»»»»Ак кеме«««« 1 болук.

Бу баланын эки жомогу боло турган.Бири-жаан билбеген өз жомогу,экинчисин таятасынан уккан.Акырында эки жомогунун бири да калбады.Кеп оролу ушунда.
Ошол жылы бала жетиге толуп,сегизге аяк баскан.
Оболу кара дермантин портфель колго тийди.Боорунда калем-салем салар жамак чонтоктүү,жылтырага темир килити бар,кулпунун тилин тээке салса,чырк этип бекип калат.Кыскасы окуучунун кадимки портфели. Бирок балага кадимки эмес,укмуш көрүндү.Кеп ушул портфелден башталды.
Китеп капты кыдырма дүкөндөн таятасы сатып берген. Бул жердегилер,,Апталап" деп коюшат.Тоодогу малчыларды тейлеген автолавка кээде Сан-таштын токойлоруна кайрылып калаар эле
Кордон деп койот токойчулардан турган жерин,ушул жерден көкту-колотту өрттөп,кыр кырдын тескей боорун таянып,ынкып өскон корук токой бар.Көрдөндө тургандар болгону үч түтүн журт.Ошого карабай кээде соодасы кемчил болгондо,,Апталап"-машине-дүкон токойчуларга кайрылып калат.
Үч үйдүн ортосундагы жалгыз бала,,Апталапты"баарынан мурда көрөт.
-Келатат!-ал эшик-терезелердин түбүнөн кыйкырып өтөт.-Машине-дүкөн келатат.Атпагыла!Атпагыла!
Ыссык-Көлдүн жакасынан башталган араба жол капчыгайы өрдөп ,суу бойлоп олтуруп,ушерге келет. Өнгүл-дөнгул сызма жолдо машиненин жүрүшү да оной эмес.Капчыгайдын таманынан кароол дөбөнүн белине чыккычакты жантай боордо өлүп-талат,анан кароолчулардын короо-жайына жеткиче энкейиш апай бетте декилдеп журуп олтурат. Кароол добо жакын,жайкысын бала кудайдын кутту куну жугуруп чыгып көзгө дүрбү салат. Кароол дөбө дегенчелик бар,ал жерден таман алдындагы кара жолдон аттуусубу-жөөсүбү,кыбыр эткендин баары алакан отургандай көрүнүп турат. А машинени айтпай эле кой,төтөн даана.
Мурда бир жолу бала апай бетте чан уюлгутуп келаткан машиненин тосмо көлчүгүндө киринип жатып көргөн. Анда жайдын ыссык кези. Тосмону агын суунун тайыз жээгине таятасы тосуп берген. Ким билет,ушул тосмо болбосо бала бу күндө тирүү ойноп журөт беле,жок беле. Таенеси айткандай ,кашка суу алда канча баланын этин мүлжүп,сөөгү Ыссык-Көлгө буркуп салмак.Сөөктөүн былык-балырлар жыттагылап,дыр кое уркүп турмак. Издеп алар күйөөрү жок,сууга тушпо деп канча какшаса да болбогон тил азар баланы ким жоктомок,ким кейимек. Багы бар экен,азырынча сууга кете элек. Ал жерде кокус болсо таенеси жанын таштап,сууга бой ураарын кудай билет. Өз болсо да бир жөн,өгөйсүн деп жүрбөйбү таенеси.Кара жаныны курч уруп канча куйбөгүн,өгөйдөн убай буюрбайт.Өгөйсүнбү.....деген ошондон. А эгер бала өгөй болбойм деп чыркырасачы.Эмне үчүн бала гана өгөй болушу керек.А балким,бала эмес,таене өзу өгөйдүр.
Бирок бу сөз кийин болсун,таятасы калап берген тосмону да кийин айтайлы.
