Банан беттеги бырыштарды кетирет

Жашылча-жемиштерди жаңы кезинде жеген организмге пайдалуу экенин көпчүлүк билет. Ошондой эле, азыктандыруучу заттардын жана витаминдердин негизги бөлүгү жемиштердин кабыгында жана этинде экенин билебиз. Организмге кандай пайдалуу болсо, бул жашылча-жемиштер маска же скраб түрүндө беттин териси үчүн да таасирдүү болуп саналат.

Банан беттеги бырыштарды кетирет  - 864451305931
Үй шартында даярдалган жемиш маскаларынын негизги артыкчылыгы - алар жасалма жана химиялык кошулмаларсыз, териге зыян консерванттары жок экенинде. Дагы бир өзгөчөлүгү – мындай натыйжалуу кымбат кам көрүүгө көп чыгым болуунун кереги жок.

Жемиш маскалары беттин терисинде кан айланууну жакшыртып, нымдандырат. Айрыкча, сиздин бетиңизге туура келген жашылча же жемишти тандасаңыз натыйжасы кубандырбай койбойт.
Банан беттеги бырыштарды кетирет  - 864451306443
Лимон маскасы

Бул кычкыл жана ширелүү жемиш С витаминине бай. Лимон кычкылы жана башка пайдалуу ингредиенттер теринин жакшыруусуна кепилдик берет. Лимон кычкылы беттеги кеңейген майда тешикчелерди тартып, безетки, сепкил жана тактарды кетирүүгө жардам берет.

Масканын курамы: 2 чоң кашык ун, лимон ширеси, жумуртканын агы. Бардыгын аралаштырып, келип чыккан боткону бетиңизге, моюнуңузга текши сүйкөңүз. 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп коесуз. Маскадан кийин нымдандыруучу бет май сүйкөп коюуга болот.
Банан беттеги бырыштарды кетирет  - 864451305675
Киви маскасы

С, А, Е витаминдерине жана лимон кычкылына бай бул жемишти бетке маска катары колдонууда жашартуу, майда тешикчелерди тартуу, теринин бетиндеги ашык майды азайтуу натыйжаларына жетүүгө болот.

Курамы: 1 жумуртканын сарысы, 1 чоң кашык кивинин ширеси, 1 чоң кашык олив майы. Буларды аралаштырып, аралашманы бетке жана моюнга сүйкөп, 15 мүнөттөн соң, бетти тазалап коюу керек.
Банан беттеги бырыштарды кетирет  - 864451305419
Шабдалы маскасы

Шабдалынын маскасы беттеги майда тешиктерди тазалап, бырыштарды азайтууга жардам берет.

Курамы: шабдалыдан пюре жасап, ага жарымындай сулу акшагын кошобуз. Аралашманы 20-30 мүнөт беттин терисине калтырып, андан соң жылуу суу менен жууп коюу керек. Сулу акшагы терини жандандырып, нымдандыруучу сапатка ээ.
Банан беттеги бырыштарды кетирет  - 864451306699
Банан маскасы

Бананда А, В, С, Е витаминдери жана калий бар. Анын негизинде жасалган маскалар терини тазалайт. Ошондой эле, банан маскасы көздүн айланасындагы бырыштарды азайтууга жакшы каражат болуп саналат.

Курамы: Бананды эзип, 2 чоң кашык бал жана 4 чоң кашык камкаймак (майлуу тери үчүн 2 чоң кашык лимон же апельсин ширесин жана 2 чоң кашык камкаймак) кошуп аралаштырабыз. Аралашманы бетке сүйкөп 15 мүнөткө коебуз. Соңунда жылуу менен чайкап коюу керек.
Банан беттеги бырыштарды кетирет  - 864451307211
Кулпунай (клубника) маскасы

Кулпунайда салицил кычкылы бар. Ал терини өлгөн клеткалардан тазалап, нымдуулукту жакшы сиңирүүнү шарттайт. Кулпунай агартуучу касиетке ээ.

Курамы: ½ стакан клубниканы эзип, ага ¼ стакан жүгөрү крахмалын кошуп эзебиз. Аралашманы бетке сүйкөп, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салуу керек.
https://ok.ru/min.kenesh



www.kabar.kg

Комментарии

Комментариев нет.