Грыжа оорусу адамдын башка органдарын да жабыркатат

Грыжа остеохондроздон улам пайда болот. Остеохондроз деген эмне? Остеохондроз бир жак кыр арканын оорусу. Жөнөкөйлөтүп айтканда омурткалардын ортосундагы кемирчектерде зат алмашуунун бузулушунан келип чыгат. Кыймылсыз, мисалы, компьютерде көп олтурган, бир ордунда жылбай олтурган адамдын омурткаларында зат алмашуу бузулуп зыян тартат. Эгерде моюн, бел омурткаларында остеохондроз болгон болсо кемирчек зыян тартат. Бир күнү бир оор жүк көтөрүп койгондо даяр болгон организм грыжага айланат. Жети моюн омурткасы бар. Ошолордун ортосунда пайда болгон кемирчектер моюн омурткасынын грыжасы деп аталат. Беш бел омурткасы бар. Ошол бел омурткасында кемирчек чыгып кетсе бел омурткасынын грыжасы деп аталат. Бел омурткаларынын грыжалары көбүрөөк кездешет. Андан соң моюн омурткасынын грыжалары басымдуулук кылат. Ал эми көкүрөк омурткаларынын грыжасы сейрек жолугат.
-Грыжа менен ооруп, бирок дарыгерге кайрылбай жүрө берүүнүн арты эмне менен бүтөт?
- Эки буту иштебей калышы мүмкүн. Дагы бир чоң запкысы - заарасы токтобой калат же таптакыр заарасы чыкпай калат. Эгерде мындай убакта учурунда операция жасабаса, өмүр бою заарасы бузулган бойдон калат.
Грыжанын белгилери
Белде, бел булчуңдарында такай ооруксунуу пайда болот, белдин териси чымырайт. Арка жак талып, уюп ооруйт. Буттун бир жак капталдары ооруп, нервтер кысылып калат. Кол көтөрүлбөй, баш айланат. Моюнду ары-бери айлантып кыймылдатуу кыйын болот. Кээде кулакта үн пайда болот. Грыжа болуунун башкы себеби остеохондроз болуп жүрүп, оор жүк көтөргөндө же ыңгайсыз кыймылдаганда пайда болот.
Сиздин ден-соолугуңузда ушундай ооруксунуулар пайда болсо сөзсүз дарыгерге кайрылыңыз.

Комментарии