Огой эне деп кулакка жаман угулаар заматта эле.Огой энеси антти мынти деп чачын тике тургузаар окуялар кулагына чалдыгып,жаман окуялардан башканы эске салбайт.Тагдырдын кутулбогон буйругу да.Огой эне болуу тагдырга буйруса качып кутула албайт экенсин.Ар адамдын жандуйносу пейилине жараша болот.Оз тагдырын пайдубалдан мурун фундаментти бекем кура албай талкалаган тагдырын азабын балдар тартаарын билип туруп билмексенге салып,жашоодон жакшы умутунду узбой жашай берет экенсин. Кимди куноолойбуз.Мен жеке озумду куноолоймун,жаштык же акылсыздын кылдым.Эрди эрдей убагында барктабай же баалабай ,коодонун муздап конулун оорутуп ,талкалаган турмушунду жамап да калыбына келтире албай койгонумду оз мойнума аламын. Журуп сузуп бараткан кемене балта уруп экоолоп чоктуруп ,балдарын алып жан сактоого аракет кылып качып жонодум ,оз азабынды оз мойунун менен тартаарын чын.Кылгылыкты кылып,кыл жип менен бууп,суттой актай актанып ,ким жаман ажырашкан жолдошум жаман деп оз кылган кылыктарымды эске албай,куноонун баарын оодарып,озумду алдап жашап келдим.Жаман соз артынан жаман соз чыга берет экен.Кээде туруп оз озумо суроо берем; -Кай жерден жанылдым?,баары жакшы эле башталган эле го! Жокчулук деп шылтоо кылсан илгери да адамдар жашап откон жокчулукка карабай эле.Жаман мамиле кылса башында эле тиймек эмессин да.Жараканы жашап журуп кетирдик да эки баланы арасат кылып.Жаман суйлоп жаман дебейин.Экообуз тен жанылдык,жанылганда да каттуу жанылдык .Бирбирибизди кечире албас болуп эки жолго туштук. Мындай тагдырдын оор соккусунан кийин,багыт таап жашап кетуу канчалык кыйын экенин башынан откоргон адам тушунуп жете алат .Мен озумду идеал адам деп эсептей албайм. Жарты журок болуп эки баланын туйшугу менен кайра бакыт табууну кыялдансан да эки баланын келечегин ойлоп огой ата оз атасындай болмок беле деген коркунуч менен жашап журдум.Арманымды айтаарга адам жок оз туйшугунду озун тартып жургон кундорундо коз арткандын да,соз арткандын баарынын ойлору ойундагыдай эмес,коздогону кунумдук конул ачуу.Эн жаманы жашыруун койнуна кирип жылан кое бергенде адамга болгон ишеничин жоголот экен.Озгого эмес оз озуно ишенбей жашап калат экенсин. Канчалык кара туман каптаган кара тун артынан жаркырап тийген кун чыгаары анык экен.Кутулбогон жерден коодонун таза болсо тагдырдын сага тартуулаган белеги жашоондун туп тамыры менен озгортуп,кутулбогон бакыт тартуулап бакыт кушунду кармап колуна бергенде Жаратканга жалбарып ыраазычылыгынды айтып буто албай,коздордон кубанычтын жашы куйулуп шугур келтирген кундор келгенде бул жашоодо сенден откон бактылуу адам жоктой жашоон жомокко айлангансып ,таманын жер баспай учуп жургондойсун. Жолуктурган жакшы адамын да тагдырдын ур соккусуна кабылып оз катасын кийин тушунгон сутко оозун куйдургон адамдай кабыл алып ,тарткан азабын оз жаратындай сезип кабыл алат экенсин.Уч баласы менен ажырашып кетуу ага да кыйын болгондур убагында.Аял киши кайраттуу келет экенбиз,эркектер жашоосуну изден чыгараары менен изин таппай калган адамдай жашоо мазмунун жоготконсуп кучуну ичкиликтен алышат окшойт.Тазалыгын жоготсо да акылын жоготпогон адамды жолго салса болот экен.Мен таанышкан убакта кучун ичкиликтен чыгарып сазга баткан адамдай,жардамга муктаждай жашоодон умут кылаарын билип билбей калган учурунда тааныштым. Мендей тагдыры талканган адам, жашоого балдары куч берип балдары учун жашап жаткан адам эле.Жубайы менен ажырашканга кечирилгис себеп болгон деп эле койду. Бирбирибизди жакындан тушунуп жеткенден кийин жаныдан турмуш курдук. Бир адашкан тагдырдан кийин бирбирибизге оз талаптарыбызды ачык айтып келишим тузуп алдык.Шаарчасына кочуп баргандан кийин ажырашкан аялын,балдары менен жакын жерден батир таап кочуртуп келдим.Кайра жарашканга да угуттодум.Кундошум менден жаш болсо да тилдуу экен.Менден кем калышпайт. Балдардын эмне куноосу бар?