БАЛАНЫН ТИШИ ЖАНЫ ЧЫГЫП КЕЛАТКАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

ЖАШ ЭНЕЛЕРГЕ КЕНЕШ!
ТИШ ЖАРУУ
Наристенин алгачкы тиштери чыга баштаган кез бала үчүн да, эне үчүн да өтө түйшүктүү. Тиштин бүйлөсү ооругандыктан, бала күнү-түнү тынчсызданып, шилекейи агып, бир аз дене табы көтөрүлүп, колуна тийген нерсени тиштегилеп, кээде ичи өтүп, ыйлаак да болуп кетет. Мындай учур 6 айдан 9 айга чейинки ымыркайларда кездешет. Кээ бир учурларда жогорудагы белгилердин бири да байкалбай эле тиши чыгып калат. Алгач алдыңкы эки кашка тиши, анан үстүңкүсү, кийинчерээк анын жанындагы тиштер болуп отуруп, бир жашка чыкканча балага 6-8 тиш чыгышы керек.
ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР
Эгер баланын тиштери экиден эмес бирден чыгып, кыйшык, анан да бир тиш чыккандан кийин көпкө чейин экинчи тиши чыкпаса, рахит оорусуна чалдыккандыгынан кабар берет.
6 айдан кийин баланын тиши чыгар маалда упчу бербей эле койгон оң, тиштери түз чыгат.
Балаңыздын тиши чыгып жаткан учурда бүйлөсү кычышкандыктан, бардык нерсени оозуна салып тиштегилей берип оозул болуп калышы же бир нерсени жутуп, какап калышы мүмкүн экенин унутпаңыз.
Азыркы күндө тиш жарып жатканда бүйлөсүн оорутпаш үчүн атайын гелдер бар. Бирок бир күндө 5тен ашык жолу сүртпөш керек. Гелди эмизердин алдында сүртүүгө болбойт.
Бал менен бүйлөсүн сүртүп туруу керек.
Тиши чыгар маалда тиштегилөөчү оюнчуктарын муздаткычка муздатып берип турсаңыз, бүйлөнүн оорусун басат.
Тиш жаруу учурунда ич өтсө, заңы ыйлаакчага окшоп же кан аралаш болбойт. Анан да эстен тануу, ич ооруу, баш айланып кусуу дегендер болбойт. Эгер мындай белгилер болсо, ич өтүүнүн тиш жарууга тиешеси жок.

БАЛАНЫН ТИШИ ЖАНЫ ЧЫГЫП КЕЛАТКАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК? - 851227644001
БАЛАНЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ 39 дан ашып кетсе эмне кыласыз?
Даары-дармек берем
61369%
Чечиндирип арак шыбайм
748%
Дароо тез жардамга чалам
18120%
Бала ырымдагандарга алып барам
203%

Комментарии

  • 30 янв 2017 18:58
    Кызымды эмгизгенде башы тердечу свежий балыктын сорпосун ичиргенден кийин тердебей калды бир эже айткан эле
  • 30 янв 2017 19:06
    Менин балам 9 айлык болду 1 тиши чыкты неге кечигип жатат екен
  • 30 янв 2017 19:34
    Стоматит деген оору болушу мумкун
  • 30 янв 2017 20:39
  • 31 янв 2017 07:35
    Дедский врачынарга алып баргыла ал бала айталбаса мумкун озу даари жазып берер. Ар айда барып турасынарбы
  • 31 янв 2017 07:36
    Бирок акам баласына да 1 жашка толгондо 2 тиши чыгып астына азыр катар катар чыгып ж.т эч кандай даари бербеди женем
  • 31 янв 2017 09:25
    менин балам 1.5 жаш 4эле тиши бар башка тиш чыкпай жатат ал м.н тендер 10 тиши бар экен эмнеден болушу мумкун
  • 31 янв 2017 10:28
    Денесине кызыл будурлор чыкпайбы? Менин кызыма будурлор чыга берип эч нерсе калтыра албады. Укол,дары,кальций баарын кылдырдым. Кыргызчылык да кылдыргам. Ипардин биокальцийин ичирип будур да чыкпай калды. Тиши болсо бир бирден чыгып жатат.
  • 31 янв 2017 11:19
    
  • 31 янв 2017 13:09
    Кызынызгы свежий бозо бериниз 3,4 чай кашыгы менен ал табитин ачат,эртен менен ач карын бал бериниз 1 чай кашык жана балга мейиз, как орук, жангак, кара орук, как курма аралаштырып берсениз имунитетин которуп, коп оорудан сактайт.
  • 31 янв 2017 19:25
    жоок денесине эч нерсе чыкпады кызыныз канча жаш канча тиш чыкты
  • 31 янв 2017 21:34
    Тиш чыга турган орду катту болуп  билинет. Азыр ошондой баарына эле кеч чыгып ж.т экен.
  • 8 фев 2017 16:58
    Ошол будур неден чыгат экен менин кызыма да будур чыгып жатат аркасына ичине
  • 28 авг 2017 08:22
    Саламатсыздарбы менин кызым 9айлык болуп калды тиш жок емне кылсам болот
  • 11 янв 2018 21:11
    Менин кызым 9 айлык 8 тиши бар. 5 айынан эле тиш жарып баштайт менин балдарымдыкы.
  • 8 мая 2018 09:02
    Менин кыздарым 10 айлык болду 1 еле тиш чыкты  емне кылуу керек  чон балдырымдын тиштери 5 6 айлыкта чыкчуу еле же егиздер слабый болобу
  • 22 мая 2018 12:08
    Саламатсыздарбы биринчи үстүнкү тиши чыгышы мүмкүнбу.
  • 26 апр 2021 13:39
    Камистат
  • 26 апр 2021 13:39
    Деген гел
  • 26 апр 2021 13:40
    Д кальций бериш керек
  • 18 мая 2022 15:39
  • 2 авг 2023 13:40
    Менин кызым9 ай болуп калды тиш жок не себептен