АЙКӨЛ КЫРГЫЗ

Шаңдуу десе, шаңдуу сенин тоолоруң,
Айтып турат качан эмне болгонун.
0, кыргызым, узун жомок өмүрүң,
Бассаң керек миң жылдардын жолдорун?
Терең десең, терең сенин көлдөрүң,
Ким так айтат көлдөр эмне көргөнүн?
Башкасын кой, жалгыз Ысык-Көлүңө
Ким теңесин бүткүл дүйнө чөлдөрүн?
Тунук десе, тунук сенин Нарының,
Ырдап агат, үнүн тыңша шарынын.
Караңгыны билбесин деп, аябай
Бергенин көр электрдин жарыгын!
Курорт кайда, кыргыз сенин жергеңдей,
Күңгөй тоолор күн мейманга келгендей!
Жаркылдаган пейлиң үчүн бул жерди,
Жараткан күч сени сыйлап бергендей!
Айкөл кыргыз, конушуң суу башында,
Гүл жамынып жыргайт сенин ташың да.
Аба таза, салкын жайлоо, көк шибер!
Каалаганым, бул көркүңдү жашырба!
МЕКЕН
Учу-кыйры кең мекен,
Алдейлеген энем сен.
Бүт дүйнөнү кыдырсам,
Табалбаймын сага тең.
Демиң мага жалындай,
Ташың кымбат жанымдай.
Тунук кашка сууларың,
Жүрүп турган канымдай.
Булагыңдан суу ичем,
Гүлзарыңдан гүл үзөм.
Балдан таттуу сезилет,
Бак алмаңды мен жесем.
Жаркырап тийген күнүңдү,
Багыңдагы гүлүңдү.
Гүлүң турсун бир гана
Бутактагы бүрүңдү.
Көңүлүмдө жаттаймын,
Жүрөгүмдө сактаймын.
Алтын, күмүш, каухарга
Алмашпаймын, сатпаймын.
Жатка ыраа көрбөймүн,
Көз артканга бербеймин.
Зордукчуга тарттырбай,
Жергем сени жердеймин.
КЫРГЫЗДЫН ЖҮРӨГҮ
Жатты сүйүп, жанбаган,
Өздү жерип, чанбаган
Менде бар кыргыз жүрөгү,
Сүйгөндү сүйүп танбаган.
Апа-Тоодон чыкпаган,
Чыкса да кир жукпаган
Менде бар кыргыз жүрөгү
Дат басчу жерге букпаган.
БИЗ КЫРГЫЗДАР
Башталса кокус эрегиш,
Биздин күч эч бир ченегис.
Жакалашкан жоо келсе
Кол курап чыккан майданга
Курманжан датка энебиз.
Кыз Сайкал түшкөн эңишке,
Жаңыл мырза эжебиз
Жаа тартып, найза сундурган,
Жексурдун жанын тындырган.
Атабыз Манас жоо чапкан,
Айсыз түндө жол тапкан.
Качкан жоону кубалап,
Бээжинге кирген бер жактан.
Алтайга буудай эктирип,
Ач калтырбай эл баккан.
Жеңиш туусун көтөрүп,
Жеңиш ырын ырдаткан.
Биз ошонун тукуму,
Ак албарс кылыч нукуру.
Ажалдан бетер жармашкан
Ажыдаар менен арбашкан,
Кубат чыгып кыргыздан
Танк менен да кармашкан.
Дүйшөнкул кызыл от кечкен
Тартынып кийин калбастан,
Темиркул жеткен Берлинге
Тоолордон ашып, кар баскан.
Азыр биз бийик курабыз
Тынчтыктын чебин урагыс.
Көп ишке көңүл бурганбыз,
Достукка колду сунганбыз.
Тилибиз башка болсо да,
Түркүн элге тууганбыз.
Кызыл кан аккан майданда
Убада сөзгө турганбыз.
Пейли таза жагынан
Алтын түн чачкан нурданбыз!
Агабыз орус баатырдай
Барабыз алга тартынбай!
КЫРГЫЗ ТИЛИ
Кыргыз тили, өзүм сүйлөп үйрөнгөн,
Абалтадан ата, бабам сүйлөгөн!
