Комментарии
- 9 мар 2024 04:59Салам жакшыларым мен да мундуз кызы болом чаткал району кашы кыя айылы озум жалал абадын сузак району октябрский айылынан бодом
- 13 мар 2024 07:15Саламатсызбы эже бала Чака мал жаныныз аманбы
- 24 мар 2024 11:57Ассаламу алейкум мундуз уруусунун санжырасын жазгандардын номерин берип коюнуздарчы.
- 20 янв 07:42Ассаламу алейкум. Абдраманов Калдарбек. Жалал-Абадда кардиохирургиянын ээси.
Мундуз уруусунун төрагасы азыр - 20 янв 07:48
Шагым, Сотоке, Сары ,Жорун , Сарыке, Ожурай Даргадан болуш керек.
Калган Шагым менен Сотоке,Жорун Ноокен районунда - 20 янв 07:50Ассаламу алейкум. Азыр кандай тапсак болот ошол китепти
- 2 апр 21:40Ассалам алейкум мендагы Атбасар Мундуз болом Таш-Көмүр шаарында турабыз.Менда санжырабызды билгим келет
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
КЫРГЫЗ САНЖЫРАСЫ
МУНДУЗ УРУУСУ.
Мундуздар байыркы кыргыз уруусу. Мундуздар Ферганага калмактардын үстөмдүгү учурунда, жетиген уруусунун башчысы Орус бийдин тушунда келгенин мундуз санжырачылары айтышкан (Я.Р.Винников. 154-б.). Буларда аймак, диалектика жок. Кыргыз жеринде таруудай чачылган. 1913-ж. мундуздар Наманган уездинин Кырк уул болуштугунда 317 түтүн 1089 киши, Олуя Атанын Байтерек болушунда 21 түтүн 143 киши, Анжияндын Базаркоргон болушунда 209 түтүн, Масса болуштугунда 47 түтүн 342 киши, Пишпек уездинин Кара Балта болушунда 125 түтүн 464 киши, Талкан болуштугунда 17 түтүн 69 адам, Жумгал болуштугунда 15 түтүн 70 киши, Жети өгүздө 20 түтүн 101 киши. 20-к. 50-жылдарында Нарында Миң Булак, Эчки Башыда (17 түтүн), Тогуз Торонун Казарман, Көк Ийримде, Ак Талаанын үгүт, Көлмө, Дөрбөлжүндө, Жети өгүздө Мундуз айылында, Түптүн Сыр Дөбө, Кош Дөбө айылында, Таласта айрым айылдарда жашашкан (Материалы по киргизскому землепользованию. Ташкент, 1913. стр. 4-5, 44-46, 444. жана Абрамзон С.М. 81-б.). Мундуздар баш ийген уруунун диалектисинде сүйлөшөт, бирок аралашпай өздөрүнүн үрп адатын сакташат. Уруулук тамгасы .
Бул мундуз же ача тамга деп аталган. Мындай тамга Саруунун Алакчын уругунда, тескери ача тамга муңгуштарда ( ) кезиккен. Мундуздардын жалпы урааны жок, ар кайсы уруулар өзүлөрү кирген уруулук союздун ураанын чакырышкан. 20-к. ортосунда мундуздар Жаңы Жолдо – Ак Суу, Кызыл Туу, Узбек Гава, Уч Куртта, Сузакта – Мундуз, Жалал Абад, Аралда, Базаркоргондо – Кыргоо, Кыргыз Гава, Базар Коргон, Совет, Беш Бадам, Кызыл Көлдө, Ленинде – Чек, Сакалды, Шайданда, Тогуз Тородо – Казарман, Көк Ийримде, Жети өгүздө – Мундуз, Сары Дөбө, Түптө – Кош Дөбө, Нарында – Миң Булак, Эчки Башыда, Ак Талаада – Дөрбөлжүн, Көлмөдө, Жумгалда – Кызартта, Таласта – Бакыян, Кайыңды, Чүйдө – Кеминдин Төрткүлүндө, Калмак Ашууда, Кара Булакта, Сайлык, Кегетиде бар. Мундуз: Алдос, Бээбайлаш, Бообек, Утамыш, Жарыке, Тойма. Утамыштан – Кансоюл, Токтона, Сокучу, Көкчелек, Кызылбаш, Акбаш. Жарыкеден – Дарга, Тогунай, Азык, Кулукчу, Сапалак, Баймундуз, Акүйлүү. Кыргоол, Саты, Карагул, Кыра, Аксылык, Сарыке, Көкчөкөз, Акуук, Шыдыр, Дурбул ж.б. бөлүнөт.