мен учун балдарын талаага таштабаса болду.Кундошум менен жаман жакшы айтышпаймын,жакын болуп да суйлошпоймун.Жолдошумду уйго келеерде кабар алып анан уйго кел дейм,кирбей туз келгенде кайра кууймун кабар алып кел же эрчитип кел деп балдарды.Башында балдары мага суйлобой жаман коруп эле журушту.Айтканды укпайт мен алар учун каардуу огой эне болуп атасын тартып алган адамдай корунуп журдум. Бала экен тез эле оюнга алаксып ойноп кетет.Оз ойлорун ачык айтып,таарыныч капалыгын корсотуп турушат.Мен балага да таарынып болобу деп конулумо да албайм.Эн негизгиси курсактары ток,кийимдери бутун,ата мээримин коруп чонойсун дейм.Тил угушпаса да атасына эркелеп балалык жомоктогу жашоосунан айрылбаса болду мен учун.Оз балдарымдай жакшы коруп суйуп турам.Себеби мен суйгон адамдын балдары да.Суйгонумду кандай суйсом балдарын да суйомун.Уул баласы озундой оор басырыктуу эркекмин дегенсин коп суйлобойт.Кыздары атасынын журогундой жакын.Ойуна келген нерсени ачык айтып суйлошот.Убакыт озу даары дегендей мени жаман корбой эже деп эле калышты.Кээде жатып калышат,эртеси да кечке ойноп оз энеси урушканын жашырбай айтып калат.Сиз урушпайсыз деп кенен ойноп кетеер убактысын билбей энеси келип жетелеп кетет.Мен да кир уйго дебеймин.Бирбирибизди жакшы да жаман да корбойбуз ичибизде кызганычтан болок эч нерсе жок.Жолдошум аялы менен жакын адамындай суйлошуп калышканда ичим таарып ,кызганыч сезим пайда болот. Кызганган учурумда уруш чыгарам. -Аялындын талагын берип ажырашкансын,уйуно барып калып кетсен куноого батасын,калгын келип жатса никене ал болбосо кирбе уйуно деп бет тырмачылык кыламын.Кыздарынан сурап билип алам ,кирип чай ичтиби уйунорго жеп?.Туну кечиккен убакта андып барам уйлоруно .Озум жакын кочуруп келип озум кызганычтан ичим орттонот.Мен кызганган сайын жылмандап кулуп куйдурот.Жиниме тийген кунун ушул уйго кочуруп келемин дейт. Мен чыдабай ; -Келтек жейт менден,чачын жулам аялындын деп чычалайм.Айт аялына озуно жашоо керек болсо турмушка чыгып кете берсин балдарын бизге берип дейм ойлонбой. Кайсыл эне оз балдарын бергиси келсин.Кундошум сулуу таттынакай каалаган жигитти озуно ийдире алат.Ал учун эн оною сыр билдирбей жургону он .Оз жашоом бар силерге кийригишпеймин,мен учун балдарын бакса болду дейт.Экоо уруша кетсе кыямат кайым башталат.Оз жолдошума озум болуша кетип ордуна коем.Бир аз бош келсен башка чыгып жугунду токконго даяр. Мени менен жаман жакшы айтышпагын.Озуно кыйын болот.Изини таптырбай алып кетип калам кыла турган жолдору бар деп коркутам.Менин балдарым сенин балдарындай акысы бар атасынан .Мага балдарымдын атасы керек деп урушуп келемин.Бир ооз тилдеген жокмун балдарынды.Бут кыял жоруктарын которуп оз балдарымдай мамиле жасаймын.Сендей тилдеп какпаймын балдарына огой болсом да деп .Сен тарбия башаты ,булагы болосун.Балдарына кандай мамиле кылсан кийин ошондой момосун аласын,акылын менен бол айтышпай деп кийинки аялы болсом да улуулугума салып урушуп келем.Кутурган иттей айтаарын айтып деп кайра эле суйлой берген мунозу жагат.Кундош эмес кийинки кундору абысынымдай айтышып жашап калдык .Жашообуз тирешуу ,сынашуу ,андышуу ,атандашуу менен ото баштады .Бирбирибиздин созубузго таарынбай да калдык.Жолдошумду экоолоп тытып жегидей болобуз.Биздин созду тоготуп да койбойт.Экообузду тен эки согуп ордубузга коет.Мен баштайм сенин жинди аялын деп.Ал жактан ал шыбайт . "Бирин олуп ,бирин кал"- деп балдарын эркелетип,ойнотуп олтуруп алат.Пейилимди билет да .Мен озуну соз менен чайнасам да балдарын урушуп тилдеп да койбойм.Балдарын урушса болуша калып тил тийгизбей урушуп саламын. -Балдардан айланып кетчи суйлонбой .Урушпа жинденбей кет деп, болушуп жожосун ээрчиткен тооктой кооруп калам .Балдарын жакшы короорумду билет.Ата-энеси конок болуп келип калса уйубуздо той болгондой толуп калабыз.Жайнаган неберелери менен ата-энеси конулдору жайына тушуп конок болуп кетишет.