создор айтылган. Биз болсо, оз адатыбыз боюнча кыска жана негизги талкуулоолор менен чектелебиз.
Созду ушул хадистеги ыйман жана анын туркуктору жонундогу мазмундардан баштайбыз. Ыймандын инсан жашоосундагы мааниси чексиз экени адамзат ыймансыздык жапасын тартып коргон сон гана тушунуп жетип турат. Илгертен ыймансыздыктын турдуу корунуштору болуп келсе да ал бар акыйкат сыпатында жашоонун чындыгы катары тан алынган эмес. Адамдар ар турдуу абалда ыйманга (ыйманга муктаж экендиктерине) жуз бурат эле. Копчулуктун катасы Аллах баян кылган даражада ыйманга багыт алуу эмес болчу. Эч ким Аллах Тааланы жок дебейт эле, бирок копчулук ага ширк келтирип, ысмын, сыпатын жана амалдарынын кээ бирлеринен баш тартып же туура эмес тушунукто болушат эле. Ошондуктан да илгерки акыйда китептерибизде Аллахтын барлыгы жонундо эмес, Ал Зат Тааланын тавхиди, сыпаттары, ысымдары жана амалдары тууралуу соз жургузулгон. Акыйда уламалары Аллахтын бар экендигин аз сандуу кайдыгерлерден тышкары баардык инсандар эле конул буруусу, маани бербегендиктен эмес, баардыгы тан алгандыгы учун бул маселеде коп пикир жургузуп олтурушкан эмес.
Исламда ыйман Аллах Тааладан пенделерине берилген нематтардын эн улугу сыпатында кадырланат. Ислам инсандын кадырын ыйман менен олчойт. Ыймансыз адам эки дуйнодо эч нерсеге жетише албай тургандыгын катуу эскертет. Ислам бардык нерсе ыймандын негизинде алып барылышына айрыкча маани берет.
Ушул куттуу хадисте Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи вассалам Жабраил алейхиссаламдын «мага ыйман тууралуу кабар бер» суроосуна жооп кылып, биринчи болуп, «Аллахка болгон ыйманды» айтты.
Чындыгында, Аллахка болгон ыйман бул маселеде башкы туркук болуп эсептелет. Аллахка ыйман болбосо, башка нерсеге ыйман болушу мумкун эмес. Ошондой экен, ыйман маселесинин баш туркугу болгон Аллахка ыйман келтируунун озу эмне?
Исламдык коз караштагы Аллахка болгон ыйман Аллах Тааланын барлыгына, жалгыздыгына, жаратуучу экендигине, ар бир нерсени оболтон даярдап коючу (мудаббир) экендигине, разыктыгына башка сыпаттары жана ысым амалдарына тил менен ыйман келтируу, дил менен тастыктоо жана дене менен амал кылуу болуп эсептелет. Бул ыйман Аллах Тааланын Озу жана Аллахтын Расулу саллаллоху алейхи васаллам баян кылгандай болушу зарыл.
Туура кээ бир уламалар ыймандын тушунук маанисине амал кошулбайт деген, бирок бул создогу карама-каршылык болуп, амал ыймандын ажырагыс болуугу экенине баардыгы ынанган. Соз ыйман амал кылынбаган учурда жалган болобу, жокпу деген суроодон келип чыккан тартышуу тууралуу болууда. Кээ бироолор момун киши ыйманга тескери иш кылышы менен капырга айланат, дешкен. Башкалар болсо, бул абалда дароо ыймандан чыгып, капырга айланбайт, башкача айтканда ыйманга тетири амал кылуусу момунду дароо ыймандан чыгарбайт, андай адам чон куноо кылган болот, кылган куноосу учун жоопкер болот. Эгерде «ошол куноону кылса боло берет» деген ишенимде болсо капыр болот. Бирок куноо кылганына бушайман болуп, кайта кылбоого убадасы болсо, куноосуно жараша шарий (шариятка ылайык) жаза алат да момун боюнча калат, дешкен. Бул талаш-тартыш откон замандардагы уламаларыбыздын ортосунда абдан кызыган. Бирок алардын бироосу да ыйман тыю салган амалдарды кылса болот, деп айтпаган.
