Комментарии
- 18 фев 2022 10:26Сейитбек Токтобаев
- 18 фев 2022 11:42Аллах ыйман бер пенделерине
- 18 фев 2022 13:20Жанаркан Султанбекова
- 18 фев 2022 13:20Жанаркан Султанбекова
- 18 фев 2022 13:24Света Абдыбачаева
️
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
ПОРТАЛ KG
Бердикожо Бийназаров
Арзан баанын азгырыгы.22-болум.
Кимдин ким экенин адам баласы башка иш түшкөндө гана билет эмеспи. Анысысыңары, Маржан тасмал четинде олтуруп Сурма менен күйөөсү Окендин жасаган мамилесине ыраазы болуп, аларга ичи жылып олтуруп, башынан өткөн окуяны айтып берди. Окен менен Сурма үн дебестен сөздү бөлбөй угуп олтурушту. Ан сайын Маржан сөз арасында бир ыйлап, бир күлүп эки саатын ашык убакыт сүйлөдү.Мен жаңы гана окууну бүтүп, шаарга келгенде айылдашым Жаныш менен жакшы мамиледе болуп, абдан ынак достордон болуп кеттик. Ооба, алгач шаардын жашоосуна көнө албай жүрүп, акыры айлам жок көнүүгө дагы туура келди. Кышкы сецияны аяктап үйгө барганымда багып алган чоң апам мени ушундай бир катуу даярдык менен тосуп алды. Ал мени кандай сагынса, мен апамды андан эки эсе ашык сагынган болчумун. Жаңы союлган козунун этин жеп болуп, жыйналгандан соң мага күмүш шакегин берди "бекем сактап, сен дагы кызыңа бер, муну мага сенин чоң таянең, менин апам берген, аманаты аткарайын, тагынып жүр"-деп. Мен ал күмүш шакекти колума тагынганда, өзүмө ушундай бир чоң жоопкерчилик алгандай сезип, аны сактап, ээсине берүүнү эп көрдүм. Кап!ал шакекти үйгө эле калтырап кетсем эмне. Шаарга келгенден кийин, чогуу окуган Жаңыл деген кыз сураганда берип, ал жаңы гана колуна тагынганда, белгисиз эки машина экөөбүздү эки машинага салып, каякадыр алып кетти. Ал азыр кайда экенин билбейм. Мени алгач казакстандын эч ким барбаган жерине алып барып сатмак болду. Анан ал жердегилер "бизге кыз эмес, мал кайтарганга бала керек болучу"-деп албай коюшканда, мени убактылуу тура турсун деп айтып,ал жерге калтырып кетишти. Бирок казак карыя мени көп деле кыйнап иш жасаткан жок. Эки жылдан ашык убакыт ээн талаа эрме чөлдө казактардын көргөн күнүн көрүп жашадым. Кийин бир өзүбек баланы алып келишти да, мени Түрцияга алып кетишти. Азыр ойлосом, качып деле кетсем болмок экен, казакты алдап. Бирок кайда барууну билбей калбадымбы. Күн жерден чыгып, жерге батат экен. Анан кайда качып барышты билбей ичимден сызып жүрдүм. Ошондо да апам эсимден кетпей, ага карата сагынычым күч алып, канча ыйладым. Күндө шамал болот, кум асманка учуп. Деги мен барган жердеги казактардын жашоосуна такыр ичим жылыган жок. Ал эми казактар көнүп калган окшойт, эч жакка деле барбай малы менен болуп, жаңылыктан алыс, чөлдү байыр алып эле жашай беришет экен. Алыстан атчан киши же машина көрүнсө кадимкидей сүйүнгөн күндөр болду. Ал жерди казактардын көбү,андай жер бар экенин билбесе керек. Кээ бир жерлер бар го, бизде тоо арасында,эч ким барбаган, нак ошондой көздөн далдоо жер экен. Андан дагы суу чоргодон аккансып кичине эле сызылып чыгат, бир чака суу алыш үчүн он беш мүнөт күтүү керек. Ал жерди тиги түрктөр кайдан билип алышканын билбейм. Керек болсо азыр ошол жерди мага көргөз десе, ал жерди таба албайм. Созулуп эле жаткан мелмилдеген талаа. Бир гана аттын жолу, анан чөп баскан машинанын жолу бар. Ириде айттым го, элден чет жашаган ал жердегилерге сырттан бир киши келсе, жөн эле шаар болуп калат. Жаңы жыл келгенин да билбей каласың. Айдын канчасы экенин кээде радиодон угуп калганың болбосо, башка күнү билип болбойт. Окшош күндөр өттү. Мен кемпир чалдын кызы болуп калдым. Алар дагы мага көнүп калышкан. Ар бир аптада же эки аптада азык-түлүк келет. Тамак деле ичилчү эмес. Көбүнчө уйдун сүтүнүн каймагы менен чай ичип жашадык. Ал эми кышында кардын калыңдыгынан жердин учу көрүнбөйт. Мал кол карап калат, абышкага көмөк берип малга чөп салышып, жардам берем.