Мен тамашалашып коп суйлойм ,кулуп жургонду жакшы коромун.Жок жерден соз таап жайгарам.Жолдошумдун кабагы салчуудай соз суйлобойм.Бир жакка барчуу болсом да уруксат сурамайынча ,жооп бермейин кочого чыкпаймын.Барбай уйдо олтур десе олтуруп эле каламын.Директордон жооп сурагандай.Оюн ойлоп таап жаш балдарга кошулуп ойногонду жакшы кором.Жумушунан келгиче балдар менен ойноп журо берем,топ ойношсо кошулуп топ ойнойм да келеерге жакын жугуруп иш жасап калам.тамашалап мени ; -Мультфильмсин,мультфильмдеги тил укпаган Кешасын деп чычалатат.Оз атым менен чакырбай; -Кешаа! Каяктасын Кеша деп шылдындайт.Айтканды укпай тескери иш жасаган Кеша деп. -Кеша прости ,айтканды кыл барып деп.Менин коп кулкумду келтирип жургонун жагат да Цирк клоундун кереги жок деп кээде Клоунум менин деп тамашалайт.Сени карап кулкум тыялбайт .Топ менен ойноп журушунду кара жаш балдардай болуп деп озунун уй иштерин кылып журо берет.Интелектуал оюн ойлопойнотом балдарды, Улуу баласы ,менин уулум менен тен. Кийинки кызы кызым менен менен тен бир класска барышат.Кээде ойлонуп бир шаарда жашаган экенбиз ,ошол мезгилде жолукканыбызда бирбирибизге конул бурбайт элек да деп ойлонуп кетемин.Эки тарап кылып жарыштырып ойнотом .Атаандашканын соз менен жеткире албайм.Уруша кетишсе экоону тен соз менен тушундуруп урушамын. Кичине балдарымды которуп талашып журуп ойнотушат.Уй жумушунан сабак карооо убактысын коп ажыратам.Ойногонго да кенен убакыт берем.Менин балдарым апалап суйлосо адашып кетип аларда апалап калышат.Кааласан апа де.Апан болбосом да апандан артык жакшы коромун.Балдардын чогулушуна кундошум экообуз суйлошуп алабыз сен бар же мен барайын деп.Кээде менден балдарын кызгана баштайт.Мен жонундо бир демкелерди айтып,иш жумшаса кылба деп уйротуп. Тил албаган убагында конул бурбай озумдун балдарымды жумшап каламын.Тил албай калса -Атанарга айтам тил албай жатат деп-дегенде жугуруп калышат.Жатыны башканы жамасан да бирикпейт дегендери чынбы?Энеси башка болгон учун менин токкон мээрим жеттишсиз.Озумдун балдарым кичинелериме коп боор берет.Энеси бизге таштаса башкача ой жугуртмок деп каламын.Отто жакын болбосо да атам деп ,оз аталарына куйумдуу болсо болду,мага куйо турган озум торогон балдарым бар деп озумду алаксытамын да. Атанардан биринчи оозунуп тамакка жугунбогуло.Уктап жатканда ойготпой тынч ойногула деп кызыктуу болгон окуяны жомокко айландырып айтып берем.Сурот тартканды уйротом сурот тартканды жакшы корот элем.Уй тапшырмасын да ар бирин текшерип тушундургонго аракет кыламын.Озун карап ары бар деп эч качан турпоймун.Тарых ,адабият сабагынан мугалим болууну арзуу кылчуумун,алты балама мугалим болууу шарты тузулуп жатканда мугалим болуп сабак берип жатамын.Ар бир мамилекеттин тарыхын баяндап беремин.Мекенди суйуу,ата-энени урматтоо.Дин жагынан да кенен маалымат бергенге аракет кыламын,билген хадистерди уйротконго майда суроолорду жаттагыла деп жазып берем.Балдар менен ызылдап журуп жолдошум да каралбай калып кетет.Сериалдагыдай. -Биздин султабыз келди."Султан Сулейман"-келди жол бергиле деп. -Махидовранга жолуктунбу? Биздин Махидавраныбыз не деп шыбап жонотту сени? Мага салам айттырдыбы же жатып кет деп айттыбы?-деп озум сурап,озум чычалайм. -Хюрремин коп олукпай оз оокатын кылсын.Мага жетиш кыйын деп айтты -деп озумо жараша жооп табып турат. -Махидавранын коп жиниме тийсе сургунго айдайм,опкосун озом.Жон журбосо келтек жейт менден деп суйлонуп аламын.Балдар да байкап калышты ,урушубузга коп конул бурбайт,балдар жокто кундошум менен айтышып аламын. Балдарымды,атаны сыйлоону озум корсотуп улгу боломун,кичине баламды карап олтуруп тур деп кечки тамакка урунабыз.Кичинекей чоргоктогу бала атасын таанып талпынып ойнойт ,кучактап опкулоп.Ар бир балага озунун энеси менен ,оз атанын мээрими керек экен.Балдарым огой ата эмне экенин тушунбой чоноюп жатат.