Комментарии
- 6 мая 2015 10:44саламатсызбы,администрация.Зоб-оорусу тууралуу маалымат бере аласыздарбы?
- 6 мая 2015 11:03Зоб деп, богок безинин көлөмүнүн чоңоюп кеткен оорусун айтабыз. УЗИден бездин структурасына көңүл буруп, анын көлөмүн эсептеп чыгабыз. Нормада аялдардын богок безинин көлөмү 18 куб сантиметр, эркектердики 25 куб сантиметрге чейин болуусу зарыл. Бездин функциясынын бузулганына карап 3 түргө бөлүнөт.
1) Гипофункциялык богок. Мындай учурда гипотиреоз болуп, йоддун жетишпегенинен эндомикалык богок болуп, безде аутоимундук бузулуу болот.
2) Эутиреоздук богок. Бул учурда бездин функциясы нормалдуу эле болот. Айрыкча кош бойлууларда кездешет. Эндемикалык богоктун башталышы катары көрүлөт. Ошондуктан, кош бойлууларга биринчи үч айлыкта йоддун таблеткалары толукталып туруусу зарыл.
3) Гиперфункциялык богок. Мында богок безинин гормондору өтө көп бөлүп чыгарган, тиреотоксикозун айтабыз.
Бездин структурасынын өзгөрүүсүнө карата үчкө бөлүнөт. Биринчиси, бездин көлөмүнүн гана чоңоюп кеткени, экинчиси, бездин аденомасында же рак оорусунда, үчүнчүсү, кистоздук богок. Башкача айтканда, бездин ичинде коллоид сыяктуу суюктуктун топтолуп калган учурунда болот. Ал эми смащанный зобто бездин көлөмү чоңоюп жана кошумча узел болгон учурду айтабыз. Бул базедова оорусунда же бездин шишик оорусунда да кездешет. Мындай учурда организмде иммундук системада аутоиммундук реакциянын күчөгөнүнөн, атайын антителалар канда көбөйүп кетет да, бездин иштөөсүн тездетип жиберет. Без чоңоюп кетет. Муну менен катар бөлүнүү менен без чоңоюп, клеткалардын дифференциясы бузулгандын айынан генетикалык факторлорго, радиацияга, заттардын токсикалык аракетине байланыштуу аденома же бездин шишиги кошулат. Гипертиреоздун белгилери кошула баштайт. Дененин табы 37-38 градуска чейин көтөрүлүп баштайт. Тери ысык, кургак болуп турат. Адамдын арыктаганы байкалат. Канча тамак жесе да, курсак ачкансып тура берет. Колдор титирегенсип, көз чанагынан чыгып, уйку качып, ачуусу тез келгени байкалат. Тез арада эндокринологго кайрылып туруп, врачтын гана көзөмөлү менен атайы дарыларын кабыл алуу керек. Хирургиялык жол менен да дарыланат. - 6 мая 2015 13:40Саламатсыздарбы тендовагинит оорусу жонундо да маалымат берип коюнуздарчы сураныч
- 6 мая 2015 14:03Тендовагинит бул тарамыштардын оорусу . Бул оору оз алдынча куч келгенде пайда болушу мумкун мисалга спортсмендерде же башка бир инфекциялык оорулардын себебинен жабыркашы мумкун .Инфекциялык болсо , туруно жараша даары дармектер менен даарыланат, ириндеп кетсе ачып тазалашат.Ал эми чоюлуп оорутуп жаткан спротсмендерге кобунчо массаж пайдалуу жана ошону менен бирге ысытуучу мазьдар , компресс ,ванналар.
- 6 мая 2015 14:16Рахмат, менин колум ириндеп кетти эле.3 жолу операция кылды, жакшы болбой жатат, хранический тендовагинит деген диагноз койду
- 6 мая 2015 14:31Озунуз деле билсениз керек , улам улам операция жасай бергенде жанындагы булчун эттер некроз , сепцис болуп , кыймылдоо функциясы бузулат. Соокко жеткирбей дайыма таза алып журуп, куч келтирбей кароо керек.
- Комментарий удалён.
