Китептин тарыхы

Китептин тарыхы - 805562644391
Ар бир билимдүү адам өзүнүн билимин жогорулатуу үчүн дайыма китеп окуп туруусу зарыл, жана китеп мындай адамдарга эң мыкты жардамчы болмокчу. Ал эми биринчи китептер кантип пайда болгону жөнүндө силер ойлонуп көрдүнөр беле? "Китептин тарыхы" абдан кызыктуу.

Белгилүү болгондой байыркы заманда оозеки сөз, келечек муундарга билим берүүнүн жападан жалгыз ыкмасы болуучу. Андан соң байыркы цивилизация кат сабаттынын ойлоп таап, ар кандай жазуулар үчүн жыгачтын кабыгын, чопо такталарын, жука металл баракчаларын, таш беттерин жана башкаларды колдонушкан. Байыркы Египетте жазууларды папирустун (тропик камыш өсүмдүгү) баракчаларына жазышкан. Мындай жазуу биздин заманга чейин 2400-жылдарга таандык. Папирустун баракчаларын атайын свитоктордо сакташкан. Грецияда кат сабаттуулук жана папирус 9 же 10-кылымдарда пайда болгон. Мектептерде жана ар кандай бухгалтердик эсептерде момдон жасалган такталарды колдонушкан. Момдон жасалган такталардын жакшы жагы, алардын бир нече ирет колдонууга болгон мүмкүндүгүндө: момду эритип, кайра-кайра жазышкан. Мом такталарын негизинен бири-бири менен байлап коюшкан, балким азыркы китептердин прототиби ушундан улам чыкса керек.
Биздин замандын 1-кылымында кодекс аталган байыркы кол жазмалар пайда болгон. 3-кылымда алар акырындык менен папирустардын ордун ала баштайт, анткени кол жазма үчүн дагы бир материал пайда болгон, ал - "пергамент" (кагаз ойлоп чыгарылганга чейин жазуу үчүн колдонулган музоо терисинен жасалган жука материал). 6-кылымда кол жазмалардын тексттерин кайра жазуу ыкмасы менен колдонушкан, анткени ал кезде печаттык машинкалар же станоктор жок болгон. Пергаменттен жасалган бир китептин үстүндө беш адис иштеген: көчүрүүчүлөр, корректорлор (көчүрүүдө ката кеткен текстти оңдоочу же түзөтүүчү), иллюминаторлор (иллюстрацияларды тартуучу адам) жана сүрөтчүлөр. Көчүрүүчүлөр китептердин массалык чыгаруу жагында иштеп, каллиграфтар (так жана бат кат жазуучу адам) өзгөчө маанилүү китептердин үстүндө иштөөгө чакырылган. Корректорлор китепти анын баштапкы кол жазмасы менен салыштырып турган. Сүрөтчүлөр кызыл тамгаларды жазышкан. Ал эми иллюминаторлор айтып өткөндөй, иллюстрация жасоонун үстүндө эмгектенишкен.
Биринчи китептердин материалы катары пергамент же "велень" (торпоктун териси) колдонулган. Китептин тышын жыгачтан жасап, сыртын тери менен капташкан. Китептин арасындагы начар сапаттагы пергаментти кармап туруу максатында китептерди байламталар жана кыстырмалар менен камдашкан. Эски китептерди эстегилечи: көлөмү чоң, салмагы оор, сырдуу байламталар жана кыстырмалары менен. Андан соң гана орто кылымдардын аяк жагында коомдук китепканалар пайда болгон. Ал убакта баалуу китептерди уурдатпоо максатында аларды столго же китеп текчесине кыстырып, бекитип же байлап коюшкан.
Китептерди, шартка ылайык, монастырларда көчүрүп жазышкан. Көчүрүү процесси абдан узакка созулган жана чыдамдуулукту талап кылган иш болгон. 8-кылымда биринчи университеттер пайда болуп, натыйжада китепке болгон талап жогорулаган. Ошондо китептерди жаңы ыкма менен көчүрө баштаган: китепти барактарган бириңдетип, аларды көчүрүүчүлөргө беришкен. Ушуга себептүү китептерди чыгаруунун процесси кичине болсо да ылдамдаган. 15-кылымда Батыш Европада ксилография пайда болгон: жыгачтын бетине китеп барагынын матрицасы оюп-кырылып түшүрүлгөн. Андан соң ал матрицаны боёкко чөмүлтүп, печат баскандай барактын көптөгөн көчүрмөлөрүн жасашкан. Бирок ошого карабастан китептин ар бир барагы үчүн өзүнүн жеке матрицасы керек болгон. Ал эми жыгач матрицалар убакыттын өтүшү менен жарылып калган.
15-кылымда тандалма металл элементтери менен печаттык машина пайда болгон. Анын ойлоп табуучусу "Иоган Гуттенберг" саналат. "Кагаз" жана велень материалдары китеп чыгарууда 16-кылымга чейин бирдей көлөмдө колдонулган. Бирок кагаз материалы Европада 11-кылымда эле пайда болуп, 200-жылы эле Кытайда ойлоп табылган. 15-кылымда китептер абдан кымбат болуп, ага абдан аяр мамиле жасап колдонушкан. Мына ошол кезде чөп катты (китептин барактарынын арасына салынуучу тасма) ойлоп табышкан: алардын биринчилери жибектен жасалып, ар түрдүү саймалары менен болгон.
1800-жылдары пар менен иштеген печаттык машиналар абдан популярдуу болчу. 19-кылымдын аягында монотиптик жана линотиптик пресстер чыгат. Жана 20-кылымдын жарымында Европада жылына 200 000ден ашык китеп чыга баштайт. Ал эми азыркы учурда электрондук китеп деген түшүнүк таралууда, бирок булар жөнөкөй китептерди түртүп чыгара албайт, анткени алар ыңгайлуу жана популярдуу.
Китептин пайда болуу тарыхы мына ушундай - оор жана кызыктуу... Эми, кызыктуу китепти колуңарга алып окуудан мурда, байыркы заманда китептер кандай кымбат болгонун, адамдар аларды кандай баалганын жана китеп окуу алар үчүн чыныгы бакыт болгонун эсиңерден чыгарбагыла.
Кызыктуу фактылар:
Дүйнөдөгү эң чоң китеп катары Гигастын Кодекси (Codex Gigas) саналат - 13-кылымдын эбегейсиз зор кол жазма жыйнагы (640беттен туруп, мукаба көлөмүнүн бийиктиги 92см, жантык узундугу 50см, калындыгы 22см, ал эми салмагы 75кг).
Дүйнөдөгү эң кичине китеп болсо А. П. Чеховдун "Хамелеон" китеби саналат. Китептин өлчөмү 0,9х0,9мм. Ар бир барагында 11 саптан текст жазылып, 3 түстөгү иллюстрациадан турат. Барактарынын бардык саны 30. Китеп 1996-жылы А.И. Коненко тарабынан Омск шаарында басылган жана мукабаланган.
Брюстер Кейл аттуу адам Британияда биринчи дүйнөлүк бардык басма китептердин архивин ачам деген оюн билдирген.

Комментарии