Оз атасындай эркелеп ойношот,жакшы корот.Балдарды жакшы коргон жолдошум бирдей мамиле кылат балдарына да менин балдарыма да.Ооп жыттап эркелетпей бетинен чымчып эле балдар жей турган жегиликтуу момо жемиш которо келет. Оз энеси чалып уйкулары келсе сенин уйундо кала берсин деп мага туртуп коет.Кундошум чалып суйлошуп калышса. -Менин суйуктуу подрушкам не деп жатат?Не керек экен досума деп создорун андып жанына барып ,колунан телефонду талашып, Менден сурабайсынбы керегинди деп созго аралашып каламын,менден уруксат болсо жардам берет сага-деп ичим таарып ,суйлонуп ,айтышып жатып каламын.Жолдошум не болсонор ошол болгула ,мага тийишпегиле деп качып жонойт.Кээ кундору айылым чыгып калганда -Сен дагы карап турчу балдарымды деп калтырсам,менин балдарым менен иши да болбойт экен.Озунун балдарына кошуп менин балдарымды да урушуканга жетишиптир.Балдарым таштаба бизди деп барбай коюшту, уйдо эле озубуз олтуруп турабыз деп. Жинди пейилин бар учун кеткенда сенден Эканым деп калдым.Озунун пейилин билбей мага. -Ошол ажырашкан куйоом менен урушуп талашпай бир жыл жашай алсан медал тагам сага деген эле.Бир жыл эмес эки балалуу болдум бир да жолу урушуп талашканыбыз жок.Соз талашып эле тартышпасак жаман соз оозго албайбыз.Кундошумдун Тийишип суйлоп калса медал берем деген элен бербейсинби медалынды деп жинине тийип коем.Сен озунду тушунуп жетпеген адам бироонун ички сезимин билмек белен.Таякты сен жепсин менин чекеме черткен жок. Менин да кээде жиним келет жолдошума.Жинденгенимди билген убакта уйго келе албай бир досун эрчите келет.Айыбын жууганга аракет кылат.Таарынычты топтоп журбойм оз убагында озуно кайтарып капалыгым сактап журбойм.Коз жашымды колдотуп бетине айтып ачуумду катпай чыгарып аламын.Мен тарапка эч кандай жаман соз суйлото койбойм,айыбын ачык бетине айтып туура эмес кылганын же суйлогонун мойунуна алдыртым жазасын берем. Мени чагылгансын дейт жинденсен жарк деп чагылгандай уркутуп коркутасын да жок болуп кетесин деп. Создун торкунун суйлогондо ойлонуп суйлочу болду.Аялынын да жазасын берем.Анти мынти деп арызданбай бастырып барып эле темиримди муздатпай басып келемин.Озу да мага карап" мурункумдан мурду чон"-деп жоло таштадын деп. Мурунку катыным; -Эркайым болсо сен Даткаайым болдунго бийлигимди талашып деп калат. Турмуш менен ойношпогун,жалган созундун жазасы бар,бир нерсе жашыруун иш кылам деп ойуна да келбесин. "Тергелбеген эркек теренин билбей"-сууга тушом дейт. "АЯЛ жаман деп-жакшысын эмес мурункудан да каттуусун аласын." "АЯЛ дубал сымал ,соккон муштумундай жооп аласын. "АЯЛ сенин кузгун кандай соз айтып кайрылсан ,ошондой жооп кутот. "АЯЛ сенин кабыргандай ийри болот,туздогонго болбойт. "Менден жакшысын тапсан аялын айткандай сага медал берем деп соз менен жеткирем баарын. Ылайка болгон суунун да тунуй турган убагы болот дейт ко. Коз менен коргон менен ан сезим менен туйгандын айырмасы бар да. Бул озум тандаган тагдыр жолумда ар кандай кенеш укканга даярмын.Илгеркилер айткандай жети олчоп бир кес дейтко. Силерден сураар кенешим; Биринчи аялы менен жараштырыш кундошум менен болушуп жашай берейинби? Же кызганып жашап отомбу омур бою отсомбу.Эр берген жан берген менен барабар дегендей каттуу кызганам.Кундуго койнуна кирип кеткен жок бекен?деген кумон менен кун кечиремин.Эки уй нары жашаган кундошум куйоомду жакшы корот,тартып алганга кучу жетпейт же куйоом мени таарынтып алгандан коркуп сыр беришпейт.Мен жаман суйлобой бардын деп кызгана берем. Билгизбей жолукса жолугушуп журушкондур анысын да билбейм.Куйоом эки жашооо менен жашайт дагы калыстык менен мамиле кылат.Кундошум да мени мендей тушунуп мамиле кылып сыйлайттыр мени .Суйлошпой бирбирибизге турубузду корсотуп жашайбызда."Сен кыйын болсон- мен да кыйынмын"- деп. Ой кенештериниздерди кутуп каламын. Оз оюмду терендеп болушконго аракет кылдым.
ЖЕРДЕШТЕР
Огой эне.
