Саламатсыздарбы Москвадагы мекендештер! Сиздердин назарыныздарга нукура көп кырдуу кыргыз тайпасын сунуштайбыз. Тайпанын максаты Москвада жашаган кыргыздардын жашоосун жеңилдетүү максатында жана мекендештерге ар тараптан кызмат кылуу. Биздин тайпабызга ар түркүн суурооңуздарды бериңиздер. А биздин уюмдун мучөлөру тез жана так жооп берүүгө болгон күчүн жумшайт. Биздин уюмдун "Куржун " аталып калышы да тегинен эмес. Илгери ата -бабабыз алыс жолго чыкканда керектүү буюм, оокатын баарын бир куржунга салышкан да сапарга аттанышкан. Биздин максатыбыз да куржун сымал Москвадагы кыргызга керек буюмдун баарын бир баштыктан таабууга мүмкүн болгон, жакшылыкка кызмат кылган уюм болуу. Андыктан мекендештер, ар бириңиздер уюмдун өркүндөөсүнө өз салымыңыздарды кошооруңуздарга ишенебиз. Эскерте кетүүчү нерсе тайпада бүт жңылыктар жалаң гана кыргыз тилинде болот. Бул кыргыз тилин өркундөтүү жана чет жерде эне тилин унутпастан, жандандырып, бекемдөөнүн бир жолу. Сиздерди терең урматтоо менен Куржун уюму!