Ошентип,бала тиги жантай боордо чан уюлгутуп келе жаткан машинени коро койду. Анан калса ошол куну китеп кап колуна тийерин билгендей аптыга сүйүндү. Суудан ыргып чыгып,ыштанын ана-мына кийди да,кургабастан,көгөргөн эриндерин кымтый албай,жалгыз таман жол менен уйго чуркады,машине-дүкөндун кабарын элден мурун жар салууга шашты. Шыралжын туптөн секирип,көрүм таштарды буйтап,эч жерге буйталбастан чымылдай
чуркады бала. Жайында баратса ардемеге бир токтоп,чөп болсо сыдырып,таш болсо сылап,сүйлөшүп өтмөк. Азыр ал достору таарынат бекен деп ойлободу.,,машине-дүкөн келетат.Сага анан келем деп -деп өттү чөгүп жаткан,,төө-ташка".Жоонун энилчек басып,бел чемесин жерге батып,чоккөн төөгө окшош ташты Төө-таш деп атап алган бала.Башка учурда анын өркөчүнөн таптай койбой,кыя өтпөйт. Таптаганда да таятасы чолок куйрук чөбүрүн,,азыр келем,күтө тур"дегенсип таптаганын көргөн,ошентип таптайт.
Баланын ат койбогон ташы жок. Дагы бир корум,,ЭЭр-таш"аталат. Жерден чыккан көөдөнү бурулуп,жоону кара,кайкы бел корумду,,ЭЭр-Таш"дейт. Дагы бир ,,Кашабан"деген ташы бар,куду кок жал бөрү кейиптенип көксүр,жалы түктүү,жар кабак. ,,Кашабанга"бала ар качан өтүп келип,мылтыгын мээлейт да,,,тарс" атып жиберип,анан учурашат.Баарынан анык ташы,,Танке-Таш". Керстендей болуп күрсүйүп,кемерлүү жээкте жатат. Куркүрөп-шаркырап азыр эле сууну жиреп кирчүдой,ак көбүк чачыратып,буркан-шаркан түшүрчүдөй.Кинодогу танкалар ошентип журөт эмеспи,ойду-тоону кенебей.суу бет келсе шыйрагына тенебей.опуруп-жапырып кете берет эмеспи.Тиги белдин нары түбүндө айыл бар,кино болуп турат,таятасы баланы эки-үч жолу алып барып келет. Мобу сууга тумшугун малып олтуруп калат. Дагы башка тааныш таштар коп:бири,,жаман",бири,,жакшы",атүгүл,,митаам", ,,куукаптал", ,,макоолору"да бар.
Бала чоптөрду да кыял-мунозуно жараша бөлүштүрүп алган, ,,жакшы көргөнү"да, ,,жаман көргөнү" бар,атүгүл ,,ачуулусу" да жок эмес. Мисалы көк коко тикен айыгышкан душманы,күндө нечен иреет чабышып өтпөсө чыдап тура албайт. Бирок,кимиси женеери белгисиз,коко кун санап көбөйуп,өсүп бара жатат. А тиги жол жээктей жер бортоктоп өскөн чырмок болсо,өтөө деп эл жаман көргөнүнө карабай,балага сүйгүнчүк,эстүү чөбүм,жымыгый чөбүм деп келет аны. Башка чөптөр түшпү,кечпи капарына албай өз бетинче өсүп атса,чырмоок күнгө алгач гүл ачып салам айтат.Кундүн нуру мандайын жылыткан кезде кулмүндөп көзүн ача келет.Оболу бир көзүн акырын ачып,анан экинчи көзүн,анан көздөрү жумулуп жаткан гүлдорү биринен сала бири жыбырап ачылат.Ак гүлү,ак көгуш гүлү,дагы башка-башка түстөгү тенге гүлдөрү бар чырмооктун..эгер жанында тынч олтурсан,көз ачкан гүлдөр өз ара бир кызык сырдашып жаткандай туюлат.Адам эмес кумурска билет,гүлдөрдүн бул өнөрун. Эрте менен чырмокту бойлой жүгүрүп бара жатышып,кумурскалар күн нуруна көз уялып токтоп калышат да,гүлдордүн ангемесин угушат. Гүлдөр эмнени сүйлөшүп жатты экен ал учурда.А балким түш жорушуп жатышкандыр...
Даярдаган: Исанов Медетбек.

»»»»Ак кеме«««« 1 болук. - 835616927391
»»»»Ак кеме«««« 1 болук. - 835616954783

Комментарии