Өмүр

Желдей жортуп өттү бир күн дагы да,
Ал өмүрдүн кетти келбес жагына.
Тирүү туруп болгум келбейт кабатыр
Кеткен күндүн келер түндүн баарына.
Өтөт күндөр бир-бирине окшобой,
Өтөт өмүр бир мүнөткө токтобой.
Өрттөй жанып жалындагын барыңда,
Өмүрүңдү өкүнүчкө коштобой.
Мейли жүз жыл, мейли миң жашагын,
Бирок чындык жер алдында жатарың.
Падыша бол кайырчы бол баарыбир
Өлүм үчүн бирдей сенин катарың.

Комментарии

  • 18 окт 2014 21:08
    биз конокбуз жашоодо,бул жашообуз жалган