Ооба Аллахка болгон ыйман оз ээсин ар бир нерседе Аллахтын амири (буйругу) менен жашоого чакырат. Аллахка ыйманы бар адам: «Ар бир ишимди-кылмышымды Аллах коруп турат», деген ишеним менен жашайт. Ошондуктан ал бир гана Аллахка жага турган иштерди кылып жашайт. Ошондуктан ар дайым озунон жакшы ун, соз, жана маанилуу создорду айтууга аракет кылат.
Аллахка ыйманы бар адам: «Ар бир кылып жаткан нерсемди Аллах эсептеп турат, Кыямат куну суроо-сурак кылат», деген ишенич менен жашайт. Ошол учун да, ар дайым жакшылык кылып, жамандыктан качат.
Аллахка ыйманы бар адам: «Тообону бир гана Аллах кабыл алат», деген ишеним менен жашайт. Ошондуктан озунон ката кетсе, дароо тообо кылууга, чын дилден кайгырууга, ошол катаны кайра кайталабоого шашат.
Аллахка ыйманы бар адам бардык жакшы фазилеттерди озуно топтоого, бардык жамандыктардан четте болууга аракет кылат. Бул болсо, ар бир инсан учун, ар бир уй-було учун, ар бир коом учун жана бутундуй адамзат учун ото маанилуу нерселер экенин адамдар коруп-билип турушат.
Ооба башка маселелер катары ыйман маселесинде да бардык нерсе Аллахтын Озу корсоткондой болуусу керек. Инсан озунчо: «Ага ыйман келтиремин, мунусуна ыйман келтирбеймин» деп айтуусу кулкулуу. Анда ыйман-ишеним, дин маселелеринде Аллах эмес, пенде оз пикири менен эреже чыгарган болот.
Аллахка ыйман кандай болушу керектигин Аллахтын Озу баян кылып бериши бир гана Исламга гана тиешелуу. Ошондой эле Аллахтан башкага ыйман келтируу зарыл болгон нерселерди Аллах баян кылып бериши да бир гана Исламга тиешелуу. Ошонун ичинен ушул биз уйронуп жаткан хадисте бул акыйкаттын баяны кыскача келгени айтып отулот.
Аллахтын периштелерине болгон ыйман да чон даанышмандыктарга ээ. Периштелерге болгон ыйман ар бир жеке адам, жамаат жана бардык адамзат учун ото пайдалуу. Аллахтын адам козуно корунбой турган, чарчабай турган, наадандыкта калбай турган, куноо кылбай турган, оздоруно берилген буйрукту созсуз аткар турган жана дагы бир нече улуу сыпаттарга ээ болгон «периштелер» деп аталган аскерлери бар экендигине ыйман келтируу качан, кимге зыян келтириптир?
Момун-мусулман инсан озун эки периште коштоп журооруно ишенет. Эгерде озу туура журуп, туура турса, ошол эки периште Аллахтын буйругу менен аны коргоосуна ыйман келтирет. Ошол периштелердин бири жакшы амалдарын, экинчиси жаман амалдарын тырнактай болсо да намаи амалына (эсеп дептерине) жазып турарына, Кыямат куну ошол жазылган нерселердин негизинде эсеп-китеп болооруна ыйман келтирет. Бул болсо, ар бир инсанды дайыма жакшылык кылып, жамандыктан качууга ундоочу ото чон туртку. Бул туртку ар бир инсан, коом жана бардык инсаният (адамзат) учун ото зарыл.
Периштелерге ыйман болбогон коомдо болсо, адамдар каалаган жамандыгын каалаган учурда, каалаган жерде кыла турган болот. Ыймансыз коомдун оз ой-пикирлери менен мыйзам тузуучулор ойлоп чыгарган уяттуулук сыяктуу нерселер пайда бербейт. Анткени ыймансызда уяттуулук болушу эч мумкун эмес.
Ыймансыздыктын натыйжасында инсан табияты да бузулат. Кээ бир инсандар озуно болгон ишенимди жоготуп, коркок, оздугу (личность) жок болуп калышат. Башкалары болсо ар кандай жамандыктан баш тартпай турган жапайы махлукка айланышат.
