Дүйнө жүзүн бир заматта астын үстүн кылып, баардык мамлекеттерди өзүнө жалп кылган. Адам өмүрүн боо боо кылып жалмаган , фашистик идеологиянын терс таасири, биздин аймактарга чейин жетип келип, 1941-жылы башталган улуу ата мекендик согушка ар бир төртүнчү Кыргызстандык атуулдар катарында, Төөлөстөн да аталар аттанып, эл жер үчүн, өз жанын аябай, 1945-жыл 9-май жеңиш күнүн колдон келишинче жакындатып, бүгуүнкү биздин жаркын жашоо үчүн,канчалаган аталардын сөөгү Россия, Европа жерлеринде калып кетсе, аз санда тирүү калганы кайтып келгенин, бүгүнкү күндөгү Төөлөстүн борбордук музейинин бакчасында коюлган монументтеги кас катар тизилген фамилия тизмектери бизге эскертип турат. Бул бир арман. Экинчи арман: бүгүн Төөлөс айыл аймагында согуштун бир да ардагеринин көзү тирүү калбагандыгы. Бирок Согушта кан кечип жургон аскерлердин артында тылда, күнү түнү мээнет кылып, ошол кездеги Советтик армия аскеринин муктаждыгын, ок даары, тамак ашына чейин камсыздоодо , бизге жеңиш күнүн тартулоодо опол тоодой үлүшү бар , тыл фронтовиктеринин көзү тирүү. Мына ошол тылда мээнет кылган апаларыбыздан бүгуүн , Төөлөс а/ө жетекчилиги атынан, Жалпы Төөлөстуктөр атынан ыраазычылык билдирип, колдоруна акчалай белек бечкектерди берип, кабар алып, зыяратта болдук. Урматтуу Төөлөс айыл аймагынын жашоочулары ! Сиздерди улуу жеңиш күнүнүн 78 жылдык майрамы менен чын дилден куттуктайм. Ылайым Элибизде, жерибизде тынчтыктын гана үнү жаңырып, келечегибиз болгон наристелерибиздин шаңдуу үндөрү угулуп турсун. Дагы бир жолу Төөлөс а/ө жетекчилигинин атынан Жеңиш күнүңүздөр менен Куттуктайм! / *Төөлөс айыл өкмөтүнүн жетекчиси Адылбек Эшматов* /
ТӨӨЛӨС (Тоолос) KG
*Жеңиш күн бизге жеңил келбеген*
Дүйнө жүзүн бир заматта астын үстүн кылып, баардык мамлекеттерди өзүнө жалп кылган. Адам өмүрүн боо боо кылып жалмаган , фашистик идеологиянын терс таасири, биздин аймактарга чейин жетип келип, 1941-жылы башталган улуу ата мекендик согушка ар бир төртүнчү Кыргызстандык атуулдар катарында, Төөлөстөн да аталар аттанып, эл жер үчүн, өз жанын аябай, 1945-жыл 9-май жеңиш күнүн колдон келишинче жакындатып, бүгуүнкү биздин жаркын жашоо үчүн,канчалаган аталардын сөөгү Россия, Европа жерлеринде калып кетсе, аз санда тирүү калганы кайтып келгенин, бүгүнкү күндөгү Төөлөстүн борбордук музейинин бакчасында коюлган монументтеги кас катар тизилген фамилия тизмектери бизге эскертип турат. Бул бир арман.
Экинчи арман: бүгүн Төөлөс айыл аймагында согуштун бир да ардагеринин көзү тирүү калбагандыгы.
Бирок Согушта кан кечип жургон аскерлердин артында тылда, күнү түнү мээнет кылып, ошол кездеги Советтик армия аскеринин муктаждыгын, ок даары, тамак ашына чейин камсыздоодо , бизге жеңиш күнүн тартулоодо опол тоодой үлүшү бар , тыл фронтовиктеринин көзү тирүү.
Мына ошол тылда мээнет кылган апаларыбыздан бүгуүн , Төөлөс а/ө жетекчилиги атынан, Жалпы Төөлөстуктөр атынан ыраазычылык билдирип, колдоруна акчалай белек бечкектерди берип, кабар алып, зыяратта болдук.
Урматтуу Төөлөс айыл аймагынын жашоочулары !
Сиздерди улуу жеңиш күнүнүн 78 жылдык майрамы менен чын дилден куттуктайм.
Ылайым Элибизде, жерибизде тынчтыктын гана үнү жаңырып, келечегибиз болгон наристелерибиздин шаңдуу үндөрү угулуп турсун.
Дагы бир жолу Төөлөс а/ө жетекчилигинин атынан
Жеңиш күнүңүздөр менен
Куттуктайм!
/ *Төөлөс айыл өкмөтүнүн жетекчиси Адылбек Эшматов* /