"БОЛГОН ОКУЯ ЭКЕН ДОСТОР, ЫР ТҮРҮНДӨ ЖАЗУУНУ ТУУРА КӨРДҮМ '

Автомобиль , келе жатты чоң жолдо.
Машинанын, ичи толгон досторго.
Ичкиликке тоюп алган баатырлар.
Ызы чууну көтөрүшуп борбордо.
Жол тыгынга, кабылышып жыла албай.
Көчө толгон унаалардан чыга албай.
Улам жылып, улам токтоп кайрадан.
Жол табууга эч бир айла кыла албай.
Жол бошоду, зымырашты кайрадан.
Чоң ылдамдык, басты жигит айдаган.
Кыйкырык чуу, жаман сөздөр сөгунуп.
Баратышты, айырмасыз айбандан.
Тез жардамдын машинасы кууп жетти.
Жол бошот деп, сигнал кылып эскертти.
Ушунчалык шашылышта бараткан.
Тез жардамга, булар жолду бермекпи.
Оңго буруп, солго буруп өтө албай.
Тез жардамдын, шайы кетти аябай.
Бул айбандар, аны оюн көрүшүп.
Жол бербеди, ооруулуга карабай.
Чебеленип бара жатты тез жардам.
Жол талашып, кутурган бул балдардан.
Кала берди, сөгунушуп аргасыз.
Жол тыгынга кабылышып кайрадан.
Кеч киргенде, үйгө келди ал жигит.
Машинасын короосуна киргизип.
Келинчеги тосуп чыкты алдынан.
Жаман кабар бар экенин билгизип.
Апам ооруп, алып кетти тез жардам.
Акыбалы өтө оор деп жанаатан.
Жөнө ылдам, апабыздан кабар ал.
Издеп тапкын, шаардык ооруканадан.
Жигит кетти, эки көзү алайып.
Ыйлап жатты , кетсе экен деп сакайып.
Шаар ичинде, учуп күйүп баратты.
Эл агымы, калган экен азайып.
Жетип келди, апасына заматта.
Туруп калды, билбей кайсы палата.
Бир бөлмөдөн, врач чыкты сумсайып.
Көздөрүндө, кайгы муң бар башкача.
Уулум деди, басып келип акырын.
Кандай адам, сен издеген жакынын.
Бүгүн келген апа болсо сураарын.
Кайрат кылгын, көз жашынды аарчыгын.
Ал адам жок, эми ушул жашоодо.
Энекен жок, сага мээрим арноого.
Кайрат кылгын, кете берди апакен.
Эч бир айла, болбой калды кармоого.
Жолдон тосуп, бир акмактар кокустан.
Жол бербептир, тез жардамга шашылган.
Ай аттигин, жарым саатка кечикти.
Көзүн жумду, ошолордун айынан.
Жигит турду, жашы агып салаалап.
Бармак тиштеп, боздоп жатты апалап.
Бирок эми, артка жол жок баары кеч.
Өзү кылган, ошол ишти каралап.
Бул ыр менен, айткым келди эмнени.
Ойлонолу, баардык жүргөн элдерди.
Башыбызга, мүмкүн келип калышы.
Себеби биз, биле албайбыз эртеңди.
Автор :АКМАТОВ РАМИЛЬ МАКСУТОВИЧ.

Комментарии

  • 10 авг 2017 12:18
    :'(:'( окунчтуу экен баарына сабак боло турган рахмат сизге жакшы таасирдуу экен
  • 21 июн 2019 15:53
    Мына сага азаматсын !!!
  • 19 ноя 2019 04:20
    Алтын апам апакем
    Жан жүрөгүм энекем
    Жашоодогу маңызым
    Жанымда болуңуз ар дайым.

    Ден-соолук берсин кудайым,
    Ыйманда болуңуз ар дайым.
    Бакыт сүрүп биз менен,
    Жылмайып жүрүңүз ар сайын.
  • 28 фев 2020 21:58