Алла Таала ыймандуу пенделерин сыпаттап мындай деген: «Уктук да моюн сундук. Оо, биздин Раббыбыз! Күнөөлөрүбүздү кечиришиңди сурайбыз жана Өзүңө гана кайтабыз» - деп айтышты». (Бакара: 285) 3. Пенденин Алладан коркуп, өзүн төмөн алып, баш ийүүсү. Өзгөчө намаз учурунда. Анткени, ал Алла Таала менен пенденин ортосундагы байланыш.