Ошондой эле, периштелерге ыйманы бузук болгон олколордо жана калктарда да турдуу койгойлор келип чыгат. Алардын кээ бирлери периштелерди Аллахка ширк келтирсе, башкалары доо, пери жана оздору ойлоп чыгарган нерселерге аралаштырып жиберишет. Акыбетте турдуу залакалуу урп-адаттар жана ысырапкерчиликтер келип чыгат. Демек, биз мусулмандар башка нерселердеги сыяктуу, периштелер жонундо да эн туура ыйманга ээ экенибиз менен сыймыктанышыбыз жана андан пайдаланышыбыз зарыл.
Аллахтын Китептерине ыйман келтируу да улуу даанышмандыктарга ээ. Бул болсо Аллах Таала маал-маалы менен пенделерине озунун Китептерин, башкача айтканда корсотмолорунун жыйнагын тушуруп, аларды эки дуйно бактылуулугуна жетишуу жолуна жолдоп турганын ыйман келтируу болуп эсептелет. Бул Аллах ар бир заманды озуно жараша китеп менен камсыздап, аста-секин адамзатты даярдап барганы жана ийгиликке жеткиргенине ыйман келтируу. Бул инсаният оз денгээлине жеткенде Аллах, ага жетик Китеп, Кыяматка чейин керемет болуп калуучу Ыйык Куранды тушургонуно ыйман келтируу. Бул болсо инсаният мындан кийин Куранга амал кылганда гана максатына жетуусу мумкун экендигине ыйман келтируу.
Аллахтын Китептерине ыйман келтирбей турган инсан болсо, ушул жакшылыктардын бардыгына, инсандын негизи, угуту бир экенине куфур келтируучулор. Алар Аллах инсанды улуулап, ага Оз таалимдерин бергенине, башка махлуктардан устом экенин тастыктап бергенине куфур келтируучулор. Ошондуктан да, Аллахтын Китептерине же алардын кээ бирлерине ыйман келтирбегендерден бир гана жамандык чыгат.
Аллахтын пайгамбарларына ыйман келтируу да абдан даанышмандуу иш. Аллах Таала инсандардын ичинде Озуно пайгамбар тандап алуусунун озу, инсаният учун чон жакшылык. Адам Атадан баштап, Мухаммад саллаллоху алейхи васалламга чейин болгон пайгамбарлардын тизмеги болсо, адамзаттын жакшылык тизмеги. Пайгамбар алейхиссаламдар адамзат учун улуу жакшылык, сыймык болгон адамдар. Алар Раббил ааламиндин корсотмолорун адамдарга жеткирген адамдары. Алардын баардыгы бир Аллахтын пенделери, бир Аллахтын пайгамбарлары. Алар бир-бири менен биртууган. Алар бири-бирин толуктап, бири-бирин тастыктап келишкен. Алар аркылуу адамзаттын башаты бир экени, бир Аллахка сыйынганы, бир динге амал кылганы тушунулот. Ошондуктан дагы Исламда алардын ортосун ажыратпай, баарына бирдей ыйман келтируу парз. Пайгамбар алейхиссаламдардан бироону эле тан албай койгон адам, баардык пайгамбарларды тан албай койгон адам сыяктуу капыр болот.
Пайгамбар алейхиссаламдардын ар бири жакшылык, фазилет жаатында адамзат учун орнок жана улгу болот. Алардын ар бири хидаят (жакшылык) маягы. Алардын акыркысы Мухаммад саллаллоху алейхи васаллам Кыяматка чейин бардык адамзатка орнок болуп саналат. Адамзат бугунку кундо пайгамбарлардан орнок жана улгу алууга муктаж бир абалга келген. Ал учун алардын (пайгамбарлардын) урмат сыйын жайына коюу, аларга Ислам корсоткондой ыйман келтируу зарыл. Анткени Исламдан башка дин жана ишенимдерде бул нерсе жок.
