Комментарии
- 28 ноя 2017 12:05жамиля мадаминова (замужем)арбируйбулого бакыт каалайм
- 28 ноя 2017 19:48Nusi AhmatjanovnaОоба ар бир уй булоого ыйман,сый бере кор.
- 29 ноя 2017 19:01нургул каракееваБардык аял затына аялдык аруу таза сезим жана бакыт болсун
- 29 ноя 2017 19:40нургул каракееваБардык аял затына аялдык аруу таза сезим жана бакыт болсун
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG
~АЯЛДЫН ЖАКШЫСЫ-ЭРКЕКТИН БАКТЫСЫ~
=========================
Турмушта ар-кандай окуялар болот. Кээде эрди-катын урушуп калганда казан-табак кагылышып калат, анда аялы күйөөсүнө таарынып, бир аз убакыттан кийин кайра эле таарынычы тарап, жарашып кала берчү кызык жашоо. Бирок, үй-бүлөлүк чыр-чатак эч качан эшиктин босогосунан ары чыкпаш керек, "аялдын жакшысы, эркектин бактысы"- деген, сөз бекеринен айтылбаса керек. Күнүмдүк турмушта болгон төмөнкү окуя, бул сөздүн чын экендигин дагы бир жолу далилдейт.
Күйөөсү менен аялынын арасын шайтан аралап бир аз чатакташып калат, аял алсыздыгын кылып ыйлап жиберет. Ошол кезде, кызыбызды зыярат кылып кетели деп аялдын ата-энеси эшикти кагып кирип келет. Көз жашын төгүп ыйлап жаткан кызын көрүп: "Кызым сага эмне болду?" – деп сурайт. Акылдуу аял: "Силерди эстеп, сагынычым койнума батпай, силерди бир көрүп келсем экен деп отургам, Аллага шүгүр өзүңөр келип калдыңар" – дейт. Экөөсүнүн ортосундагы маселени ата-энесине айтпай, ыйлаганынын себебин да башкача түшүндүрүп, үй-бүлөнүн тынчтыгын сактап калган аялынын сөздөрүн, күйөөсү тыңшап турган эле. Үй-бүлөнүн сырын сактап калган аялы көзүнө мурдагыдан да сулуу көрүнүп, ага болгон сүйүүсү, сый-урматы ого бетер ашып, анын кемчилигин кечирген экен.....
Кудай Таалам кыздарыбызга, келиндерибизге аруулукту, такыбалыкты, уяттуулукту ыроолосун. Ар-бир үй бүлөгө тынчтык, ынтымак, ырыс тартуууласын. Эч качан эч кимдин очогу бузулбасын, эч кимдин балдары-кыздары ыйлабасын, сыздабасын. Аллахым эч кимибизди жакшылыктарынан айырбасын!
Абдишүкүр ажы Нарматов https://ok.ru/min.kenesh