1/3 Шейх Мухаммад Аман аль-Жамий айтты: 💬 Даруль-хижра имамы, табатабаиндер доорунда Пайгамбар ﷺ мечитиндеги эң чоң узтаздардын бири – имам Малик, рахимахуллооху, өзүнүн окуучуларына айтчу эле: «Кандай гана адам болбосун – анын сөзү кабыл болушу же четке кагылышы мүмкүн – бир гана бул кабырдын ээсинен башка» деп Пайгамбардын ﷺ мүрзөсүн көрсөтчү. Бул сөздөрдүн мааниси: мусулман пенде, өзгөчө илим талабасы, Пайгамбардын ﷺ бир хадисин билген соң “бул менин мазхабыма каршы келет” деп, өзүнүн мазхабына ээрчиш үчүн – хадисти таштап коюу жарабайт. Мазхабты ээрчүү – парз эмес. Аны ээрчибей койсоң жазаланасың дегидей деңгээлде, ааламда Аллахтын Расулунан ﷺ башка эч кимдин артынан ээрчүү бизге ПАРЗ эмес. Андай макулук башка жок! ⛔️ ″Жавхарат ат-Таухид″ (ашарилердин белгилүү бир китеби) автору айтат: «Аалымдардын эң илимдүүсүнө таклид кылуу (далилсиз ээрчүү) – парз». Бул жалган сөз! Адамга 4 мазхабтын бирөөсүн СОКУР ээрчүү милдет эмес. Керек болсо бул – тыйылган нерсе! ⚠️ Милдеттүүлүк (фарз) Шариат тарабынан гана белгиленет, б.а. Куран жана Сүннөт менен. Ким бир нерсенин милдеттүүлүгү тууралуу сөз кылса – далил алып келиши керек. М: Имам Маликтин доорунда андан башка ҮЧ ЧОҢ ААЛЫМ болгонуна карабай, эмне үчүн адам Имам Маликтин гана артынан ээрчиши керек? Имам ибн Теймия айтты: «Табатабаиндердин доорундагы 4 чоң дүйнөлүк деңгээлдеги аалым: Хижазда Имам Малик, Мисирде аль-Лейс ибн Са’д, Иракта ас-Саври, Шамда аль-Авза’и». ❓Акыркы үчөөнү ээрчүү болбойт, ал эми Имам Маликти ээрчүү парз болуп калабы?! Каяктан алынды бул нерсе?! Кандай далил бар экен буга? Лейс, ас-Саври жана Авзаъийди ээрчүү бизге болбойт, ал эми Имам Маликти ээрчүү парзбы? Мындай бөлүү каяктан келиптир?! Же бул тууралуу вахий-кабар келдиби?! Шариат тексти бар бекен?! Ошондуктан, бир гана мазхабты ээрчүү МИЛДЕТТҮҮЛҮГҮ жөнүндө сөздөр – жалган сөздөр... Имам Абу Ханифа, имам аш-Шафи’и, имам Малик жана имам Ахмад – бардыгы мусулмандардын чоң аалымдарынан. Ошондой эле алардын доорунда алар менен тең тайлашкан аалымдар жашашкан. Алардан илимдүү адам болгон эмеспи?! Мисалы, аль-Лейс ибн Са’д Имам Маликтен да илимдүү болгон деп айтылат. ══════ ❁✿❁ ══════ 2/3 💬 Негизинде, биз Мухаммад пайгамбардын ﷺ артынан ээрчүүбүз керек, жана ушул нерседен суралабыз. Ар бир мусулман, кабырда берилчү үч суроо тууралуу билет жана ал эсинде турат. Кабырга киргенде ага үч суроо узатылат эмеспи: 1️⃣ Раббиң ким? 2️⃣ Диниң эмне? 3️⃣ Пайгамбарың ким? ❌ Кабырда “Имамың ким? Мазхабың жана тарикатың эмне?” деп суралбайт. Мындай суроолор берилбейт! Биздин имам, биздин үлгү, Аллахка багыттаган биздин жол башчы – Мухаммад ﷺ. Андан башка бизде имам жок! Төрт мазхабтын имамдары жана алардын деңгээлиндеги башка аалымдар – ушул Имамдын артынан ээрчүүгө чакыруучулар гана болушкан. Алар адамдарды өзүлөрүнө ээрчүүсүн талап кылышкан эмес. Ошондуктан имам Абу Ханифа айтчу: «Биз каяктан алганын (б.