Ыймансыздар адамзат тарыхынын гултаажысы болгон Пайгамбар алейхиссаламдарды айлакер, жалганчы, бузукулар деп жарыялашты жана муну менен адамзат кадырын дагы бир жолу жерге урду. Ыймансыздар адамзатты пайгамбарлардан эмес, оздорунун нафси бузук, зынаакор, араккеч, маймыл сыяктуу башчыларынан орнок алууга чакырышты. Алар айтып отулгон маклуктарды пайгамбарлардан жогору коюуп, артыкча кылып корсотууго аракет кылышты. Бирок убакты-сааты келип, алар сыйынып жургон адамдар шайтандан бетер, эн томонку даражадагы махлуктар экени маалым болду.
Исламдан башка кээ бир диндерде пайгамбар алейхиссаламдардын кээ бирлерин оз кызы менен зына кылууда айыптап, кээ бирлерин таптакыр эле тан алышкан жок. Башка бир динде болсо, аларды илахийлештирип жиберишти. Кудайдын уулу же кудай деп сыйынышты. Бул сыяктуу каталар толуп жатат. Демек, бул маселеде бардык нерсе оз ордуна тушуусу учун да Ислам керек.
Ислам Акырет кунуно ыйман келтирууну да ыймандагы рукун маселелерден кылган. Ыйман келтируу зарыл болгон нерселердин ичинде бул маселеге озгочо конул бурулат. Эмне себептен мындай кылынганын бугунку кундо жакшы тушунуп турабыз.
Акырет кунуно ыйман болбосо же айтылган кунго ыйманы алсыз болгондо адамзат кыйроого жуз бурушун турмуш корсотту. Акырет кунундо бардык адамдар кайра тирилишине, бул дуйнодо кылган амалдарынын тырнактайы учун да сыйлык же жаза алууга ыйманы жок адамдан жакшылык чыгышы кыйыныраак. Эгерде Акырет кунуно ыйман-ишеним калбаса, жер жузундо жакшылык жана адилеттуулукко жетишууго болбойт. Акырет кунуно ыйманы жоголуп, «Адам олгондон сон чирип жок болот, кайта тирилбейт», деген пикир устомдук кылса, жер жузундо кучтуу алсызды жеп тугото турган «жапайы мыйзамдары» орнойт. Ооба, эгерде заалим зулумуна (кылмышына) жооп бербесе, жалганчы-алдамчы оз жалганы, айлакерлиги менен доор суруп калуу аракетинде болсо, бардыгы бул жалган дуйно матасы учун ар кандай жамандыктан, ыпластыктан кайтпаса бул дуйно кандай дуйно болот? Кучсуздор, алсыз, бечаралардын абалы эмне болот? Жашоо оз-озунон чексиз азапка айланып, коомдо умутсуздук, конулкоштук жана озун-озу олтуруу кобойуп кетпейби?
Айтылган балээ-апааттардан кутулуу учун адамдар ынсаптуу, акниет, туурасоз болуулары, бардык жамандыктардан кайтуулары керек. Жамандыктан кайтуу учун болсо Акырет кунуно ыйман албетте зарыл.
Биз уйронуп жаткан хадисте айтылып жаткан эхсан-ыкласга адамзат бугунку кундо канчалык муктаж экендигин айтып олтурбасак да белгилуу.
«Аллахка дал эле Аны коруп турганындай, эгерде сен Аны корбосон, Ал сени коруп тургандай ибадат кылуун».
Бугунку дуйнобуздун негизги кыйынчылыгы, Аллахты коруп тургандай ибадат кыла тургандардын жоктугунда. Бугунку ааламыбыздын мушкулу анда «Аллах мени коруп турат», деген ишеним менен ибадат кылып жашоочулардын жоктугу же ото аздыгында. Ошондуктан эч бир нерседе ыклас жок. Эч бир нерсени жакшылап аткаруу жок. Акыбети болсо баарыбызга маалым.
Ислам болсо, бул абалды он беш кылым мурда Ислам жана Ыймандын жогорку даражасына айландырган. Эхсан-ыклас деген сезимди жогору кылган. Чындыгында, момун-мусулмандардын ичинде ушул даражага жетишкендер коп болгон доорлордо алар дуйнону башкарды. Бул даражадагылар азайганда болсо ааламда алардын орду да томондоду. Бул даражадагылар жок болгондо болсо, мусулмандардын даражасы томондоп, жок даражага келди.

Комментарии