СУПАРА КАНАЛЫ
29 ноя 2023

#ТүркияАнталья #Кыргызстан #маданият_күндөрү #маданиятмаалыматспортжанажаштарсаясаты_министрлиги

Кыргызстандын маданият күндөрү Түркиянын Анталия шаарында уланууда
28- ноябрда Түркиянын Анталия шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү кыргыз кинолорун көрсөтүү менен уланып, “Чыңгыз Айтматов жана замандаштары” сүрөт көргөзмөсү менен коштолууда.
Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев, Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы башкы консулу Рустам Кошонов, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин Анталья облусундагы Маданият жана туризм директору Жандемир Зороглуну, Кыргызстандан барган расмий делегация, түрк кино ишмерлери, шаар тургундары жана мекендештер катышты.
26-ноябрдан башталган маданият күндөрү 29 ноябрда жыйынтыкталат.
Программа боюнча саат 18:00дө Анталия шаарындагы Мамлекеттик опера жана балет театрында маданият күндөрүнүн расмий жабылышы чоң программадагы гала-концерт менен өтүп, көл өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү менен коштолот.
@kgembassyankara
@kgembassyankara
@suparakanaly
Фоторепортажды толугу менен төмөнкү шилтемеден көрө аласыздар:
https://www.facebook.com/share/p/STEt2taVwNfMktbM/?mibextid=qi2Omg

#ТүркияАнталья #Кыргызстан #маданият_күндөрү  #маданиятмаалыматспортжанажаштарсаясаты_министрлиги  - 957107682293
#ТүркияАнталья #Кыргызстан #маданият_күндөрү  #маданиятмаалыматспортжанажаштарсаясаты_министрлиги  - 957107682549
#ТүркияАнталья #Кыргызстан #маданият_күндөрү  #маданиятмаалыматспортжанажаштарсаясаты_министрлиги  - 957107686389
#ТүркияАнталья #Кыргызстан #маданият_күндөрү  #маданиятмаалыматспортжанажаштарсаясаты_министрлиги  - 957107686133
Показать ещё

Комментарии

Комментариев нет.