а. далилдерибизби) билбей туруп – биздин сөздөрүбүздү алуу эч кимге уруксат эмес» (Ибн 'Абд уль-Барр ''аль-Интика' фи Фада'иль ас-Саляса аль-А'имат аль-Фукаха'': 145; Ибн аль-Каййим ''И'лям аль-Муваки'ин'': 2/309) Талабалар түшүнсө дейт элем: ЖАЛГЫЗ Расулаллахтын артынан ээрчүү – ЖАЛГЫЗ Аллахка сыйынуудан кем калбаган маанилүү нерсе: Бардык ибадатты бир гана Аллахка багыштоо – бул “Аллахтан башка сыйынууга Татыктуу Зат жок” (Ля иляха илля Ллах) келимесинин мааниси; Ал эми ээрчүүдө бир гана Пайгамбарды ﷺ ээрчүү – бул “Мухаммед Аллахтын элчиси” (Мухаммадур-расулуллах) келимесинин мааниси. Бул эки келиме бир бүтүн нерсе сымал: келименин биринчи бөлүгү экинчисиз, экинчи бөлүгү биринчисиз – жарактуу болбойт. ══════ ❁✿❁ ══════ 3/3 💭 Мазхабтар төртөө эле эмес! Мазхабтар көп. Илим ээлерине таандык мазхабтар – көп! “Имам” деген даражага жеткен көптөгөн аалымдар болгон. Бирок, ушул төрт имамдын шакирттерине Аллах Таала береке берип – алар устаздарынын ой-пикирлерин жана эмгектерин китепке түшүрүштү. Мына ушул төрт имамдын ой-пикирлери жана эмгектери китептерге жазылып 📝 мусулмандардын арасында таркалып 📚 калган. Ошонтип БЕЛГИЛҮҮ мазхабтардан төртөө болду. Биз көп жолу кайталадык – бул төрт имамдын доорунда алар менен илиминде тең болгон, кээде алардан да илимдүү болгон улама замандаштары болгон... Имам ибн Теймия аларды сонун сөздөр менен мактап: _«Бул төртөө (б.а. Хижазда Имам Малик, Мисирде аль-Лейс ибн Са’д, Иракта ас-Саври, Шамда аль-Авза’и) табатабаиндердин доорундагы 4 чоң дүйнөлүк деңгээлдеги аалым деп эсептелчү. Мазхаб ээлеринен болгон 4 эле имам эмес, бирок, билгиле, бизде “имам” даражасына жеткен [көптөгөн башка] улуу чоң аалымдарыбыз бар»_ - деп кеткен. 👥 Демек, эмне үчүн бул төрт мазхаб белгилүү болуп кеткенин түшүндүңүздөр. Негизинен, бул төрт имамдай болгон аалымдар көп болгон. М: Хаммад ибн Зейд, Хаммад ибн Саляма, ‛Абду-р-Рахман ибн Махди, Абу ‛Убейд ж.б. имамдар. 📌 Айтайын деп жаткан сөз ушунда: динди жакшы түшүнөм деген киши – шариат ӨКҮМДӨРҮ жана [ал өкүмдөрдүн тууралыгын тастыктаган] ДАЛИЛДЕРИ бар китептерди окуусу керек. Ал эми далили жок адамдардын пикирин гана окуй берсе – ал киши динди жакшы түшүнбөй калат. Фикх – бул динди туура түшүнүү. Хадисте келгендей «Кимге Аллах жакшылык каалаган болсо – динди түшүнүүчү кылат». 📖 (Шейх Мухаммад Аман аль-Джамий "Шарх шурут ас-Солят") Булак: ИЛИМжолу ➖➖➖➖➖➖➖➖ Телеграм: @aalymdar
⏺️Аалымдар сөзү
:Жумадилов (Женат)
Мазхабты ээрчүү – парзбы?
