КАРЫН ЭНЕ (СУРРАГАТ) КЫЗМАТЫ КАНЧА ТУРАТ?

Акыркы жылдары дүйнө жүзүндө аял өзүнүн каалоосу менен башка бирөөнүн биологиялык баласын боюна көтөрүп төрөп берген кызмат пайда болду. Ал кызматтын атын суррогат же жалданма эне, айрымдары карын эне деп атап келет. Жалданма эне кызматы жасалма жол менен уруктандыруу аркылуу жүрөт. Эмесе карын эне тууралуу кенен маалымат төмөндө.
Ден соолугу жол бербесе же аял тукумсуз деп аныкталган учурда клиника тарабынан суррогат эне сунушталат. Аялы менен күйөөсү кеңешип карын энени жалдайт да, ал экөөнүн уругу башка үчүнчү аялдын жатынына салынат.
Жалданма энени бала төрөй албаган, төрөөгө дарыгерлер тарабынан тыюу салынган жалгыз бой аял же эркектер жана балалуу боло албаган жаш үй-бүлөлөр жалдашат. Алгач алар суррогат эне менен юридикалык келишим түзүп, андан кийин жалданма эненин жатынына түйүлдүктү анын уруксаты менен салдырышат.
1.Жасалма жол менен бойго бүтүрүүдө алгач генетикалык жактан эне бактысына ээ болуучу (буйрутма берген) аялдын урук клеткасынын жетилүүсү үчүн ага дары берилет.
2.Аялдын урук клеткасы жетилгенден кийин аны атайын ийненин жардамы менен алып чыгат.
3.Аялдын урук клеткасы алынып жатканда генетикалык жактан ата болуучу адам (буйрутма берген ата) дагы спермасын тапшырат.
4.Дарыгер-репродуктолог аял менен эркектин уругун пробиркада түйүлдүккө айлантып, аны 3-5 күнгө чейин көзөмөлгө алып карап турат.
5.Түйүлдүккө айланган урукту суррогат эненин жатынына салат. Мындай ыкмада суррогат эненин тукум клеткасын алууга тыюу салынган.
6.Эки жумадан кийин суррогат эне кош бойлуулукту аныктоочу текшерүүдөн өтөт. Эгер кош бойлуулук аныкталса, анда калганы кадимки эле кош кабаттуулуктан эч кандай айырмасы болбойт. Пробиркада пайда болгон түйүлдүктү карын эне 9 ай бою боюна көтөрүп, жарык дүйнөгө алып келип берет. Жалданма энеден төрөлгөн бала юридикалык жактан генетикалык ата - энесине гана тиешелүү болот.
Бул кызмат илимий түрдө дүйнө жүзүндө биринчи жолу АКШнын Иллинойс штатында ачылган. Анда 37 жаштагы Элизабет Кейн суррогат эне болгон. Ал 1980-жылы байлыгы ашып-ташкан бир айымдын баласын жасалма жол менен боюна көтөргөн. Бул көрүнүш акырындык менен дүйнө жүзүнө тарап, Орусияда карын эне кызматы 1995-жылы башталса, Кыргызстанда бир гана Асымбекованын клиникасында 2005-жылдан
бери иштеп келет.
Суррогат эненин курсагындагы бала төрөлөргө жакын анын генетикалык ата-энесине мыйзамдуу баласы деп документ даярдала баштайт.
ЭКУнун (Экстракорпоралдык уруктандыруу) бир программасынын баасы 3000$ ойдо
Донордук сперманын баасы - 150 доллар
Карын эне кызматынын баасы - 5 миңден 15 миң долларга чейин. Жалданма эненин көрсөткөн кызматы эки тараптын келишимине жараша чечилет.
Суррогат эне кандай жолдор менен тандалат?
Арзанга турбаган карын эне кызматын жалдоодо мыйзамда анын сулуулугу башкы ролду ойнобойт. Жалданма эне төмөнкү талаптарга жооп бериши шарт:
1. Физикалык жана психикалык жактан ден соолугу чың аялзаты болуш керек;
2. Жаш курагы 20-35 жашка чейин болуусу зарыл;