- 7 мая 2015 18:19Бул оору тууралуу жана башка аялдардын оорулары , инфекциялык оорулардын кобун СУЙУУДОН СУЙУУ ЖАРАЛАТ - группасына киргизип койгом ошол группага катталыныз!
http://m.ok.ru/dk?st.cmd=altGroupMain&st.groupId=53373323640929&_prevCmd=userAltGroups&tkn=8707 - 21 окт 2015 18:02Salamatsyzdarby maga gaimarit jonyndo maalymat berip koiynyzdar4y,raxmat
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
ӨМҮР БИР КЕЛЕТ
ПНЕВМОНИЯ КОРКУНУЧТУУ ИЛДЕТ!
Суукка катуу урунгандан кийин «сасык тумоолоп калыпмын» деп ооруга көп маани бербей жүрө берип, жыйынтыгында оору адам өмүрүнө коркунуч алып келгенде кайрылган бейтаптарды ар бир оорукананын босогосунан кезиктирүүгө болот. Бул учурда кайрылган бейтаптар өпкөнүн катуу кармаган сезгенүү оорусуна кабылган болот. Бул ооруну медицинада пневмония деп аташат.
Пневмония оорусу
Пневмония - бул өпкөнүн инфекциялык катуу кармаган сезгенүүсү. Пневмонияда эки өпкө тең же өпкөнүн бирөөсү гана сезгенүүсү мүмкүн. Өпкөнүн инфекциялык оорусуна бактериялык вирустар, грибоктор, башка микроорганизмдер алып келет. Мындан тышкары тамеки чегүү, арак ичүү жана суукка катуу урунуп калуу дагы өпкөнүн сезгенишине бирден-бир себепкер болот. Аталган илдетке бардык курактагы адамдар, кары-картаңдар, көбүнчө ымыркайдан тартып өспүрүм курактагы балдар кабылат.
Оорунун алгачкы белгилери
– Жөтөл, тез-тезден cары какырыктын пайда болушу
– Дене табынын көтөрүлүшү (мында температураны түшүрүүчү дарылардын таасири тийбей калат)
– Мурундун бүтүшү
– Дем кыстыгуу
– Энтигүү
– Кан түкүрүү
– Көкүрөк клеткасынын оорушу
– Күндөн-күнгө арыктоо
Оорунун алдын алуу
– Иммунитети начар адамдар күчтүү тамактануулары керек
– Тамеки чегүүнү токтотуу зарыл
– Спорт менен машыгуу, ага мүмкүнчүлүк жок болсо күн сайын дене көнүгүүлөрүн жасоо.
Опко кайсы учурда пневмонияга учурайт?
Биз дем алып жатканда аба мурун көңдөйү, кеңилжээр, көмөкөй кекиртек, бронхалар жана өтө майда тарамдарга бөлүнгөн бронхиолдор аркылуу өтүп турат. Ичке бронхиолдор эң акырында тарамдарга бөлүнгөн баштыкчалар - альвеолалар менен аяктайт. Альвеолаларга жеткенден кийин аба анын беттери аркылуу канга кычкылтекти берет да, дем чыгарганда өпкөдөгү көмүр кычкыл газын сыртка чыгарат. Ушул кызматтардын биринин иши бузулганда өпкө ооруга чалдыгат. Бул учурда дем алуу кыйындап, жыйынтыгында өпкө пневмония оорусу баш болгон ар кандай илдеттерге кабылып калат.
Сасык тумоо өтүшүп кеткенде өпкөнү пневмонияга алып келбейби?
– Албетте, алып келет. Анткени пневмония оорусунун бирден-бир себеби вирустар эмеспи. Сасык тумоодо адамдар жөтөлөт, мурду бүтөт, дене табы көтөрүлөт, а оору өтүшүп кеткенде адамдын жөтөлү күчөп, кан түкүрүп, жыйынтыгында өпкөнүн альвеолаларына суу толо баштайт. Бул пневмониянын белгиси. Оору күчөп кеткенде өпкөгө ириң толуп, кабырга менен өпкөнүн ортосунда аба пайда болуп жана өпкөгө сары суу толуп калат. Бул учурда адам тезинен дарыланбаса, оору адамдын өмүрүн алып кетиши ыктымал. Колдон келсе ооруну өнөкөткө айлантпай, убагында дарылаганга аракет кылуу керек. Оору өнөкөт түрүнө айланса, анда оору кармаган сайын дарылай берип айлаңыз алты кетет.
Ооруну алдын алуу учун иммунитетти которуп , витаминдуу туура тамактанып жана жылыга саамал ичип туруу керек.