Огой эне деп кулакка жаман угулаар заматта эле.Огой энеси антти мынти деп чачын тике тургузаар окуялар кулагына чалдыгып,жаман окуялардан башканы эске салбайт.Тагдырдын кутулбогон буйругу да.Огой эне болуу тагдырга буйруса качып кутула албайт экенсин.Ар адамдын жандуйносу пейилине жараша болот.Оз тагдырын пайдубалдан мурун фундаментти бекем кура албай талкалаган тагдырын азабын балдар тартаарын билип туруп билмексенге салып,жашоодон жакшы умутунду узбой жашай берет экенсин.
Кимди куноолойбуз.Мен жеке озумду куноолоймун,жаштык же акылсыздын кылдым.Эрди эрдей убагында барктабай же баалабай ,коодонун муздап конулун оорутуп ,талкалаган турмушунду жамап да калыбына келтире албай койгонумду оз мойнума аламын. Журуп сузуп бараткан кемене балта уруп экоолоп чоктуруп ,балдарын алып жан сактоого аракет кылып качып жонодум ,оз азабынды оз мойунун менен тартаарын чын.Кылгылыкты кылып,кыл жип менен бууп,суттой актай актанып ,ким жаман ажырашкан жолдошум жаман деп оз кылган кылыктарымды эске албай,куноонун баарын оодарып,озумду алдап жашап келдим.Жаман соз артынан жаман соз чыга берет экен.Кээде туруп оз озумо суроо берем;
-Кай жерден жанылдым?,баары жакшы эле башталган эле го! Жокчулук деп шылтоо кылсан илгери да адамдар жашап откон жокчулукка карабай эле.Жаман мамиле кылса башында эле тиймек эмессин да.Жараканы жашап журуп кетирдик да эки баланы арасат кылып.Жаман суйлоп жаман дебейин.Экообуз тен жанылдык,жанылганда да каттуу жанылдык .Бирбирибизди кечире албас болуп эки жолго туштук.
Мындай тагдырдын оор соккусунан кийин,багыт таап жашап кетуу канчалык кыйын экенин башынан откоргон адам тушунуп жете алат .Мен озумду идеал адам деп эсептей албайм.
Жарты журок болуп эки баланын туйшугу менен кайра бакыт табууну кыялдансан да эки баланын келечегин ойлоп огой ата оз атасындай болмок беле деген коркунуч менен жашап журдум.Арманымды айтаарга адам жок оз туйшугунду озун тартып жургон кундорундо коз арткандын да,соз арткандын баарынын ойлору ойундагыдай эмес,коздогону кунумдук конул ачуу.Эн жаманы жашыруун койнуна кирип жылан кое бергенде адамга болгон ишеничин жоголот экен.Озгого эмес оз озуно ишенбей жашап калат экенсин.
Канчалык кара туман каптаган кара тун артынан жаркырап тийген кун чыгаары анык экен.Кутулбогон жерден коодонун таза болсо тагдырдын сага тартуулаган белеги жашоондун туп тамыры менен озгортуп,кутулбогон бакыт тартуулап бакыт кушунду кармап колуна бергенде Жаратканга жалбарып ыраазычылыгынды айтып буто албай,коздордон кубанычтын жашы куйулуп шугур келтирген кундор келгенде бул жашоодо сенден откон бактылуу адам жоктой жашоон жомокко айлангансып ,таманын жер баспай учуп жургондойсун. Жолуктурган жакшы адамын да тагдырдын ур соккусуна кабылып оз катасын кийин тушунгон сутко оозун куйдургон адамдай кабыл алып ,тарткан азабын оз жаратындай сезип кабыл алат экенсин.Уч баласы менен ажырашып кетуу ага да кыйын болгондур убагында.Аял киши кайраттуу келет экенбиз,эркектер жашоосуну изден чыгараары менен изин таппай калган адамдай жашоо мазмунун жоготконсуп кучуну ичкиликтен алышат окшойт.Тазалыгын жоготсо да акылын жоготпогон адамды жолго салса болот экен.Мен таанышкан убакта кучун ичкиликтен чыгарып сазга баткан адамдай,жардамга муктаждай жашоодон умут кылаарын билип билбей калган учурунда тааныштым.
Мендей тагдыры талканган адам, жашоого балдары куч берип балдары учун жашап жаткан адам эле.Жубайы менен ажырашканга кечирилгис себеп болгон деп эле койду. Бирбирибизди жакындан тушунуп жеткенден кийин жаныдан турмуш курдук.
Бир адашкан тагдырдан кийин бирбирибизге оз талаптарыбызды ачык айтып келишим тузуп алдык.Шаарчасына кочуп баргандан кийин ажырашкан аялын,балдары менен жакын жерден батир таап кочуртуп келдим.Кайра жарашканга да угуттодум.Кундошум менден жаш болсо да тилдуу экен.Менден кем калышпайт.