3. Ден соолугу чың бир баланын энеси болушу керек. Төрөгөн баласы физикалык жана психикалык жактан таза болушу абзел;
4. Аялдын жатынына мурда спираль салынбашы керек. Мындан тышкары карын эне болгонго чейин эч кандай боюнан түшүп же аборт жасатып, мөөнөтүнөн эрте же операция жолу менен төрөбөгөн болушу зарыл;
5. Карын эне болуучу аял алгач терапевт, гинеколог баш болгон бир топ дарыгердин текшерүүсүнөн өтөт. Жалданма эне эч кандай жугуштуу оорулар менен оорубаган болушу керек.
Гүлнара Асымбекова, "Асымбекова клиникасынын" мүдүрү:
"Карын эне болом деп кайрылгандардын көпчүлүгү социалдык турмушу начар кыз-келиндер"
- Аялдардын тукумсуз болушунун себеби эмнеде? Эмне үчүн жалданма энелердин кызматына муктаж болуп жатышат?
- Азыр кээ бир аялдарда төрөттөн кийин көп кан кетип калып жатат. Ушундай кырдаалда канды токтотуп, аялдын өмүрүн сактап калуу үчүн ж
атынын алып салган учурлар кездешет. Жатынынан ажыраган аялдар кийин балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Тукумсуздуктун ушул түрү менен жабыркагандар жалданма эне кызматына көп муктаж болуп жатышат.
- Жалданма энени клиника өзү тандайбы?
- Жок, биз тандабайбыз. Себеби дүйнө жүзүндө бул жаатта көп ызы-чуу чыгып жүрөт. Мага мындай чыр-чатактын кереги жок. Мына ушундай чыр чыкпасы үчүн биз эки тараптын келишими нотариус аркылуу чечилгенден кийин гана иштешебиз. Биздин клиникага төрөөгө мүмкүнчүлүгү болбогон энелер карын энени өздөрү таап алып келишет.
- Карын эне кызматын көрсөткөндөрдүн көпчүлүгү социалдык турмушун жакшыртууну көздөгөндөр деп айтып келишет. Бул канчалык деңгээлде чындыкка дал келет?
- Карын эне болом деп кайрылгандардын көпчүлүгү чыны менен социалдык турмушу начар же ар кандай кыйынчылыктарга туш келген кыз-келиндер.
- Жалданма энелер баласын жарык дүйнөгө алып келгенче сиздердин карооңуздарда болобу?
- Ал биздин кардарлардын каалоосуна жараша. Эгер алар 9 айга чейин биздин көзөмөлдө болобуз дешсе, анда ал келишимге киргизилет да биз 9 айга чейин карап, төрөтүп беребиз. Андан аркы кадам эки тараптын башындагы келишимине жараша уланып кете берет.
- 9 ай бою боюна көтөргөн жалданма энелердин тукум кууган оорулары болсо балага өтпөйбү?
- Жок, балага өтпөйт. Карын эне болгону өзүнүн жатынын ижарага берип,төрөп эле бергени болбосо анын тукум куума оорулары эч кандай балага таасирин тийгизбейт.

КАРЫН ЭНЕ (СУРРАГАТ) КЫЗМАТЫ КАНЧА ТУРАТ? - 852366259041

Комментарии

  • 5 мар 2017 21:06
    Тооба заман эмне болуп баратат
  • 6 мар 2017 06:43
    :-( *)
  • 6 мар 2017 09:12
    Туууру
  • 6 мар 2017 11:37
    Баланы жараткан аллахх  кана  берет. Мындай  иш  аллаххка  каршы  чыккан  болуп  калат.  Аллаххым  озун  кечирекор.
  • 10 мар 2017 19:32
    Ал байкуштарда жөндөн-жөн эле кылдыра бербейт да мындай аябай оор процессти
  • 10 мар 2017 19:33
    Же аялы төрө албайт,толтура мисалдар көп.Ошон үчүн тооба кылдым деп жазгыла.Эгер ден соолугуң мүмкүнчүлүк берсе,кандай гана бакыт бала төрөө.
  • 25 мар 2017 23:07
    Асымбекова клиникасы кайсы жерде адресин жазып койсонор .рахмат алдын ала