1/3
Шейх Мухаммад Аман аль-Жамий айтты:
💬 Даруль-хижра имамы, табатабаиндер доорунда Пайгамбар ﷺ мечитиндеги эң чоң узтаздардын бири – имам Малик, рахимахуллооху, өзүнүн окуучуларына айтчу эле: «Кандай гана адам болбосун – анын сөзү кабыл болушу же четке кагылышы мүмкүн – бир гана бул кабырдын ээсинен башка» деп Пайгамбардын ﷺ мүрзөсүн көрсөтчү.
Бул сөздөрдүн мааниси: мусулман пенде, өзгөчө илим талабасы, Пайгамбардын ﷺ бир хадисин билген соң “бул менин мазхабыма каршы келет” деп, өзүнүн мазхабына ээрчиш үчүн – хадисти таштап коюу жарабайт. Мазхабты ээрчүү – парз эмес.
Аны ээрчибей койсоң жазаланасың дегидей деңгээлде, ааламда Аллахтын Расулунан ﷺ башка эч кимдин артынан ээрчүү бизге ПАРЗ эмес. Андай макулук башка жок!
⛔️ ″Жавхарат ат-Таухид″ (ашарилердин белгилүү бир китеби) автору айтат: «Аалымдардын эң илимдүүсүнө таклид кылуу (далилсиз ээрчүү) – парз». Бул жалган сөз! Адамга 4 мазхабтын бирөөсүн СОКУР ээрчүү милдет эмес. Керек болсо бул – тыйылган нерсе!
⚠️ Милдеттүүлүк (фарз) Шариат тарабынан гана белгиленет, б.а. Куран жана Сүннөт менен.
Ким бир нерсенин милдеттүүлүгү тууралуу сөз кылса – далил алып келиши керек.
М: Имам Маликтин доорунда андан башка ҮЧ ЧОҢ ААЛЫМ болгонуна карабай, эмне үчүн адам Имам Маликтин гана артынан ээрчиши керек?
Имам ибн Теймия айтты: «Табатабаиндердин доорундагы 4 чоң дүйнөлүк деңгээлдеги аалым: Хижазда Имам Малик, Мисирде аль-Лейс ибн Са’д, Иракта ас-Саври, Шамда аль-Авза’и».
❓Акыркы үчөөнү ээрчүү болбойт, ал эми Имам Маликти ээрчүү парз болуп калабы?! Каяктан алынды бул нерсе?! Кандай далил бар экен буга?
Лейс, ас-Саври жана Авзаъийди ээрчүү бизге болбойт, ал эми Имам Маликти ээрчүү парзбы? Мындай бөлүү каяктан келиптир?! Же бул тууралуу вахий-кабар келдиби?! Шариат тексти бар бекен?!
Ошондуктан, бир гана мазхабты ээрчүү МИЛДЕТТҮҮЛҮГҮ жөнүндө сөздөр – жалган сөздөр...
Имам Абу Ханифа, имам аш-Шафи’и, имам Малик жана имам Ахмад – бардыгы мусулмандардын чоң аалымдарынан. Ошондой эле алардын доорунда алар менен тең тайлашкан аалымдар жашашкан. Алардан илимдүү адам болгон эмеспи?! Мисалы, аль-Лейс ибн Са’д Имам Маликтен да илимдүү болгон деп айтылат.
══════ ❁✿❁ ══════
2/3
💬 Негизинде, биз Мухаммад пайгамбардын ﷺ артынан ээрчүүбүз керек, жана ушул нерседен суралабыз. Ар бир мусулман, кабырда берилчү үч суроо тууралуу билет жана ал эсинде турат. Кабырга киргенде ага үч суроо узатылат эмеспи:
1️⃣ Раббиң ким?
2️⃣ Диниң эмне?
3️⃣ Пайгамбарың ким?
❌ Кабырда “Имамың ким? Мазхабың жана тарикатың эмне?” деп суралбайт. Мындай суроолор берилбейт!
Биздин имам, биздин үлгү, Аллахка багыттаган биздин жол башчы – Мухаммад ﷺ. Андан башка бизде имам жок!
