Ашык болуп бир жигитче бир кыз кызга.

Андый берди айлар менен бир жылга.
Кучко салып жубай кылмак болдуда,
Салты менен тааныш болгон Кыргызга.
Алакачты алдап оздук омурун
Арзуу айтып алмай болду конулун.
Колокодой болду суйуу жигитке,
Корбой чындык орунунда тогунун.
Кыз ыйлады,эчким конул бурбады!
Кош кареги ыйдан талып кургады
Жакшы коргон атасыда "омийин" деп-
Эмнегедир кыз тагдырын булгады.
Жашыралбай кээ кундору ый демин,
Жашап калды айласыздан жаш келин.
Озго уйду оз уйундой коралбай
Сагынууда калаберди оз жерин.
Кундор отту,отту тундор агылып.
Коломтого улбул оттой жагылып.
Ойлор менен алышууда жаш келин
Бактымбы же,калдымбы деп жанылып.
Убак менен жигит башка корунуп
Кыз жудоду,чачы кыйшык орулуп.
Тилегени кетпесек дейт жаш эле
Жашай албай эки жолго болунуп.
Суйом деген созун башка укпады
Кээ кундору жалгыз жатып уктады.
"Ичмей,чекмей" болуп жигит эмгеги
Кыз тилеги мин айтсада жукпады!
"Баарын берем"деген куйоо корунбой
Кол которуп,эч себепсиз согунмой.
Кээ кундору кетчу болду сезилип-
Ушул жер там,кыздын тируу корундой.
Кундор айга уланууда акырын
Омур суруп жыйнап кайра акылын.
Бакыт деген умут очуп жаткансыйт
Ага баруу учун мин-мин чакырым.
Кабар айтты куйоосуно суйунуп.
Канча куткон бактына бир куйунуп
-"Кош бойлуумун" деди,козго жаш алып.
Жигит болсо кубанбады туйулуп.
Уруш чыкты дагы кайра себепсиз
Баарын сезди,бул уйдо ал керексиз.
Кетеберди ак жоолугун салынып,
Боорундагы уулу учун белексиз.
Атасына-апасына ыйлады
Ыйы менен бут баарысын кыйнады!
Торололек боюндагы уул менен
Торкунуно коп убакка сыйбады.
Тогуз айда отту мына арадан,
Айыкпады келин бирок жарадан.
Термелишкен умут менен алышып
Терезеден кундо жолго караган.
Азан уну ойготкондой эртелеп
Уулу анын тыбырчылап эркелеп.
Толготуусу башталганын сезгенде
Апасына карайт жардам берсе деп.
Уул тороду,атасычы келбеди!
Алсыз жатат ага кубат бербеди!
Арсыз дуйно тагдырына багынып,
"Ажал"келди, бирок аны женбеди.
Умуттору озу менен коз жумуп
Уулу менен кызыл гулдор тербеди.
Уу ондонуп энесинин ууз суту
Бобок калды,бирок тоё эмбеди...
Келин уйу асмандагы "коктомдой"
Ушул менен бобок куну очкондой.
Жан берээрде коздорунон байкалып
Ушуларды ыйлап айтып откондой.
-Ыйлабагын,ыйлабачы бобогум!
Ишенемин сени кайра коромун.
Илгерки кун,тилектерди очуруп
Келип турат оо дуйного жоногум.
Акылдуу бол,таарынбагын чырагым!
Келди чындап жаным бербей чыдагым.
Тагдыр экен менин кунум жашынды
Болбойт тунум сени карап чыгарым.
Кокурокко башын коюп жатасын
Улам-улам ыйлап козун ачасын.
Кандай жигит осуп чыгат сендейден?
Корбой оссо апасында атасын.
Которууго сени эми кучум жок
Коп кутпочу эмизээрге сутум жок.
Сенин дуйнон таандык эми озуно,
Менин дуйном силер учун бутун жок...!
Атакен бар кулунум келип калаар.
Акырындан уулуна козун салаар.
Апан болсо асмандагы эн жарык
Жылдыз болуп нурланып сага жанаар.
Коёберчи бобогум мен кетейин!
Сени дайым кутчуу жерге жетейин.
Муздап барса кучагымда дененда
Жансыз болсом анан айтчы нетейин?
Кордум уулум тагдырдын кар,жаанында.
Суранамын кийин мага таарынба!
Ажал деген келсе пенде алсыздыр
Олот кулда,байы бийи заалымда.
Бир омурго менден умут узгунун!
Жарык болсун арбир сенин кун-тунун!
Атакенди кечир уулум адашты,
Анан келет соссуз аны куткунун...!
А.кайрат..

Комментарии

  • 7 ноя 2014 00:32
    *

















































                                                           ™
  • 18 дек 2014 19:32
    Балдарды ата энесинен айрыбасынх
  • 7 июн 2015 02:40
    Эн сонун . Мундуу ыр саптары.
  • 8 авг 2015 17:38
    Талантына таазим
  • 27 апр 2016 22:21
  • 12 фев 2017 23:20
    кайгылуу
  • 30 июл 2017 11:14
  • 22 сен 2019 06:34
    🇰🇬Кыргызстанда иш жок🤷‍♀🤷🏻‍♂деп отурсанызанда жанылышасыз🤗
    Сизге болгон сунушум
    жоп жонокой🤝🤝🤝
    базардан эле алып жаткан🛒:
    🧼🧽🍽🕶ж.б
    Ушуларды "ФАБЕРЛИК"компаниясынан заказ берипалсаныз ар бир заказга🛍 2.3тон бекер белек алып отурасыз
    А эгер0дон баштап иштейм десениз:Озунузго окшоп таза продукция🤔 колдоном арзан баада деген адамдарды алып келсениз онлайн
    Сизге айлык толоп берет 🤩 канча аракет кылсаныз ошончо

    https://chat.whatsapp.com/LgaXBtJkso1Hz6abiRwbnL
  • 22 сен 2019 06:35
    🇰🇬Кыргызстанда иш жок🤷‍♀🤷🏻‍♂деп отурсанызанда жанылышасыз🤗
    Сизге болгон сунушум
    жоп жонокой🤝🤝🤝
    базардан эле алып жаткан🛒:
    🧼🧽🍽🕶ж.б
    Ушуларды "ФАБЕРЛИК"компаниясынан заказ берипалсаныз ар бир заказга🛍 2.3тон бекер белек алып отурасыз
    А эгер0дон баштап иштейм десениз:Озунузго окшоп таза продукция🤔 колдоном арзан баада деген адамдарды алып келсениз онлайн
    Сизге айлык толоп берет 🤩 канча аракет кылсаныз ошончо КОШУЛУНУЗ

    https://chat.whatsapp.com/LgaXBtJkso1Hz6abiRwbnL