Балдардын эмне куноосу бар?мен учун балдарын талаага таштабаса болду.Кундошум менен жаман жакшы айтышпаймын,жакын болуп да суйлошпоймун.Жолдошумду уйго келеерде кабар алып анан уйго кел дейм,кирбей туз келгенде кайра кууймун кабар алып кел же эрчитип кел деп балдарды.Башында балдары мага суйлобой жаман коруп эле журушту.Айтканды укпайт мен алар учун каардуу огой эне болуп атасын тартып алган адамдай корунуп журдум.
Бала экен тез эле оюнга алаксып ойноп кетет.Оз ойлорун ачык айтып,таарыныч капалыгын корсотуп турушат.Мен балага да таарынып болобу деп конулумо да албайм.Эн негизгиси курсактары ток,кийимдери бутун,ата мээримин коруп чонойсун дейм.Тил угушпаса да атасына эркелеп балалык жомоктогу жашоосунан айрылбаса болду мен учун.Оз балдарымдай жакшы коруп суйуп турам.Себеби мен суйгон адамдын балдары да.Суйгонумду кандай суйсом балдарын да суйомун.Уул баласы озундой оор басырыктуу эркекмин дегенсин коп суйлобойт.Кыздары атасынын журогундой жакын.Ойуна келген нерсени ачык айтып суйлошот.Убакыт озу даары дегендей мени жаман корбой эже деп эле калышты.Кээде жатып калышат,эртеси да кечке ойноп оз энеси урушканын жашырбай айтып калат.Сиз урушпайсыз деп кенен ойноп кетеер убактысын билбей энеси келип жетелеп кетет.Мен да кир уйго дебеймин.Бирбирибизди жакшы да жаман да корбойбуз ичибизде кызганычтан болок эч нерсе жок.Жолдошум аялы менен жакын адамындай суйлошуп калышканда ичим таарып ,кызганыч сезим пайда болот.
Кызганган учурумда уруш чыгарам.
-Аялындын талагын берип ажырашкансын,уйуно барып калып кетсен куноого батасын,калгын келип жатса никене ал болбосо кирбе уйуно деп бет тырмачылык кыламын.Кыздарынан сурап билип алам ,кирип чай ичтиби уйунорго жеп?.Туну кечиккен убакта андып барам уйлоруно .Озум жакын кочуруп келип озум кызганычтан ичим орттонот.Мен кызганган сайын жылмандап кулуп куйдурот.Жиниме тийген кунун ушул уйго кочуруп келемин дейт.
Мен чыдабай ;
-Келтек жейт менден,чачын жулам аялындын деп чычалайм.Айт аялына озуно жашоо керек болсо турмушка чыгып кете берсин балдарын бизге берип дейм ойлонбой.
Кайсыл эне оз балдарын бергиси келсин.Кундошум сулуу таттынакай каалаган жигитти озуно ийдире алат.Ал учун эн оною сыр билдирбей жургону он .Оз жашоом бар силерге кийригишпеймин,мен учун балдарын бакса болду дейт.Экоо уруша кетсе кыямат кайым башталат.Оз жолдошума озум болуша кетип ордуна коем.Бир аз бош келсен башка чыгып жугунду токконго даяр.
Мени менен жаман жакшы айтышпагын.Озуно кыйын болот.Изини таптырбай алып кетип калам кыла турган жолдору бар деп коркутам.Менин балдарым сенин балдарындай акысы бар атасынан .Мага балдарымдын атасы керек деп урушуп келемин.Бир ооз тилдеген жокмун балдарынды.Бут кыял жоруктарын которуп оз балдарымдай мамиле жасаймын.Сендей тилдеп какпаймын балдарына огой болсом да деп .Сен тарбия башаты ,булагы болосун.Балдарына кандай мамиле кылсан кийин ошондой момосун аласын,акылын менен бол айтышпай деп кийинки аялы болсом да улуулугума салып урушуп келем.Кутурган иттей айтаарын айтып деп кайра эле суйлой берген мунозу жагат.Кундош эмес кийинки кундору абысынымдай айтышып жашап калдык .Жашообуз тирешуу ,сынашуу ,андышуу ,атандашуу менен ото баштады .Бирбирибиздин созубузго таарынбай да калдык.Жолдошумду экоолоп тытып жегидей болобуз.Биздин созду тоготуп да койбойт.Экообузду тен эки согуп ордубузга коет.Мен баштайм сенин жинди аялын деп.Ал жактан ал шыбайт .
"Бирин олуп ,бирин кал"- деп балдарын эркелетип,ойнотуп олтуруп алат.Пейилимди билет да .Мен озуну соз менен чайнасам да балдарын урушуп тилдеп да койбойм.Балдарын урушса болуша калып тил тийгизбей урушуп саламын.