Сен бар кезде - мен тирүүмүн, мен бармын,
Сен жоголсоң - мен жоголом дүйнөдөн.
Эч бир жерден «мен кыргызмын» дебесин
Ойлоп сенин тагдырыңа күйбөгөн!
БИЙИК ТУРСУН
Бийик турсун, Ала-Тоо, бийик турсун,
Аскасында аркайып, кийик турсун.
Адырында бак өсүп эл каалаган,
Алма шагын мөмөсүн ийип турган.
Жыргал турмуш жигиттин маңдайында
Бойго жеткен кыз болуп күлүп турсун!
Бөксөрбөсүн, Ысык-Көл, бөксөрбөсүн,
Жарашыктуу бул укмуш өзгөрбөсүн
Жоголгонун өрдөктүн, ак куу, каздын
Ойлобойлу, ал күндү көз көрбөсүн.
Ата журттун азамат уул, кызы
Жамандыкты бул жакка өткөрбөсүн.
Бийик турсун атуулу, пас болбосун,
Бир бирине, адамзат кас болбосун.
Эмгекти сүй, жадабай жерди баала,
Сени көргөн жаш бөбөк ач болбосун.
Бак гүл ачсын, төгүлсүн жемиш жерге
Бар керегиң көп болсун, аз болбосун!
МЕН КОРКОМУН
Кылым өттү: кыргыз, орус биргебиз,
Коңшу болуп бир чоң үйгө киргенбиз.
Орус бизди, биз орусту чакырып,
Керегеге чепкен, тонду илгенбиз.
Качанкыны ойлой берүү жакшыбы?
Коңшуларды «кет» дебейбиз үйдөн биз.
Өз жерине орус кетсе кыргыздан,
Үйлөр кантет орус келип тургузган?
Мен коркомун жоголот деп жарашык
Орус барда биз жетишкен турмуштан.
Мен коркомун көбөйөт деп ээн баштар
Бирин бири жардан алыс ыргыткан.
Урууларга бөлүнүшүп чабышат,
Сөөк талашкан иттер окшоп кабышат.
Санжыра деп саяк, бугу болушуп.
Түп атасы кыргыздыгын танышат.
Түндүк, түштүк дешкендерин койбосо,
Көп кечикпей Манасты да чанышат.
Бири көлдүк, бири чүйлүк болушат,
Жектешүүнүн тикенегин корушат.
Бирин бири душман ойлоп көчүшүп
Ар кимиси ар бир сайга конушат.
Бир туугандык сезимдерди жылытпай,
Жайдын күнү муз ашууда тоңушат.
Дал ушуну ойлой берип коркомун,
Билбеген ким кыргызымдын чоркогун?
Ар кимиси өз манабын пирим дейт,
Түрү жаман сарбагыш, саруу, солтонун.
Бирдик болбой эч нерсеге жетишпейт,
Элге керек иш түйүнүн чечишпейт.
АПАМА
Апакебай, акың көп менде сенин,
Даңгыр жолго чыгардың... жетеледиң...
Картайсам да уулуңмун, келет менин
Жыттап сенин төшүңдү, эркелегим.
Унутпаймын өзүңдү, апакебай,
Унутсам да бардыгын көргөндөрдүн.
Дат баспаган оюмдун алтынындай
Эсебине кошпоймун өлгөндөрдүн.
Апакебай, тирүүсүң көңүлүмдө,
Жарык чачкан күндөйсүң тийип көктөн.
Мен энелүү баламын али күнгө,
Эске түшсө мээримиң мага төккөн.
АПАКЕ
Билемин сени, апаке,
Эч кимди салбай арага,
Эсептешпей жана да
Берсем дейсиң балаңа:
Күн сулуунун күлгөнүн,
Көөхарын бүткүл дүйнөнүн.
Колуңдан келсе бермексиң
Алтын казына ачкычын
Аргымак аттын жакшысын,
Бактылуунун бактысын.
Апаке, болбойт шаштыруу,
Өзүң бар мен бактылуу!

Комментарии