АТАНТАЙ АКБАРОВ

СҮЙҮҮ - СЕН ДА, СҮЙҮҮ-МЕН...
Чеч паранжың, курусун!..
Ченебеген сулуусуң!..
Жаппа сулуулугуңду!..
Жараткандын нурусуң!..
Сүйүү-деген салмактоо
жакшы менен жаманды,
Сүйүү көздү чоң ачып,
Сүйүп кароо ааламды.
Көрөт ашык сүйгөнүн
өзүнөн да жогору.
Келген Сүйүү күтүүсүз
Жараткандын коногу.
Болгон болсо чачыңда ак,
Ойнойт сүйүү жашынмак.
Сүйүү-деген бул бакыт,
Бакыт болсо сатылбайт.
Канча сенин ыйманың?
Сүйүү тактайт эсебин.
Сүйүшкөндөр сатышпайт
Кудайды да, Мекенин!..
Сүйүү өтпөйт!.. Сүйүүдөн
биз өтөбүз билинбей.
Биздин өмүр сүйүүгө
Бир кийилген кийимдей.
Сүйүүм турса жүрөктө,
Турат Бакыт башымда.
Машаягың шоона эшпейт,
Махабаттын астында.
Пайгамбарлар бүгүлгөн,
Тат үзүрдү сүйүүдөн.
Сүйүү - өмүр, бактыбыз!..
Сүйүү - сен да, Сүйүү – Мен!..

Комментарии

Комментариев нет.