СУРОО -ЖООП?

Суроо: Үйлөнгөнүбүзгө аз эле болду. Келинчегим: "Бат бүтүрөсүң, мен кана электе эле..." дейт. Деги, жыныстык катнаш канча мүнөт болсо нормалдуу?
Жооп: Жыныстык катнашты убакыт менен ченөө болбойт. Кээ бирөө үч-төрт мүнөттө бүтүрсө, кээси жарым саатка чейин созулушу мүмкүн. Кеп узакка созулган катнашта эмес, эркек аялзатын үч мүнөттө деле кандырууну билиш керек. Демек, эркек "кошулууга" өтөөрдөн мурун түгөйүн сылап-сыйпап, дене-боюн дүүлүктүрүп "даярдап" алып гана "кошулууга" өтсө, керек болсо аялзаты эркек "бүтө электе" -үч-төрт мүнөттө эле канып калат.
Суроо :Жалаң эле презерватив менен "болуу" тажатып да жиберет экен. Ошондуктан табигый кошулгубуз келет. Укканыбызга караганда "табигый кошулууда" лимондон бойго бутпойт дейт. Ушул туурабы?
Жооп: Жыныстык катнаштын алдында аялзаты лимондун бир тилимин жан жерге салып коёт. Ал жатындагы кислоталык кычкылдуулукту алмаштырат. Демек, мындай учурда урук клеткасы жатынга өтө албай, өлүп жок болот. Бирок, жүз пайыз кепилдик берүү да кыйын. Себеби, бир миллион уруктук клеткадан бирөө эле кирип кетсе бойго бүтүп калышы мүмкүн.
Суроо: Жыныстык кошулуудан кийин ысык грелканы табарсыкка басса бойго бүтпөйт деген чынбы?
Жооп: Ичке, табарсыкка ысык суу куюлган грелканы басууга болбойт. Себеби, андайда аялзаты гинекологиялык (миома сыяктуу) ооруга кабылышы мүмкүн.

СУРОО -ЖООП? - 805320762465

Комментарии