Төрт мазхабтын имамдары жана алардын деңгээлиндеги башка аалымдар – ушул Имамдын артынан ээрчүүгө чакыруучулар гана болушкан. Алар адамдарды өзүлөрүнө ээрчүүсүн талап кылышкан эмес.
Ошондуктан имам Абу Ханифа айтчу: «Биз каяктан алганын (б.а. далилдерибизби) билбей туруп – биздин сөздөрүбүздү алуу эч кимге уруксат эмес» (Ибн 'Абд уль-Барр ''аль-Интика' фи Фада'иль ас-Саляса аль-А'имат аль-Фукаха'': 145; Ибн аль-Каййим ''И'лям аль-Муваки'ин'': 2/309)
Талабалар түшүнсө дейт элем: ЖАЛГЫЗ Расулаллахтын артынан ээрчүү – ЖАЛГЫЗ Аллахка сыйынуудан кем калбаган маанилүү нерсе:
Бардык ибадатты бир гана Аллахка багыштоо – бул “Аллахтан башка сыйынууга Татыктуу Зат жок” (Ля иляха илля Ллах) келимесинин мааниси;
Ал эми ээрчүүдө бир гана Пайгамбарды ﷺ ээрчүү – бул “Мухаммед Аллахтын элчиси” (Мухаммадур-расулуллах) келимесинин мааниси.
Бул эки келиме бир бүтүн нерсе сымал: келименин биринчи бөлүгү экинчисиз, экинчи бөлүгү биринчисиз – жарактуу болбойт.
══════ ❁✿❁ ══════
3/3
💭 Мазхабтар төртөө эле эмес! Мазхабтар көп. Илим ээлерине таандык мазхабтар – көп! “Имам” деген даражага жеткен көптөгөн аалымдар болгон. Бирок, ушул төрт имамдын шакирттерине Аллах Таала береке берип – алар устаздарынын ой-пикирлерин жана эмгектерин китепке түшүрүштү.
Мына ушул төрт имамдын ой-пикирлери жана эмгектери китептерге жазылып 📝 мусулмандардын арасында таркалып 📚 калган. Ошонтип БЕЛГИЛҮҮ мазхабтардан төртөө болду.
Биз көп жолу кайталадык – бул төрт имамдын доорунда алар менен илиминде тең болгон, кээде алардан да илимдүү болгон улама замандаштары болгон... Имам ибн Теймия аларды сонун сөздөр менен мактап: _«Бул төртөө (б.а. Хижазда Имам Малик, Мисирде аль-Лейс ибн Са’д, Иракта ас-Саври, Шамда аль-Авза’и) табатабаиндердин доорундагы 4 чоң дүйнөлүк деңгээлдеги аалым деп эсептелчү. Мазхаб ээлеринен болгон 4 эле имам эмес, бирок, билгиле, бизде “имам” даражасына жеткен [көптөгөн башка] улуу чоң аалымдарыбыз бар»_ - деп кеткен.
👥 Демек, эмне үчүн бул төрт мазхаб белгилүү болуп кеткенин түшүндүңүздөр. Негизинен, бул төрт имамдай болгон аалымдар көп болгон. М: Хаммад ибн Зейд, Хаммад ибн Саляма, ‛Абду-р-Рахман ибн Махди, Абу ‛Убейд ж.б. имамдар.
📌 Айтайын деп жаткан сөз ушунда: динди жакшы түшүнөм деген киши – шариат ӨКҮМДӨРҮ жана [ал өкүмдөрдүн тууралыгын тастыктаган] ДАЛИЛДЕРИ бар китептерди окуусу керек.
Ал эми далили жок адамдардын пикирин гана окуй берсе – ал киши динди жакшы түшүнбөй калат. Фикх – бул динди туура түшүнүү. Хадисте келгендей «Кимге Аллах жакшылык каалаган болсо – динди түшүнүүчү кылат».
📖 (Шейх Мухаммад Аман аль-Джамий "Шарх шурут ас-Солят")
Булак: ИЛИМжолу
➖➖➖➖➖➖➖➖
Телеграм: @aalymdar