ЭЛИБИЗГЕ СООРОТУП КОЕ ТУРГАН БАЙ ЭМЕС, ӨМүР БЕРИП,

ЖОЛ КӨРСӨТКӨН БЕК КЕРЕК!
Журналистикадан кеткен 5 жылдан бери жан дүйнөм
жыргап, терс энергия, ауранын кучагынан алыстай түшкөндөй болдум эле, бирок
акыркы учурда кыргызга бел болчу Бабановго карата капкара калпыс маалыматтык
чабуулдардан улам, жаным жай албай, кайрадан калем кармап өз оюмду ортого
салууга туура келди. Себеби, учурда
чын-бышыгы билинбеген ар кандай маалыматтарга сугарылган элдин санаасы санга,
ою онго бөлүнүп турган чак. Мен деле айрымдар сымал “өгүзүм өлбөсүн, арабам
сынбасын”- деп унчукпай кайдыгер мамиле кылып койсом болмоктур. Бирок,
Ө.Бабанов башын канжыгага байлап, өмүрүн, бардык бизнесин тобокелге салып,
“элдин жашооосун жакшы жакка өзгөртөм!”-деген аруу тилек менен чоӊ жарышка аттанып
олтурат. “Эгер башчы болуп калсам, корообузду малга, талаабызды данга
толтурайын!”-деп суранып олтурат.
“Арстандын күчү учурун күтө билгенинде”-деп
Алайдан чыккан Курманжан Датка энебиз айткандай, өзгөрүүгө учур келип, Бабанов
маарага жакындап калды. Чечүүчү мезгилде колуна кол, бутуна бут, демине дем
болуп, колдоп берели. Балким, Бабановдун ордунда башка бирөө болгондо
Салымбеков сыяктуу кайсы бийлик болбосун тил табышып, өз оокатын кылып, байып,
тынч жүрө бермек. Бабанов үчүн бул жашоодогу ийгилик – канча акча тапканы эмес,
канча адамдын жашоосуна өзгөртүү киргизүү экенин баамдадык го. Бирок, ага
бүтүндөй мамлекеттик машина жол тосуп, буттан чалып жатканын баарыбыз көрүп
жатпайлыбы.
Бүгүнкү күнү бийликтин чалма
ыргыткычы да, темир тор даярдагычы да 16-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын күтүп,
торлорун жайып турушат. “Өз арстанын иттерге талаткан эл чөөлөргө жем болуп
калат”-деген накыл кепти эске алып, чачылганды жыйнай турган, үзүлгөндү улай
турган, алдыга жол баштай турган Өмүрбектей уулду кол башчы кылып алалы.
Качанкыга чейин чарпылып-чачылып, ыйык жерибиздин ырыскысын бийликтеги кыйратуучу
муундагы бир ууч топко кармата беребиз? Адамды сөзүнөн эмес, кызматта турганда
кылган ишинен бааласак кантет, туугандар? Бабанов жаӊы жаратман муундун өкүлү
экенинен чоочулаган кыйраткычтар жеген акырынан айрылып калбайлы деп далбастап
жатышканын байкаган жоксуӊарбы?
Паспорттогу улутубузду көрсөткөн кыргыз деген
“графаны” алып салгандардан жакшылык күтсөк болобу? Кыргыздын паспорттору
экинчи, үчүнчү бала болуп төрөлүп, жарандыгы жок жол салып жүргөн кытайларга
берилбейт деп ким кепил боло алат? Бул маселе келечектеги коопсуздугубузга
коркунуч жаратпайбы? Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеген С.Жээнбеков
шайлоого сарптап жаткан миллиондорду кайдан тапкан? Түйшөлткөн суроолор көп,
жооп жок. Жанагы Карамушкина деген СДПКнын депутаты Жогорку Кеӊештен “орус
тилине да расмий статус бериш керек”- дегенде, ошол партиядан президентикке
чыгып жаткан С.Жээнбеков Бабановго ороӊдогондой ага деле “жакшына бол же чык
эшикке!”-деп койсо, ыраазы болуп калат элек. Ошондо, С.Жээнбеков бийликке эмес,
элге таянат эле.
Мен келечекте Кыргызстандын президенти катары
билимдүү, ар кайсы тармакта такшалган, чечкиндүү, эл аралык мамилелерди мыкты
жайгарган, калыстык менен хандыгын жүргүзгөн Бабановду көргүм келет! Ойлончу,
кыргыз? Дагы 6 жыл күтсөк кеч болуп калып жүрбөсүн? Кыргыздарда “мойнунан
байланган ит ууга жарабайт”-деген накыл кеп бар. Бийликке ишенген талапкерге
эмес, элге ишенген талапкерге добушубузду бербейлиби? Президент болбой жатып
күч колдонуп, мугалим, мамлекеттик кызматта иштегендерди кыйнаган адам эртеӊ
бийликке келсе жыргатмак беле? Ө.Бабанов саясий лидерлерди чыгарган адам экенин
“Бир Бол” партиясынын лидери А.Сулайманов, “Кыргызстан” партиясынын лидери
К.Исаев, “Өнүгүү” партиясынын лидери Б.Төрөбаевдин мисалынан көрсөк болот го.
Бүгүн чечим
кабыл алалы да, 15-декабрда барып, ийгилик чакырган, үмүт жараткан Бабановго
добуш берели! Учурда элибизге упчу эмизип алдап сооротуп кое турган бай эмес,
сыймыктуу өмүр тартуулап, жаркын жол көрсөткөн бек керек! Бизге ушул керек да,
туурабы?
P.S. Алдын ала айтып коюшум
керек, мен Бабановдун штабында иштеген “пиярщиги” же “агитатору” эмесмин.
Ө.Бабанов 2009-жылы биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалганынан 2 ай
өткөндө чөнтөк телефонума чалып, Ак үйдүн 7-кабатындагы өз кабинетине чакырып,
“Улан гезиттен эмнеге кетип калдыӊ? Айлыгы аз болсо, айлыгы көп иш таап берейинби?”-деп
бирге чай ичкенден бери көрө элекмин. Ошондо кызматына чиренбеген анын
жөнөкөйлүгүнө, керек учурда колдоо көрсөтө алган сапатына жогору баа бергем. Иш
сунуштан баш тартканым менен жумушсуз жүргөнүмдө моралдык колдоо көрсөткөнү
үчүн гана ушул кезге чейин абдан ыраазымын.
Улан МАМБЕТОВ, 13.10.2017 жыл.

ЭЛИБИЗГЕ СООРОТУП КОЕ ТУРГАН БАЙ ЭМЕС, ӨМүР БЕРИП, - 859252842877

Комментарии