Ал жерде ашып кетсе беш түтүн эл жашайт. Илгерки отузунчу жылга түшүп калгандай эле болдум. Эстерине келиштиби, ким билет мени алып кеткени келгендеги сүйүнгөнүмдү айтпагыла. Машинага түшүп ал жерден кеткенче ишене албай турдум, машинага түшкөндө гана көзүмө жаш алып, кадимкидей сүйүндүм. Машинанын терезелери тонировка болгон үчүн жол деле көрүнгөн жок, салондун артынан. Андан дагы биз жолго күн батып баратканда чыккандыктан тез эле караңгы кирип, мен дагы ал жактын жолун эстей албай калдым. Кетип бара жатып, менин ордума барган өзбек баланы абдан аядым. Ал дагы канча жыл ал жакта жашайт ким билет. Менин баамымда ал баланы алдап барган окшойт, көп акча төлөп беребиз деп. Кайран балага абдан боорум ооруду. Биз таңга жуук гана казактын бир шаарына келдик. Ал жерден тамак ичип алып, кайра жолго түштүк. Анан Астанага келдик да, алгач Стамбулга учуп, кайра эле джип машинасы менен беш сааттай жол жүрүп, акыры барчу жерге бардык окшойт, машина токтогондо дагы сүйүндүм. Жамбашым талып, олтура албай калгам. Баса мени ал жерге бир эле киши алып барган, калгандары Стамбулдан эле калып калышкан. Ал жер дагы туркиянын бир киши барбаган айылы экен. Алиги киши мени алып келген үчүн абышкадан акча алды көрүнөт, кыскасы абышкага сатышканын кеч билдим. Абышканын беш жыл кызматын кылдым. Бирок мага ал абышка тийбегени менен иш жасатып беш жыл кыйнаганда, Шайил келип өзүнүн үйүнө алып кетти. Анын алган аялдарынан баш адашат. Мен орус тилин билген үчүн, көбүнчө орустар менен сүйлөшкөндө тилчи болдум. Эмне болуп он жылдан ашык убакыт өтүп кетти билбей дагы калдым. Мен көргөн азаптарымдын көбүн жашырып койдум. Ал жактан кыздарды абдан катуу кыйнап, арабдарга, орустарга сатып, ыйлатып, кыздардын көз жаштарынан акча жасаган шылуундарды өз көзүм менен көрүп, тилимди тишиме катып, Шайилдин айтканын аткарып гана аман калдым, десем болот. Бир чети орус тилин үйрөнүп алганым мени көп нерседен сактады. Бир жолу бир орус киши сунуш киргизди "мага турмушка чык, сени бул жерден алып кетем"-деп. Атамдай болгон неменин ал сунушуна макул болгон жокмун. Ким билет ал дагы мени алдап барып, дагы бирөөнө сатып жибериши толук мүмкүн болучу. Эки жолу мени зордогону аракет кылган түрктү Шайилге айтсам, аны дароо иштен алып салды. Акырындык менен Шайилдин ишеничине кирдим да, акыры эптеп Кыргызстанга келген кыздар менен келип, минтип силер менен насиптеш болуп олтурам. Баса, мен бул сапар келмек эмес болчумун. Аравияга, Кыргызстан аркылуу кыздарды алып өтүү керек болуп, тилди билесиң деп, мага ишеничи арткан Шайилдин ишеними менен гана келип калдым. Акыры буйрук менен өз жердин абасын жутуп, даамын сызып олтурам. Ушуга дагы тобо дейин. Чынын айтсам бул жашоонун кыйынчылыгын көрүп, ысыгына күйүп, суугуна тоңдум-деп, жаңы гана сөзүнүн аягына чыкканда, Сурма:-Анан бир дагы кишиге турмушка чыккан жоксуңбу?-деди. Бул айтылган сөздүн артында "сени эч ким зордогон жокпу?"деген сөз жатканын айттырбай билип, Маржан үнүн ишенимдүү чыгарып:-Ким зордойт, алгач жалаң абышкаларга сатылсам. Анан канча аялы бар экенинин так саны билинбеген Шайилдин колуна өтсөм. Кыскасы, мени жакшы эле сактады, ар кандай кырсыктан. Эки гана жолу асылып, аракет кылган түрк бала болбосо. Анын иштен айдалганы башкаларга сабак болдубу, деле бир дагы эркек аттуу жаныма жологон жок. Кыскасы, мен чоң сыноодон өттүм. Сөздү Окен алды:-Маржан, мен сени алгач көргөндө эле байкагам, муңайыңкы көз карашыңан кыйноо тартканыңды. Эми мындан аркы жашооң оң жолго түшсө болгону деп, сөздү жаңы эле улап келе жатканда, чөнтөк телефону шыңгырап калды. Кулагына такаган Окен:-Макул, сен айткандай болот-деп, жооп берген соң:-Маржан, сүйүнчү, ата-энең менен Жаныш мында келе жатышыптыр. Бүгүн, түнү менен айлыга кетет окшойсуңар, айткан кебине караганда деди эле, бул айтылган сөздү укканда Маржан ордунан тура калды, сүйүнгөнүнөн. Аз убакыт өтпөй эшиктин алдына машина токтогондо Маржандын жүрөгү кабынан чыгып кете жаздагандай бат-бат согуп, бир орунга олтура албай сыртка чыга жөнөдү,көзүнө келген жашты сүрткөнгө алы келбей. Бул жерден көкүрүккө батпай кеткен кусалыктын, сагынычтын, айтып сөз жеткисе алгыз ичке толгон буктун ачыкка чыгуусу күтүлүп жатканынан белги берип турду, байкап турган адамга.
(Уландысы бар)