-Балдардан айланып кетчи суйлонбой .Урушпа жинденбей кет деп, болушуп жожосун ээрчиткен тооктой кооруп калам .Балдарын жакшы короорумду билет.Ата-энеси конок болуп келип калса уйубуздо той болгондой толуп калабыз.Жайнаган неберелери менен ата-энеси конулдору жайына тушуп конок болуп кетишет.Мен тамашалашып коп суйлойм ,кулуп жургонду жакшы коромун.Жок жерден соз таап жайгарам.Жолдошумдун кабагы салчуудай соз суйлобойм.Бир жакка барчуу болсом да уруксат сурамайынча ,жооп бермейин кочого чыкпаймын.Барбай уйдо олтур десе олтуруп эле каламын.Директордон жооп сурагандай.Оюн ойлоп таап жаш балдарга кошулуп ойногонду жакшы кором.Жумушунан келгиче балдар менен ойноп журо берем,топ ойношсо кошулуп топ ойнойм да келеерге жакын жугуруп иш жасап калам.тамашалап мени ;
-Мультфильмсин,мультфильмдеги тил укпаган Кешасын деп чычалатат.Оз атым менен чакырбай;
-Кешаа! Каяктасын Кеша деп шылдындайт.Айтканды укпай тескери иш жасаган Кеша деп.
-Кеша прости ,айтканды кыл барып деп.Менин коп кулкумду келтирип жургонун жагат да Цирк клоундун кереги жок деп кээде Клоунум менин деп тамашалайт.Сени карап кулкум тыялбайт .Топ менен ойноп журушунду кара жаш балдардай болуп деп озунун уй иштерин кылып журо берет.Интелектуал оюн ойлопойнотом балдарды, Улуу баласы ,менин уулум менен тен. Кийинки кызы кызым менен менен тен бир класска барышат.Кээде ойлонуп бир шаарда жашаган экенбиз ,ошол мезгилде жолукканыбызда бирбирибизге конул бурбайт элек да деп ойлонуп кетемин.Эки тарап кылып жарыштырып ойнотом .Атаандашканын соз менен жеткире албайм.Уруша кетишсе экоону тен соз менен тушундуруп урушамын.
Кичине балдарымды которуп талашып журуп ойнотушат.Уй жумушунан сабак карооо убактысын коп ажыратам.Ойногонго да кенен убакыт берем.Менин балдарым апалап суйлосо адашып кетип аларда апалап калышат.Кааласан апа де.Апан болбосом да апандан артык жакшы коромун.Балдардын чогулушуна кундошум экообуз суйлошуп алабыз сен бар же мен барайын деп.Кээде менден балдарын кызгана баштайт.Мен жонундо бир демкелерди айтып,иш жумшаса кылба деп уйротуп.
Тил албаган убагында конул бурбай озумдун балдарымды жумшап каламын.Тил албай калса
-Атанарга айтам тил албай жатат деп-дегенде жугуруп калышат.Жатыны башканы жамасан да бирикпейт дегендери чынбы?Энеси башка болгон учун менин токкон мээрим жеттишсиз.Озумдун балдарым кичинелериме коп боор берет.Энеси бизге таштаса башкача ой жугуртмок деп каламын.Отто жакын болбосо да атам деп ,оз аталарына куйумдуу болсо болду,мага куйо турган озум торогон балдарым бар деп озумду алаксытамын да.
Атанардан биринчи оозунуп тамакка жугунбогуло.Уктап жатканда ойготпой тынч ойногула деп кызыктуу болгон окуяны жомокко айландырып айтып берем.Сурот тартканды уйротом сурот тартканды жакшы корот элем.Уй тапшырмасын да ар бирин текшерип тушундургонго аракет кыламын.Озун карап ары бар деп эч качан турпоймун.Тарых ,адабият сабагынан мугалим болууну арзуу кылчуумун,алты балама мугалим болууу шарты тузулуп жатканда мугалим болуп сабак берип жатамын.Ар бир мамилекеттин тарыхын баяндап беремин.Мекенди суйуу,ата-энени урматтоо.Дин жагынан да кенен маалымат бергенге аракет кыламын,билген хадистерди уйротконго майда суроолорду жаттагыла деп жазып берем.Балдар менен ызылдап журуп жолдошум да каралбай калып кетет.Сериалдагыдай.
-Биздин султабыз келди."Султан Сулейман"-келди жол бергиле деп.
-Махидовранга жолуктунбу? Биздин Махидавраныбыз не деп шыбап жонотту сени? Мага салам айттырдыбы же жатып кет деп айттыбы?-деп озум сурап,озум чычалайм.
-Хюрремин коп олукпай оз оокатын кылсын.Мага жетиш кыйын деп айтты -деп озумо жараша жооп табып турат.
-Махидавранын коп жиниме тийсе сургунго айдайм,опкосун озом.Жон журбосо келтек жейт менден деп суйлонуп аламын.Балдар да байкап калышты ,урушубузга коп конул бурбайт,балдар жокто кундошум менен айтышып аламын.
Балдарымды,атаны сыйлоону озум корсотуп улгу боломун,кичине баламды карап олтуруп тур деп кечки тамакка урунабыз.Кичинекей чоргоктогу бала атасын таанып талпынып ойнойт ,кучактап опкулоп.Ар бир балага озунун энеси менен ,оз атанын мээрими керек экен.Балдарым огой ата эмне экенин тушунбой чоноюп жатат.Оз атасындай эркелеп ойношот,жакшы корот.Балдарды жакшы коргон жолдошум бирдей мамиле кылат балдарына да менин балдарыма да.Ооп жыттап эркелетпей бетинен чымчып эле балдар жей турган жегиликтуу момо жемиш которо келет.
