Кайда жүр деп ата-энемди сөкпөңүз,

Кар үстүндө тамак издеп кеткен из.
Жер бетинен жайлуу орун таба албай,
Түн ортосу учуп кеттик көккө биз!
Биз эми мектеп, бала бакчага барбайбыз,
Эми дептер, сумка сатып албайбыз,
Эми бизге берсеңер да хан сарай,
Ичин чачып, ойноп, тополоң салбайбыз!
Ошентип биз айрылдык жаш жаныбыздан,
Өмүрүбүз тар бөлмөдө башталган.
Бардык бала бактылуу өмүр сүрсүнчү,
Биз аларды көзөмөлдөйбүз асмандан!
Жаныңызда болсун дайым апаңыз,
Атакеңиз болсун дайым паанаңыз,
Бул өмүрдөн батир көрбөй кетсек да,
Бейиште биз укмуш сарай салабыз!
Эми аяздан эч бир наристе тоңбосун,
Жоогазын гүл ачпай жатып соолбосун,
Урпагыңдын жарык болуп маңдайы,
Мекенимде эч жамандык болбосун!!! Кеңшілік Тышқанұлы
Которгон: Б.Дүйшөбаева

Кайда жүр деп ата-энемди сөкпөңүз, - 875434111590

Комментарии