Алыкул Осмонов

ТОЛКУН ЭМЕС, АЛ АК КУУ
Күздүн күнү көк көңүлсүз,
көл сулуу.
Калаа суук, бирок бул жер
жыпжылуу.
Коркпо менин кайык минген
жолдошум, Тээ агарган толкун эмес, ал
ак куу.
Кыштын күнү талаа
көрксүз, көк сулуу,
Ток пейилдүү кыштактар
бар жыпжылуу. Жымжырт жаткан биздин
өмүр ушул көл,
Толкун эмес, толкун эмес ал
ак куу.
30/X 1946

Комментарии

Комментариев нет.