"Дени сак улут- күчтүү мамлекет" - 854381323740
"Дени сак улут- күчтүү мамлекет" - 854381325788
"Дени сак улут- күчтүү мамлекет" - 854381328092
"Дени сак улут- күчтүү мамлекет" - 854381331676
"Дени сак улут- күчтүү мамлекет" - 854381333980

"Дени сак улут- күчтүү мамлекет"

Адамдын эң башкы байлыгы бул- ден соолук! Эгер, ден соолугуң начар болсо, бул дүйнө бир тыйынга да татыбайт!
"Инсандык Өнүгүү" студенттик клубу 16-мартта, ошол дени сактыктын символу болгон, академик, профессор, медицина илимдеринин доктору Сабырбек Жумабеков агай менен жолугушуу уюштурушту.
Клуб уюштурган семинарлардын эсебинен алгачкы ирет медицина жаатында болгондуктан, ар бир катышуучу үчүн ары кызыктуу, ары пайдалуу болду.
Агайыбыз көптөгөн кеп-кеңештерин,башынан өткөн окуяларды жана эмне себептен медицина жаатына кызыгуусу күч алгандыгы тууралу айтып өттү.
Агайдын дагы бир өзгөчөлүгү,баарыбызды суктандырган кадрларды даярдоосу...
Айтайын дегеним жолугушууга он бештей аспиранты коштой келип катышты...
●Кыймылдасаң бул-аракет
Кыймылдасан бул-ой жүгүртүү
Кыймылдасан бул-ден-соолук
Кыймылдасан бул-ийгилик
●Таза эне-атадан таза балдар төрөлөт
●Дүйнөдөгү эн зыян нерсе тамеки тартуу
●Күнүгө физикалык көнүгүү,чуркоону адат кылгыла!
●Студент кезде Украинанын,Москванын китепканаларын түрө кыдырып китеп окудум.
●Бир айда отуз күн болсо жыйырма алты күн больницада жашачумун.
●Ошол эмгектин баардыгы илимде эрте ийгиликке жетишимдин себеби болду
●Изденгиле! Канчалык маалымат(информация)көп болсо,ошончолук иштегенге,жазганга,ой жүгүрткөнгө мүмкүн болот.
●Өз кесибинердин фанаты болгула!
●Кырсыктардын себеби унаалардын кескин көбөйүүсү жана жол эрежесинин маданияты сакталбай калуусунда.
●Биздин ортопедия илим изилдөө борбору ачылганы 135 000 операция жасадык.
Анын 21миңин өзүм жасадым...
PS: Буйруса агайдай мыкты даарыгерлердин саны көбөйсө, ооруулуулардын саны азайып күчтүү мамлектет болобуз.
Баардыгыңыздарын ден соолугуңуздар чың болсун!!!

Комментарии

Комментариев нет.