Оз энеси чалып уйкулары келсе сенин уйундо кала берсин деп мага туртуп коет.Кундошум чалып суйлошуп калышса.
-Менин суйуктуу подрушкам не деп жатат?Не керек экен досума деп создорун андып жанына барып ,колунан телефонду талашып, Менден сурабайсынбы керегинди деп созго аралашып каламын,менден уруксат болсо жардам берет сага-деп ичим таарып ,суйлонуп ,айтышып жатып каламын.Жолдошум не болсонор ошол болгула ,мага тийишпегиле деп качып жонойт.Кээ кундору айылым чыгып калганда
-Сен дагы карап турчу балдарымды деп калтырсам,менин балдарым менен иши да болбойт экен.Озунун балдарына кошуп менин балдарымды да урушуканга жетишиптир.Балдарым таштаба бизди деп барбай коюшту, уйдо эле озубуз олтуруп турабыз деп.
Жинди пейилин бар учун кеткенда сенден Эканым деп калдым.Озунун пейилин билбей мага.
-Ошол ажырашкан куйоом менен урушуп талашпай бир жыл жашай алсан медал тагам сага деген эле.Бир жыл эмес эки балалуу болдум бир да жолу урушуп талашканыбыз жок.Соз талашып эле тартышпасак жаман соз оозго албайбыз.Кундошумдун Тийишип суйлоп калса медал берем деген элен бербейсинби медалынды деп жинине тийип коем.Сен озунду тушунуп жетпеген адам бироонун ички сезимин билмек белен.Таякты сен жепсин менин чекеме черткен жок.
Менин да кээде жиним келет жолдошума.Жинденгенимди билген убакта уйго келе албай бир досун эрчите келет.Айыбын жууганга аракет кылат.Таарынычты топтоп журбойм оз убагында озуно кайтарып капалыгым сактап журбойм.Коз жашымды колдотуп бетине айтып ачуумду катпай чыгарып аламын.Мен тарапка эч кандай жаман соз суйлото койбойм,айыбын ачык бетине айтып туура эмес кылганын же суйлогонун мойунуна алдыртым жазасын берем.
Мени чагылгансын дейт жинденсен жарк деп чагылгандай уркутуп коркутасын да жок болуп кетесин деп.
Создун торкунун суйлогондо ойлонуп суйлочу болду.Аялынын да жазасын берем.Анти мынти деп арызданбай бастырып барып эле темиримди муздатпай басып келемин.Озу да мага карап" мурункумдан мурду чон"-деп жоло таштадын деп.
Мурунку катыным;
-Эркайым болсо сен Даткаайым болдунго бийлигимди талашып деп калат. Турмуш менен ойношпогун,жалган созундун жазасы бар,бир нерсе жашыруун иш кылам деп ойуна да келбесин.
"Тергелбеген эркек теренин билбей"-сууга тушом дейт.
"АЯЛ жаман деп-жакшысын эмес мурункудан да каттуусун аласын."
"АЯЛ дубал сымал ,соккон муштумундай жооп аласын.
"АЯЛ сенин кузгун кандай соз айтып кайрылсан ,ошондой жооп кутот.
"АЯЛ сенин кабыргандай ийри болот,туздогонго болбойт.
"Менден жакшысын тапсан аялын айткандай сага медал берем деп соз менен жеткирем баарын.
Ылайка болгон суунун да тунуй турган убагы болот дейт ко.
Коз менен коргон менен ан сезим менен туйгандын айырмасы бар да.
Бул озум тандаган тагдыр жолумда ар кандай кенеш укканга даярмын.Илгеркилер айткандай жети олчоп бир кес дейтко.
Силерден сураар кенешим;
Биринчи аялы менен жараштырыш кундошум менен болушуп жашай берейинби? Же кызганып жашап отомбу омур бою отсомбу.Эр берген жан берген менен барабар дегендей каттуу кызганам.Кундуго койнуна кирип кеткен жок бекен?деген кумон менен кун кечиремин.Эки уй нары жашаган кундошум куйоомду жакшы корот,тартып алганга кучу жетпейт же куйоом мени таарынтып алгандан коркуп сыр беришпейт.Мен жаман суйлобой бардын деп кызгана берем.
Билгизбей жолукса жолугушуп журушкондур анысын да билбейм.Куйоом эки жашооо менен жашайт дагы калыстык менен мамиле кылат.Кундошум да мени мендей тушунуп мамиле кылып сыйлайттыр мени .Суйлошпой бирбирибизге турубузду корсотуп жашайбызда."Сен кыйын болсон- мен да кыйынмын"- деп.
Ой кенештериниздерди кутуп каламын.
Оз оюмду терендеп болушконго аракет кылдым.